ЧЫНАЙЫМ: «КЫЗЫМДЫ ОЙЛОГОНДО ЖҮРӨГҮМ ЫЙЛАЙТ»

Балапа­нынын тагды­рына энедей күйгөн жан жок тура. Оорубу, окпу баарынан коргош үчүн канатына калкалап, жалынып-жалбарып мээрим төккөн эненин күчү бекеринен жер менен салыштырылбаса керек. Таттуу кыялдарын таш боор тагдырга талкалаткан Чынайым эженин энелик оор тагдыры кимди гана болбосун ойлонтпой койбойт.

“Бөпөлөп жүрүп төрөгөн кызым кенедейинен катар-катар операция болду”

– Менин үч эркек, эки кызым бар. Алардын ичинен кичүү кызым Альбина быйыл 8 жашка толду. 39 жашымда доктурлардын айтканынан чыкпай «же, ич, кыл» дегенинин баарын аткарып жүрүп бөпөлөп төрөгөм. Анткени улуу кызымды жалгыз кылбай түгөй болсо, көкүрөк күчүк перзентибиз кыз болсо экен деп Кудайдан тиленип күткөнүм эле. Ошентип кызымды 2006-жылы 6-апрелде Талас шаарында жарык дүйнөгө алып келгем. Жашым өтүп калгандыктан толгоом оор болуп, ийне сайса да болбогондуктан баланы сыгып алышкан. Ошондон уламбы, бала көгөрүп ыйлабай түшкөн. Доктурлар текшерүүгө алып кетип түн ортосунда ыйлап жаткандыгын кабарлашып жаныма беришти. Бирок андан кийин деле кызым тынчсызданып, тынбай ыйлап жатты. Педиатрга айтсам текшерип көрүп «жакшы эле экен, бала деген ыйлайт да» деп мени жооткотуп, 3 күндөн кийин ооруканадан эл катары эле ­чыгарышты. үйгө келгенде бир сутка боло электе титиреп карышып, температусы көтөрүлүп чыкты. КайраданТалас шаарынын ооруканасына оор абалда түштүк. Ошону менен жарым айча жаттык, бирок жылыш болбоду. Бишкек шаарына келип дарыланууну доктурлардан суранып жатып, бир медайымдын коштоосун­да Жалдагы ооруканага келип нейрохирургия бөлүмүнө жатып калдык. Чындыгында абал эч өзгөргөн жок, тескерисинче оорлоду. Улам ар кандай текшерүүдөн өтүп жатып акыры буту ириўдеп кеткенин табышып бир айлык кезинде операция кылышты. Буту ириўдеп кетиптир дегенде эле оюма бир нерсе кылт этти. Ал Таласта дарыланып жатканыбызда жаўы ыкма чыккан дешип санына ийне сайып жатышкан. Бутундагы ириўди ушундан көрүп калдым. Ушуну менен балам оорудан кутулду го десем жүрөктүн үшүн учуруп доктурлар «эми башында кан бар экен, аны дагы бир гана операция жолу менен дарылайбыз» дешти. Кызым үч ай болгон кезде башына шунт-аппаратын 18 миңсомго баалап салып берүү үчүн операция кылышкан. Балээ бир жабышса чыкпайт окшобойбу, анткени ал операцияда башынан ириңчыккандыктан ийгиликсиз болуп калып бир ай өткөндөн кийин кайрадан башын ачып аппаратты коюп беришкен. Ошентип кызым кенедейинен катар-катар операцияларга туш болду. Кандай болсо дагы айыктырып алайын деп ооруканада жатып доктурлар эмне десе ошого макул болуп бар малыбызды сатып дарылатып жүрдүм. Кийинчерээк каражаттын жетишсиздигинен кызымдын дарылануусу сейректеп олтуруп былтыртан бери ооруканага бара албай калдык.

“Беш баланын түйшүгү беш кайгы экен”

– Кымбатчылык заманда беш баланын түйшүгү бизге аябай оор болду. Улуу уулубуз эки баланын атасы. Талас шаарында батирлеп, такси айдап эптеп оокатын кылып, бизге бир аз каралашып турат. Андан кийинки кызыбыз Финансы академиясын быйыл бүтүрүп жатат. Байкуш кызым 25 миңсомдук контрагын окуудан кийин иштеп акча ­таап өзү төлөйт. үчүнчү уулубуз быйыл 11-классты аяктап, бирок шартыбыз болбой окууга тапшырта албай калдык. Болбосо балам мектепти аябай жакшы окуган, кытай тилине болгон кызыгуусу өзгөчө эле. Кендирди кес­кен жокчулук уулумдун кыялына жетүүсүнө балта чаап жатканын көрүп сайсөөгүм сыздайт. Себеби, жолдошумдун тапкан 7 миңсом айлыгы анын контрагына эмес, тамак-ашка эптеп жетет. Төртүнчү уулумду айласыз Таластагы жетишпеген үй-бүлөлөрдүн балдары окуган мектеп интернатка окууга жибергенбиз. Ал азыр 8-класста. Келген сайын «кетпейм, силердин эле жаныўарда болоюнчу» деп көзү жашылданса жанымды коёрго жер таппай калам. Айтор, ар биринен бирден маселе. Беш баланын түйшүгү беш кайгы экен. Бешинчи кызым Альбинам төрөлгөндөн баштап ушул күнгө чейин оору менен тынымсыз арбашып келе жатат. Учурда физиологиялык өсүүдөн калган, кулагы укпайт, сүйлөбөйт, баса албайт, көзүндө да кыйшаюу бар, буту-колдору ичкерип кеткен. Бирок бардык нерсени туюу­су менен айрып билип, мамиле кылат. Сүрөткө түшкөндү жаман көрөт, жан чыдаткыс оорусу болсо да бакырып ыйлабайт. Ушул кызым деп айласыз­дан сегиз жылдан бери шаарда турабыз. Ал үчүн Таластагы тамды сатып, шарты начар бир бөлмөлүү үйдү 12 миңдолларга алганбыз. Тамактанган, уктаган, бут чечкен жерибиз да ушул бир бөлмө.

“Кызың шалбы, акылы жокпу?» деп ороңдошот”

– 2006-жылдан бери барбаган жерим, кирбеген эшигим, жардам сурабаган адамым калган жок. Көбүнчө жакын адамдар деле алакан жайып, бар болсо да жок деп шагымды сындырган күндөр болду. Колумда жок, жардам сураган бир бечара экенимди көргөндө мамлекеттик кызматкерлер дагы эмне кылып аласыңдегенчелик кылып кагып-силкип үмүтүмө суу себишет. Эненин жүрөгүнө кандай оор тиерин сезип, жок дебесе жылуу кабыл алып коюшса бир аз болсо да маанайым көтөрүлүп калмак да. «И, кызыңоорулуубу? Шалбы, акылы жокпу?» деп ороўдошкондо жерди жарып кирип кетким келет. Айлам жок жооп берүүгө да дараметим жетпей шалпайып кайра чыгам. Социалдык коргоо мекемесинен Ысык-Көлдөгү санаторийлерге майыптарга атайын бекер же жеўилдетилген жолдомо берет деп угуп, кызымды бир ирет болсо да түшүрүп алсам балким ден соолугуна бир пайдасы тиеби деген тилекте барып сурасам «кайдагыны айтасыңда, ал жомокту кимден уктуў?» дешти.Ошондон бери бирөөдөн жардам суроодон деле көўүлүм калып калды. Бирок башка да аргам жок.

“Кызым үчүн жашагым келет”

– Ооруканага жатканда спирт менен пахтадан бөлөгүнүн баарын өзүбүз сатып алабыз. Анан доктурга бермейи болот, ошону менен айына 7-8 миңсомдук дарыланууга бара албай калдык. өзүнүн өкмөттөн алган майыптык пособиеси памперс менен күнүгө ичкен дарыларына эле кетет. Кызымды Ысык-Көлдөгү Аксуу санаторийине алып барып келсемби дегенде эки көзүм төрт. Дарыланганы бекер деп угам, бирок ага деле тааныш керек окшойт. Андан тышкары бала бакчаларга берсем бир аз балдар менен аралашып, акылы өсөбү деп майыптарды кабыл ала турган Маловодный айылындагы бала бакчага документ топтоп киргизсем, кызым кайра-кайра судороги болуп ооруп жатканынан чыгарып алгам. Кийин Ахунбаев-Чапаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги майып балдарды кабыл алган жеке бала бакчага айына 5500 сом төлөөгө макул болуп киргизгем. Чындыгында ошол жерде жакшы карашат экен. Бирок каражаттын тартыштыгы ал жакка баруубузга да бөгөт койду. Альбинамды ойлогондо жүрөгүм менен ыйлайм, буулугам, уктай албай таңатырам. Себеби мен азыр эл ортону 50гө чыгып калдым, кокус көзүм өтүп кетсе бул байкушум кайда, ким менен калат?.. Кор болуп калбаса экен деп жок дегенде өз алдынча басып, ажатканага өзү барганга жарап калса деп жан үрөп келем. Ушул кызым үчүн жашагым келет.

0772 18-75-78

Ызаат ТУРГУНБАЕВА