Мезгилдин тамактары

Оромо капуста

Кандай азыктар керек?

Капустанын жалбырактары: 6 даана

Кайнатылган күрүч: 12 чоң кашык

Куурулган козу карын: 6 чоң кашык

Томат: 2 чоң кашык

Сарымсак: 3 тишче

Ысык суу: жарым стакан

Кантип жасалат?

Жаш капустанын жалбырактарын мискейдеги кайнап жаткан сууга салып 1 мүнөттөй кайнатасыз. Андан алып чыгып муздак сууга чайкап койсоңуз, жалбырак жумшак болуп сынбайт.

Чала бышырылган күрүч менен куурулган козу карынга майда тууралган сарымсакты, туз, мурч кошуп аралаштырасыз.

Бул аралашманы капустанын жалбырагынын ортосуна салып конверт кылып оройсуз да, тиш чукугуч менен кыпчытып коёсуз.

Баары даяр болгондо көмөчказанга тизесиз.

Ысык сууга томатты аралаштырып, көмөчказанга капусталардын үстүнө куясыз.

Эми капкагын жаап жай отко дымдап коёсуз.

10 мүнөттөн кийин экинчи тарабына оодарып дагы 5 мүнөт дымдайсыз.

Даяр болгондо тиш чукугучтарды алып салып, көк чөптөрдү бетине себелеп коёсуз.

 

Гречка менен оромо капуста

Кандай азыктар керек?

Капуста

Уй этинин фаршы: 400 г

Пияз: 2-3 баш

Сабиз: 1 даана

Сарымсак: 1 тишче

Томат: 1 чоң кашык

Гречка: 100 г

Болгар калемпири: 1 даана

Өсүмдүк майы: 2 чоң кашык

Картошка: 2 даана

Туз, мурч

Кантип жасалат?

Пиязды эт майдалагычтан өткөрүп же аябай майда кылып туурап фаршка кошосуз.

Гречканы чала бышырып аны да фаршка кошосуз да, татымына жараша туз, мурч кошуп аралаштырасыз.

Сабиз, болгар калемпири, сарымсак жана пиязды туурап кууруганга даярдап аласыз.

Капустаны болсо жалбырактарынан ажыратып, сууга кайнатып жумшартып аласыз. Суусун төкпөй туруңуз.

Фаршты жалбырактардын ортосуна салып оройсуз.

Көмөчказандагы кызып турган өсүмдүк майына алгач пияз менен сарымсакты салып кууруп, анын артынан сабиз менен болгар калемпирин саласыз да, баарын 7 мүнөттөй кууруйсуз. Томат, татымына жараша туз, анан бир чымчым шекер салып койсоңуз болот.

Үстүнө капустанын суусун куюп, ага оролгон капусталарды саласыз.

Кайнап жаткан шорпого тууралган картошкаларды салып отту жайлатасыз да, 35-40 мүнөттөй кайнатасыз.

 

Фаршталган болгар калемпири

Кандай азыктар керек?

Болгар калемпири: 1 кг

Уй эти: 500 г

Каймак: 200 г

Күрүч: 150 г

Пияз: 2 баш

Жумуртка: 1 даана

Помидор ширеси: 750 г

Суу: 500 мл

Туз, мурч, лавр жалбырагы

Кантип жасалат?

Күрүчтү сууга чала бышырасыз.

Пиязды майда кылып туурайсыз.

Этти эт майдалагычтан өткөрөсүз.

Буларга жумуртканы чагып кошосуз да, татымына жараша туз, мурч себелеп баарын аралаштырасыз.

Болгар калемпиринин уруктарын алып, тазалап жууган соң ичин фарш менен толтурасыз.

Эми мискейге ачык жагын жогору каратып тыгыз кылып тизесиз.

Үстүнө помидор ширеси менен сууну куюп бийик отко коёсуз.

Кайнары менен отту азайтып мискейдин капкагын жаап, бир саат дымдап коёсуз.

Андан кийин тамак даяр болот.

 

Духовкада бышкан фаршталган болгар калемпири

Кандай азыктар керек?

Болгар калемпири: 3 даана

Уй эти: 300 г

Брокколи капустасы: 200 г

Пияз: 2 баш

Сыр: 100 г

Туз, мурч

Кантип жасалат?

Пиязды, брокколи капустасын аябай майда кылып туурайсыз, этти эт майдалагычтан өткөрөсүз.

Баарын кошуп аралаштырып, татымына жараша туз, мурч кошосуз.

Сырды кыргычтын майда тишинен өткөрөсүз.

Болгар калемпирлерин тигинен тең экиге бөлүп уруктарынан арылтасыз.

Эми ичин фарш менен толтуруп, бетине сырдан себелейсиз.

Фаршталган болгар калемпирлерин калыпка тизип, 180 градустагы температурада 40-45 мүнөт бышырасыз.

 

Нуриса БАЯЛИЕВА