Аранжировканын «атасы» Эрик КАДЫРБАЕВ

 

Эрик Кадырбаев кыргыздын улуттук музыкасын, ырларын эстрадалык үлгүдө алгачкылардан болуп иштеп чыгып көптөгөн обондуу ырлардын автору болгон. Эл аралык фестивалдар аркылуу кыргыздын бир нече ырчысын коңшулаш мамлекеттерге тааныткан. Кыргыз рух казынасынын шедеври “Чолпон” балетинин сюжетин заманбапташтырып “Махабат жылдызы” мюзиклин жараткан белгилүү композитор, аранжировщик болгон. Шум ажал анын кылган эмгегине, кырчындай жашына карабай арабыздан алып кеткенине бир нече жылдын жүзү болду. 39 жылдык өмүрүндө кыргыз эстрадасына кошкон анын салымы тууралуу жубайы, чыгармачылыктагы достору эскеришти.

 

 

 

Райхан Бейшеналиева, композитор: «Биздин артисттердин эл аралык деңгээлге чыгуусуна Эрик Кадырбаевдин эмгеги зор»

- Жолдошуңуз Эрик Кадырбаевдин каза болгонуна канча убакыт болуп калды?

– Эрик 2009-жылдын 9-апрелинде дүйнөдөн өткөн, быйыл 7 жыл болду. Канча убакыт бирге жашаган адамыңды, балдарыңдын атасын жоготуш оңойго турбайт экен. 2001-жылы атам дүйнөдөн өткөндө аны жоготуу ушунчалык оор болгонун апамчалык сезбептирмин. Апамдын абалын Эрикти жоготконумда гана сездим. Андан улам депрессияга кабылдым, үч ай сулайып жаттым. Андан кийин баш көтөрүп мектеп, университетте иштеп алаксып аттым. Эгерде мен жумушум жок, үйдө олтурган адам болсом, жашоом кандай уланмак, билбейм. Ичимдеги бугумду жумуштан, музыкадан чыгарып алчумун.

– Дүйнөдөн эрте кеткенине эмне себеп болду?

– Оору деген айтып келбейт экен, Эрик күтүүсүздөн ооруп калды. Чынын айтсам, анын ооруган учурун эстөө мен үчүн оор. Ал өпкө оорусуна чалдыгыптыр, тоготпой жүрүп болор-болбос нерседен анысы өтүшүп кетиптир. Ошол учурда жакшылап дарыланганында эле айыгып кетмек беле. Убакытты өткөрүп жибериптирбиз, кенебестигибиз болуп калды. Үч жыл ооруду, дарыгерден-дарыгерге барып жүрүп даба тапкан жок. Акыркы айлары телефонун мага берип: «Бирөө чалса өзүң жооп бер, мен эч ким менен сүйлөшкүм, эч ким менен көрүшкүм келбейт», - деп өзүн-өзү чектеп салган.

– Музыка да жазбай калды беле?

– Ооруганына карабай чыгармачылыгын улантып атты. Көзү өтөрдө Насыр Давлесовдун 80 жылдыгы болуп калып «Аста-секин, колукту» опереттасын эстрадалык үлгүдө жаңыча нукта кайрадан иштеп чыккан. Ал үйдө олтуруп иштеп берсе, мен студияга алып барып даярдатып келчүмүн. Биздин бир жаатта иштегенибиздин пайдасы болду, колдоо көрсөтүп турдум. Эриктин достору өздөрүнүн ишине карабай мени автоунаалары менен студияга ташып баарыбыз кыйын учурду өткөрдүк.

– Артында канча баласы калды?

– Эрик экөөбүз эки балалуу болгонбуз. Ал каза болгондо уулубуз Нурсултан 18, кызыбыз Арууке 4 жашта болчу. Учурда балдарым чоңоюп калышты. Уулум үйлөнүп мени неберелүү кылды.

– Жолдошуңуздун китебин өзүңүздүн демилгеңиз менен чыгардыңызбы?

– Ооба, Эрик элдин эсинде калсын, эмгектерине кеч болсо да баа берилсе экен деген максатта китебин чыгардым. Буюрса, 30-майда Кыргыз драма театрында Эрикти эскерүү кечеси,  "Мейкиндикке айланган өмүр" аттуу менин китебимди бет ачаар аземи өтөт. Ал жерге Эриктин чыгармаларын аткарган бардык чыгармачыл адамдар келишет. Мектепте окуп жүргөнүндө эле эстрадалык музыкага абдан кызыкчу экен. Токтогул районунда “Жаш кыял” деген тобу бар болчу. Кийин Искусство институтунун оркестр бөлүмүнөн билим алган. Ошол учурда эле эл аралык конкурстарга абдан кызыкчу. Биздин ырчыларыбыздын көпчүлүгүн конкурстарга алып барды. Ошол учурда Маданият министринин кызматын Эрик эле аткарчу болушу керек. Чыгармачыл адамдардын жогорку деңгээлге чыгышына эл аралык конкурстар жакшы жардам берет. Аны Эрик туя билген, жыл сайын алып барчу.

– Демек, ырчылардын чыгармачылыгына бир топ эле салым кошчу турбайбы?

– Ооба, көп сынактарга Гүлнурду алып барды, ошондой эле Айчүрөк, Асел, Гүлнараларды алып барды. Эриктин эң акыркы ийгилиги болгон конкурска Гүлзинат Суранчиева барган. Биз даярдап аткан Асема Оморова деген кыз сынактан бошобой калгандыктан Гүлзинатты алып барган. Ал конкурс ырчыларга эмес, композиторлорго арналган “Эң мыкты ыр” деген болчу. Эрик биринчи орунду жеңип алган. Бул жакка келгенден кийин Гүлзинат Эриктин ооруп турганын көрүп турганы менен конкурстан ал жеңишке жетип келгенин айтып өз атына пайдаланып кеткен. Ал нерсе Эрикке оор тийген. Өзү алдым-жуттуму жок, жоош, жапакеч, аяр мамиле кылган, кең пейил адам болчу, аны айрымдар ушуга окшоп пайдаланып кетишчү.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Гүлнур Сатылганова: “Миң доллар сыйлык утуп алып абдан кубанганбыз”

– Эрик Кадырбаев экөөбүз студенттик кезден чыгармачылыгыбызды чогуу баштап 20 жыл бирге иштедик. Менин эң алгачкы “Туулган жерди сагынуу”, “Булуттар”, “Кызгалдак гүлүм ай” деген ырларыма Эрик аранжировка жазган. Мындан башка да көп ырларымдын автору жана аранжировкасын жасаган Эрик болчу. Кесибин абдан сүйгөн инсан эле. Экөөбүз эл аралык конкурстарга көп барчубуз. Бир жолу Белоруссияга “Славян базары” конкурсуна бармак болуп калдык. Эптеп бара турган жолубузга акча таап кеткенбиз, кайра келгенге жок болчу. Барганы барып алып кетишибизди ойлоп коркуп атабыз. Казакстандан барган конкурсанттардан карызга акча сурасакпы деп коёбуз. Анан финал болгондо Кудай жалгап миң доллар сыйлык утуп алып абдан кубанганбыз. Казак конкурсанттардын акчасы жок экен да, кайра алар бизден сурап жүрүшөт.

Асел Турдалиева: «Эрик Украинанын, мен Орусиянын аймагында калганбыз»

– Эрик абдан оор басырыктуу, көп ойлонгон, эмоциясын ичине каткан адам болчу. Дүйнөдөн эрте өткөнүнө баарын ичине катканы да себеп болдубу деп калам. Бир жолу экөөбүз Украинага конкурска барып калдык. Паспортумда бир көйгөй бар болгондуктан мени депортация кылып жиберишти. Экөөбүз чек арада турабыз, Эрик Украинанын, мен Орусиянын аймагындабыз. Конкурс эки күндөн кийин башталмак. Анан экөөбүз эң акыркы акчабызга билет алып кайра Москвага учтук. Мен шолоктоп ыйлап алгам, Эрик эч нерсени билдирбейт. “Эмне унчукпайсың, сен деле ыйлабайсыңбы?” - деп коём ага. Ошол токтоолугу менен Москвага келип баарын ордуна келтирип, кайра конкурска жетишип барганбыз.

 

Гүлнара Тойгонбаева: “Бир сыйра кийимимди алардын үйүнө алпарып койчумун”

– Жаркылдаган, мээнеткеч досубуз эле. Электрондук аранжировканы биринчилерден болуп баштаган Эрик болду. Мен алардын үйүнө бир сыйра кие турган кийим алып барып койчумун. Барганда кийимимди которунуп алып суткалап иштечүбүз.

 

 

Сыймык Бейшекеев: “Алгачкы ырымдын аранжировкасын Эрик белек кылган”

– Экөөбүз жердеш болобуз. Мен Искусство институтунда окуганда ал консерваторияда жаңыдан мугалим болуп иштеп, экөөбүз жатаканада бирге жашап калдык. Менин бөлмөдө ырдап жатканымды көрүп “менден белек болсун” деп эң алгачкы “Көлдүк кызга” деген ырымдын аранжировкасын жазып берген. Чынында эле ал мага акжолтой ыр болду. Ошондон кийин экөөбүз чыгармачылыкта тыгыз байланышта иштеп калдык. Сураштыра келсек, тууган чыктык, мен аны “таяке” дечүмүн. Ал менде болсун деп жулунбаган, ток пейил, адамгерчиликтүү, көп сүйлөбөгөн адам болчу. Мыкты музыкант эле. Менин эң алгачкы хит болгон ырларыма аранжировка жасаган Эрик болчу. Ал үчүн аранжировка жасап акча алуу эмес, чыгармасы мыкты болушу маанилүү эле.

 

Жыпара Кулубекова