Жатындын кургак учугу

Кургак учук дегенде көбүнчө өпкөнүн кургак учугун түшүнөбүз. Сөөктүн, аялдардын жыныс органынын кургак учугу да бар экендигин көпчүлүк этибарга ала бербейт. Мына ошолордун ичинен жатындын кургак учугу деген эмне, эмнеден улам пайда болот, кантип айыктырууга болот, кеңири токтолобуз.

Жатындын кургак учугу - аялдардын жыныстык системасында кургак учуктун микобактериясы пайда болуп жана ал жерде инфекциялык процесстин өнүгүшүнүн жыйынтыгында келип чыккан оору. Кургак учуктун бул түрү көбүнчө жатын түтүктөрүн, аналык безди, жатын моюнчасын жана жатындын өзүн жабыркатат. Жатындын кургак учугу чанда кездешет жана өтүшүп кеткен процесстин белгиси болуп эсептелинет. Мында инфекция ички жолдор аркылуу, башкача айтканда, жатын түтүктөрү, жатын аркылуу таркайт. Бул оору менен көбүнчө 20-40 жаштагы айымдар оорушат. Бирок өспүрүм куракта жана өткөөл куракта да кездешпей койбойт.

 

Оорунун белгилери:

Бойго бүтпөө;

Айыз циклинин бузулушу, айыз келген убакта ооруксунтуу;

Айыз келген убакта жана айыз мезгилдеринин аралыгында жатындан көп кан кетүү;

Ичтин ылдый жагынын чыдатпай ооруусу;

Бат чарчоо, түнкүсүн тердөө, табиттин жоголушу, арыктоо.

 

Оорунун себептери:

Кургак учуктун таякчасы (микобактерия) көбүнчө өпкө, ичегиден кан, лимфа суюктуктары аркылуу же жакын жайгашкан органдардан жыныс органга барат.

Бул жерде төмөнкү факторлордун натыйжасында күчөйт:

Иммунитеттин төмөндүгү;

Толук кандуу тамактанбоо;

Кургак учук менен ооруган адам менен жакын байланышта болуу;

Жыныстык системадагы өнөкөт оорулар (эндометрит, сезгенүү ж. б.)

Мурда кургак учуктун башка түрү менен оору;

Айыз циклинин бузулушу (өз убагында келбөөсү, ооруксунтуп келүү, көп кан кетүү);

Гормоналдык бузулуу;

Бойдон көп алдыруу

 

Оорунун алдын алуу

Тамеки тартуу, алкоголдук ичимдиктерди ичүү сыяктуу зыяндуу адаттардан арылуу керек;

Организмди чыңдоо зарыл;

Толук кандуу тамактануу шарт;

Активдүү жашоо образын түзүү керек;

Толук кандуу эс алуу зарыл;

Заара жолдорундагы инфекциялык ооруларды (вульвовагинит, цервицит, эндометрит, цистит) убагында дарылоо шарт;

Төрөлгөндө жана 7, 12, 17 жаштарда кургак учукка каршы эмдөөнү алуу керек;

Манту же рентгенография аркылуу кургак учуктун бар же жок экендигин эрте аныктап, эгер белгилери бар болсо, дароо дарылоо курсун баштоо зарыл;

Гинекологдун текшерүүсүнөн жылына жок дегенде 2 жолу өтүү шарт.

 

Усубалиева Элнура Усенбековна, фтизиогинеколог: “Жатындын кургак учугун убагында дарылабоо тукумсуздукка алып келет”

– Элнура айым, жатындын кургак учугу кургак учуктун башка түрлөрүнөн эмнеси менен айырмаланат?

– Жатындын кургак учугу кургак учуктун башка түрлөрү сыяктуу эле жугуштуу болуп эсептелинет. Бирок жыныстык жол менен жукпайт, дем алуу жолдору аркылуу, аба аркылуу жугат. Кургак учуктун башка түрлөрүнөн айырмачылыгы – мисалы, өпкөнүн кургак учугунда өпкөгө суу толсо, мында жатынга суу толбойт. Жатын, жатындын түтүктөрү, аналдык бези ооруйт. Кээ бир айымдардын ичи шишип кетет. Мында жатындын ичине эмес, сыртына суу толушу мүмкүн.

– Учурда өспүрүм курактагы кыздар да ооруп жатышат, буга эмне себеп болот?

– Бул куракта кыздар жыныстык жактан өсүп жетилет. Этек кирдин келиши, гормоналдык бузулуу, айыз циклинин бузулушу сыяктуу өзгөрүүлөргө дуушар болот. Мына ошондон баштап оорунун белгилери билине баштайт. Ага чейин алар жыныстык өзгөрүүгө кабылбагандыктан оорунун белгилери көп билинбейт. Ошондуктан айрым кыздар өспүрүм куракта да жатындын кургак учугу менен оорушат.

– Жатындын кургак учугун кантип аныктайсыздар?

– Бул дартты аныктоо бир топ кыйынчылыкты жаратат. Анткени мунун белгилери башка гинекологиялык ооруларга да окшошуп кетет. Ошондуктан жатындын кургак учугу башка хирургиялык же гинекологиялык ооруларды текшерүүдө белгилүү болот.

– Дарылангандан соң толук айыгып кете алышабы?

– Ооба, дарылоо курсун толук бүткөндөн кийин айыгып кетиши мүмкүн. Бирок кийинчерээк оорунун белгилери кайра пайда боло берет.

– Кийин төрөй алышабы? Эгер төрөсө, түйүлдүккө зыяны тийбейби?

– Дарылангандан соң бул дарт менен ооруган айымдардын канча бир пайызы бала төрөө мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алышат. Бирок дарылоо курсу бүткөндөн үч жыл өткөндөн кийин төрөөгө уруксат берилет. Эгер аял боюнда бар кезде жатындын кургак учугу менен ооруса, анда колдонулган дары-дармектердин таасири балага тийбей койбойт.

– Дарылабай койсо эмне болот?

– Бул оору абдан олуттуу оору болгондуктан кылдат мамиле кылуу керек. Ооруну дарылабай жүрө берсе өтүшүп кетип аялдын ден соолугуна чоң зыян келтирет. Жатындын сырткы чели ириңдеп, ал ириң жакын жайгашкан башка органдарга таркап кетет. Жатын көңдөйүндө спайкалар пайда болуп, өнөкөт ооруга айланып кетет. Натыйжада аял төрөй албай калат.

 

Шааркан Абдуллаева