АБДРАХМАНОВА Рахат: «Кырчындай жаштыгым оору менен өтүп кетти»

Замандашыбыз Рахат эже жаштайынан олуттуу ооруга чалдыгып, жашоосун оору менен алышууга арнап келет. Дартка тизе бүгүп, карып болгон аял жашоосун мындайча баяндады.

 

«Муундарымдын баары сыздап, какшап, колу-бутум бүгүлбөй баштады»

– Нарын облусунда туулуп-өскөм. Бала кезде тарсылдаган жакшынакай кыз элем. 22 жашымда 1986-жылы ала качуунун курмандыгы болуп турмушка чыктым. Ал кездин талабына баш ийип «таш түшкөн жеринде оор» болуп отуруп калдым. Эл катары жашоо башталды. Жыл айланбай 1987-жылдын кышында уул төрөдүм. Балам бир жарым жашка чыкканда күтүүсүздөн ооруп калдым. Колумдун манжалары какшап ооруп эч нерсе кылганга алым келбей калды. Ооруканага барып текшерилсем “ревматоидный артрит” деген диагноз коюшту. Бул суук тийгенден улам пайда болуп, бат өөрчүгөн дарт экен. Ангина оорусунан улам да пайда болот экен, менин ангинам да бар эле. Колумдун оорусу бат эле муундарга жетип муундарымдын баары сыздап, какшап, колу-бутум бүгүлбөй баштады. Анын айынан жата албай, жатсам оодарыла албай, олтурсам тура албай калдым. Оору менен алышып жүргөн ошол маалда кайрадан кош бойлуу болуп калдым. Жаным ооруганына эптеп чыдап кыз төрөдүм. Бирок андан кийин такыр тура албай жатып калдым. Төрөттөн кийин оорум күчөп кетти. Жан кейисе даба издеп жанталашып калат экенсиң. Элден кайсы жерде жакшы дарыгер бар деп уксам, ошол жерге жетип барып көрүнбөгөн жерим калган жок.

 

«Жолдошум таштап кетти»

– Ооруп жаным көзүмө көрүнүп жүргөн учурда өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып жолдошум таштап кетти. Оорулуу аял кимге керек?.. Тарсылдап жакшынакай жүргөн учурумда ала качып алды да, ооруп калганымда таштап койду. Кайненем келип: «Балам сени менен жашабайт, тоскоол болбо. Алчу балаңды ал, ага башка аял алып берем», - деди, каршы болгон жокмун. Уулумду атасы алып калып, кызым мени менен болмой болду. Бирок менин чамам келбегенге кызымды бир тууган эжем багып-чоңойтту. Жолдошум турмуш куруп эки кыздуу болгонун уккам. Өзүм болсо оору менен эле алек болуп калдым. 27 жылдан бери ооруп келатам, кырчындай жаштыгым оору менен өтүп кетти. Азыр 51демин. Мени колдоп, жашоомо үмүт жандырып турган - бир туугандарым. Кызым болсо турмушка чыгып эки баланын энеси болгон. Мен үчүн кызымдын бактысын тапканы эле чоң бакыт. Уулум атасынын колунда болгонгобу же жеринен дээринде жокпу, менден деги эле алыс болуп калды. Бир ирет ооруканада жатканымда көрүп келген, ошол бойдон катышпайбыз. Ал да үйлөнүптүр.

 

«Басуу дегенди таптакыр унуттум»

– Бутумдун башындагы майда тамырларга суук тийген экен, 2014-жылы бутум такыр эле бастырбай калды. Нарындан ооруканага жатып чыгып жакшы болуп калгам, андан кийин эле бутум дагы ооруду. Бир күнү эле ооруган бутум жарылып ичинен ириң аралаш май чыкты. Ооруканага барсам, Бишкекке жиберишти. Келип дарыгерге текшерилсем, таманыма сөөк өскөн экен, ошонун айланасына кан уюптур, бутумдун кан тамырларына суук тийгендиктен кан айланбай калыптыр. Дарыланганым менен, тилекке каршы, айыкпай эле улам күчөп атты. Бутум күнү-түнү оорутуп, сыздатат, жатып алып ыйлайм. Жаным чыдабаганда бир туугандарым Диагностикалык борборго алып барышса, оң бутумда он жети пайыз кан жүгүрүү бар экен. Сол бутум болсо гангрена болуп бара жатыптыр. Шаардык ооруканага жатканымда буттарымды “ампутация кылабыз” дешти. Ошентип, ушул жылдын март айында эки бутумду ампутация кылып салышты. Мурда эптеп кыбырап бассам, эми басуу дегенди таптакыр унуттум. Эки ай ооруканада жатып чыктым, азыр эжем багып атат.

 

«Оорум жан кейиткенде өзүмө-өзүм кол салып жиберсемби деп...»

– Өзүм биринчи топтогу майыптыгым үчүн 5 миң сом пенсия алам. Жашоом болсо дарысыз өтпөйт. Дарыларымдын баары кымбат. Дары ичкенде муундарым ооруса да жумуп-ачканга жарайт. Оорум өзгөчө жаз-күз айларында абдан күчөйт, күн бүркөлгөндө какшап ооруганы жан кейитет. Күн бою бир калыпта жатканым-жаткан. Жалгыз эрмегим - радио. Ошого да Жаратканга шүгүр айтам. Мурда олтуруп алып намаз окучумун, азыр кыйын болуп атат. Бирок окуйм деген үмүтүм бар. Тамак ичкеним жакшы, уйкум ар кандай, кээде уктасам, кээде оору кыйнап кирпик какпай чыгам. Мен эми бул азаптуу дарттан кутула албайт экем. Муундарымдын баары кыйшайып, катып калганга отура да албайм. Ага карабай жарык дүйнөнү көрүп, тилим сүйлөп атканына шүгүр кылып жашап атам. Бир учурларда оорум жан кейиткенде өзүмө-өзүм кол салып жиберсемби деп ойлоп кетчүмүн. Бирок өз өмүрүн кыйгандардын аркы дүйнөдөгү жашоосу тууралуу угуп сабыр кылып калдым. Азыр мага "Кайрымдуу бол" коомдук фондунун демилгеси менен Азамат Байматов деген кайрымдуу бала жардам берип атат. Жатканыма ыңгайлуу керебет алып келип берди. Кайрымдуу адамдар барына кубанам. Нарын облустук социалдык кызматына жардам сурап кат жазып атып түңүлгөм. Мага зарыл нерсе - турак жай. Азыр шарттын жоктугунан жууна да албайм.

Рахат эжеге жардам берүүнү каалаган боорукер инсандар 0556 65 10 14 номерине байланышса болот.

Алия ДАНИЯРОВА