Мээрим Адылбай кызы: «Эки-үч жылдын ичинде жакшы бренд болобуз»

Кыргыз кийимдерин тиккен дизайнерлердин көбөйүшү менен бизде ар кандай стилде тигилген кыргыз көйнөктөрүн тандап кийүү мүмкүнчүлүгү кеңейип барат. Көрктүү көйнөктөрү менен айымдарды кубантып келе жаткан уздардын бири - «By_mery» мода үйүнүн жетекчиси Мээрим. Мээрим эмгеги жана максаттары тууралуу ой бөлүшөт.

– Мээрим, дизайнерликке кандайча аралашып калдың?

– Апам - тикмечи. Биз кичине кезде үйдө тигүү цехи бар эле. Мен куурчактарыма кийим тигип тигүүчү машинанын жанында жүрүп чоңойдум. Кийин журналисттик кесипке ээ болгом. «Ким менен жүрсөң, ошого окшошосуң» демекчи, негизги чөйрөм болгон дизайнер кыздар өз таасирлерин тийгизишти. Натыйжада дизайнерлик кесипти колго алып, алек болуп келе жатканыма беш жыл болду. Бул ишим мага абдан жагат, көйнөк тигүү, кардарлар менен иштөө ырахат тартуулайт.

– Кандай стилдеги кийимдерди тигесиңер?

– «By_mery» (Мээримден) мода үйүн ачканыбызга эки жылдай болду. Ар кандай стилдеги кийимдерди тигип, ичинен негизги басымды улуттук көйнөктөргө коёбуз. Кыргыз көйнөктөрү узун, жарашыктуу, көрктүү келет эмеспи, ошондуктан учурда талап күчтүү. Кийимдерди ЦУМдун 3-кабатындагы «By_mery» бутигибизден жана Инстаграмдагы «By_mery» баракчабыз аркылуу сатып алышса болот. Көйнөктөр замандын талабына жараша өзгөчө стилде тигилет. Ар бирине өзүнчө сайма түшүрүлөт, бир көйнөк экинчисине окшобойт. Андай болсо да жогору бааны коюп олтура бергенге караганда төмөн баа коюп көйнөктөр улам сатылып, иштеп турганыбыз оң деп эсептейбиз. Баалары 2 миң сомдон 10 миң сомго чейин, элге ылайыктуу. Өзүбүздүн мекендештерден тышкары кардарларыбыздын катарында кытайлык кыргыздар, Испания, Италия, Америкада жашаган кыргыздар да көп. Коңшу казак кыздары да ала башташты. Оштон атайын учак менен учуп келип кеткенкыздар бар, аларга карап, буюрса, Ошко дүкөн ачсак деп жатабыз. 

 

– Көйнөктөрдүн дизайнынын идеяларын кайдан аласыңар?

– Дизайнерлик кесип деле чыгармачылыктын бир түрү эмеспи, кээде көзүмдү жумсам көйнөктөрдүн элеси көрүнөт. Ошолорду кагазга түшүрүп алып тигебиз. Андан сырткары Англиянын мурунку көйнөктөрүн, ар кандай журналдардагы көйнөктөрдү карап бизге ылайыкташтырып тиккен учурлар да болбой койбойт. Бизде тигилген көйнөктөрдү уялбастан кийгенге болот, ыңгайлуу жана дене мүчөнү жаап турат. Негизинен жаш кыздарга арналгандыктан кыз узатуу, үйлөнүү тойлорго көп сатып алышат. Белгилүү инсандардан Саламат Садыкова, Дилшат Кангелдиева, Неля, Айпери Суранчиева, Айгерим Акылбек кызы жана башкалар менен иштешебиз.

– Быйыл кандай өңдөгү көйнөктөр модада?

– Бизде сирень, кызыл, ак өңдөгү көйнөктөр, кайсы учур болбосун, актуалдуулугун жоготпойт. Ал эми быйыл назик өңдөгү көйнөктөр мода болуп турган чагы.

– Азыр бирөөнүн эмгегин көчүрүп алгандар арбын го, силердикине окшоштуруп тигилген көйнөктөрдү кездештирип каласыңбы?

– Азырынча кездештире элекмин, эгерде кездештирсем кубанмакмын. Анткени биздин көйнөктөрдү көчүрүп тиккен деңгээлге келсек, анда биз туура багытта бараткан болобуз. Адамдар жаман эмес, жакшы гана нерсени көчүрөт.

– Мындан ары дизайнерлик кесипти эле аркалайсыңбы?

– Журналисттик кесибим менен иштериме көзүм жетпейт, андыктан быйыл жогорку окуу жайына тапшырып дизайнерлик кесип боюнча билим алганы турам. Мурда хоббим катары алек болсом, акыркы учурларда сүйүктүү кесибим катары кабыл алып олуттуу мамиле кылып, ишке баш-отум менен кирип кеттим. Буюрса, алдыда дизайнерлердин сынагына катышайын деп турам. Ал эми эки-үч жылдын ичинде жакшы бренд болобуз деген максатыбыз бар.

 

Динара ЧОКОЕВА