Сурагым келет

Бул ирет «Сурагым келет» рубрикасы окурмандардан келип түшкөн урология жаатындагы көйгөйлүү суроолорго жооп берет. Кызматта Улуттук урология борборунун урологу, доцент Стамбекова Канышай Нурмаматовна болду. Сиздерди кызыктырган суроолор болсо, 0 (558) 87 11 11 номерине чалып же SMS түрүндө билдириңиздер.

Суроо: - Жолдошум 61 жашта. 3 жылдан бери дааратканага саат сайын каттайт. Түнкүсүн 3-5 жолу барат. Сууну аз ичсе да дааратканага тез-тез каттаганы токтогон жок. Мындан башка деле маселеси жок. Эмнеден улам мындай болушу мүмкүн?

Салима, Токмок шаары

Жооп: - Жолдошуңуздун жыныс органында залалсыз шишик бар. Бул учурда аны дары-дармектин жардамы менен айыктырууга болот. Дарылабай жүрө берүү заара ушата албай калууга жеткирет. Анда операция кылууга туура келет. Тезинен урологго кайрылсын.

 

Суроо: - Балам 10 жашка чыгып калганына карабай түнкүсүн төшөккө заара ушатып коёт. Эртең менен өзү билбей калганын айтат. Акыл-эси болсо өзү теңдүүлөрдөн эки эсе жакшы. Ал чоңойгон сайын коркуп жатам. Эмнеден улам мындай болушу мүмкүн? Убагы келип бул адаты калабы?

Асия, Манас району

Жооп: - Эгер балаңыз күндүз өзү заара ушатса, сиз балаңыз менен иштешиңиз керек. Кечки алтыдан кийин суюктук ичирбегенге аракет кылыңыз. Эгерде кечки саат 8де чай ичсе, түнкү саат 10-11лерде дааратканага барат деп божомолдоп, ошол маалда табарсыгын бошотушу үчүн ойготуңуз. Бул маалда балаңызды чочутпай, коркутпай, акырын тургузуңуз. Ушул көрүнүштү бир түндө 2-3 жолу кайталасаңыз, кайсы маалда заара ушатарын билип каласыз. Бала өз алдынча туруп калгыча ага жардам бериңиз. Эгер бул тубаса болсо, невропатологдорго текшертип, алар сунуштаган көнүгүүлөрдү жасоо менен балаңыздын заара ушатууга жооп бере турган борборунун жетилишин күтүүңүз керек. Ал жетилгенде бала өзү эле туруп бошонуп калат.

 

Суроо: - Жолдошумдун табарсыгында 38 мм болгон таш бар экен. Ал таштан кандай ыкма менен арылса болот? Сөзсүз түрдө операция жасоо керекпи?

Айнагүл, Майлуу-Суу шаары

Жооп: - Ташты операциясыз жок кылуунун жолу: заара ушата турган түтүк аркылуу узун аппаратты табарсыкка киргизип таштарды талкалоо. Майдаланган таштар заара аркылуу сыртка чыгып кетет. Ташты алып салгандан да аны пайда кылган көрүнүштөн арылуу маанилүү. Заара чыгаргыч түтүктө залалсыз шишик, полип же попиллома пайда болсо, ал простата безин кысат. Жыйынтыгында заара жакшы чыкпай табарсыкта калдык болуп кала берип акыры таш пайда болот. Ушул сыяктуу нерселерди эске алуу керек.

 

Суроо: - Саламатсыздарбы, мен 22 жаштамын. Оор жумуш кылсам эле куулугум, тагыраагы, урук бези турчу калтамдын тегереги ооруп, калтам чоңоюп кетет. Бул көрүнүш эмнеден улам болот? Ушул тууралуу маалымат берип коёсуздарбы.

Кадырбек, Чаткал району

Жооп: - Куулугуңузга, простата безине, урук жеткирчү түтүгүңүзгө, уретра, уретрит сыяктуу жыныс мүчөгө кирген органдардын бирине суук тийсе, сиз айткандай белгилер болот. Текшерилиңиз.

 

Суроо: - 19 жаштамын. Дүүлүккөн маалда жыныстык мүчөм сол тарапка кыйшайып, кошулууда көйгөй жаратып келет. Бул көйгөйдөн кандай жолдор менен арылууга болот? Сөзсүз түрдө операция жасоо керекпи?

Амантур, Кызыл-Кыя шаары

 Жооп: - Сизге сөзүз түрдө операция жасалышы керек. Бирок алгач бул тубаса экенин же кийинчирээк пайда болгонун аныктоо зарыл. Кийин пайда болгон болсо, анын себеби туура эмес мастурбация кылуу, катуу тепки алуу болот. Эркектин мүчөсүнүн ички катмары аябай назик болуп, эрекция маалында ал канга толот. Ошол назик жер катуу жабыркаса тез эле тытылып, ичиндеги былжырлуу назик катмар бир тарапка кыйшайып калат да, турганда ошол тарапка карай берет. Бул кыйшаюу өзүнөн-өзү айыкпайт. Аны ачып мурунку калыбындай кылып оңдоп тигүү керек. Ал эми тубаса болсо, уретраңыз кыска болушу мүмкүн. Уретра тубаса кыска болуп төрөлгөн учурда операциянын жардамы менен бул көйгөйдөн арылууга болот. Операциядан соң бир айда калыбына келип сакаясыз.

 

Суроо: - Жолдошум 32 жашта. Бир ай мурун урологго барып текшерилсе, бел суусунун саны азайып калганын айтышкан. Бел суусунун аз санда чыгуусу жыныстык мамиленин солгундашына алып келеби? Анткени ал мени мурункудай каалабай калды.

Жумагүл, Ош шаары

Жооп: - Каалоо сезиминин жоголушуна суук тийүү, жыныстык жактан жуккан инфекция, экология жана социалдык факторлор да таасир этет. Мисалы, кээ бирлер эртеден кечке оор жумушта иштейт. Кечинде уктап эс алгысы келет. Башында билинбегени менен акырындык менен ал адатка айланып олтуруп эркек каалоо сезимин жоготот. Бул учурда эркектин канындагы канттын деңгээлин да текшертүү керек. Себеби кант диабетинде биринчи кезекте кан тамырлар жабыр тартат. Жыныс мүчө кандын эсебинен чыңалгандыктан анын жабыркары турган иш. Ал эми бел суунун аз санда чыгуусу жыныстык мамилеге эч кандай терс таасирин тийгизбейт, болгону мындай учурда балалуу болуу мүмкүнчүлүгү азаят.

 

Суроо: - Мен кайын журтум менен бирге турам. Кайнатам “илгери бизди молдолор эле сүннөткө олтургузчу” деп бештеги баламды молдо чакырып сүннөткө отургузган. Кескен жери айыкканы менен балам заара ушатканда ыйлап жиберчү болгон. Айылдык хирургга алып барсак, сүннөткө туура эмес олтургузулганын жана ал маалда жыныс мүчө инфекцияга кабылганын айтты. Эми баламды дагы бир жолу сүннөткө олтургузуу керекпи? Кирип кеткен инфекция башка ооруларды пайда кылбайбы? Кайсы жакка кайрылсак болот?

Нурпейил, Чолпон-Ата шаары

Жооп: - Экинчи жолу кайталоо тууралуу текшерип көрмөйүнчө айта албайм. Эгер жыныс мүчөнүн чекесиндеги жука терисинин баарын алып койгон болсо, ал жерден ала турган эч нерсе жок. Заара кыла турган тешиги ириңдеп, шишик болуп жарымын жаап калгандыр. Ошондон улам бала заарасы жакшы чыкпай ыйлап жаткандыр. Эгер инфекция кирип кеткен болсо, баланын жыныс мүчөсүнө доо кетпеши үчүн тезинен дарылатуу керек. Убагында дарыланбаса, мүчөнүн башы шишимек түгүл, ириңдеп, жыйынтыгында ал жерде тырык калышы мүмкүн. Тырык жыныс мүчөнү бир тарапка кыйшайтып, кийин жыныстык мамиледе кыйналат. Чолпон-Атанын ооруканасында Каралиев деген күчтүү хирург-уролог бар. Балаңызды ошол кишиге алып барыңыз. Бишкекке келем десеңиз, биздин борборго кайрылыңыз.

 

Суроо: - Үйлөнгөнүмө эки жума болду. Ушул күнгө чейин жыныс мүчөм жакшы эле туруп келген. Нике түнүндө жубайым кошулуудан баш тарткандан кийин турбай калды. Канча аракет кылсам да турбай жатканына эки жума болду. Эмне себептен мындай болушу мүмкүн?

Нурбек, Нарын облусу

Жооп: - Сизден ушул күнгө чейин эч ким баш тарткан эмес. Жубайыңыздын жыныстык мамиледен баш тартканы сизге катуу тийди да, коркуу сезимин пайда кылды. Мээңизде пайда болгон коргонуу катмары ачылбай сиз жазыла албай, турбай каларына болгон коркунуч менен жашап жатасыз. Бул абалдан чыгуунун жолун сексопатолог айтып берет. Коркпоңуз, баары калыбына келет.

 

Суроо: - Азыр 22 жаштамын, жарым жыл мурун оң жак жумурткам сол жагыма караганда чоңоюп, бирок эч кандай ооруксунтуу болгон эмес. Дарыгерге текшерилсем, киста бар экенин айткан. Аны операция менен албаса, жогорудагы көрүнүш кайталана берерин эскерткен. Кистадан операциясыз айыгууга болбойбу?

Келдибек, Бакай-Ата району

Жооп: - Жумурткаңызда бар делген киста бөйрөк, боор, көк бооруңузда жана жыныс мүчөнүн ички жагындагы майда функция аткаруучу органдарда да болушу мүмкүн. Ошондуктан толук кандуу текшерип чыгуу керек. “Кистаны сөзсүз түрдө операция жолу менен алуу керек” деген туура эмес. Эгер киста жумуртканын иштөө процессин бузбаса, аны дары-дармектердин жардамы менен кетирүүгө болот.

 

Суроо: - 19 жаштамын. 2 жыл мурун жатар алдында эки матрастын ортосуна жыныс мүчөмдү киргизип алып мастурбация менен каалоомду кандырган элем. Эртең менен мүчөмдүн башы кызарып, кычышып ооруп калыптыр. Ар кандай майларды сүйкөп, дарыларды ичип көрдүм, бирок эч кандай жыйынтык болгон жок. Кечкисин тынчымды алып кычышып, өзгөчө заара ушатканда ачыштырып ооруп келет. Ооруну басаңдатуучу таблеткалар жардам бербей калды. Эмне кылам?

Мирзат, Ош облусу

Жооп: - Сиз мүчөңүздүн башын механикалык жактан майып кылган экенсиз. Бул учурда ар кандай майларды сүйкөгөнүңүз туура эмес. Эч убакта андай каражаттарды өз алдынча колдонбоо керек. Эми ар бир заара ушаткан сайын жыныс мүчөңүздү жылуу суу менен жууп, башына Мирамистин спрейин сээп турасыз. Мирамистин спрейин таппасаңыз, Левомеколь майын сүйкөп бинт менен жаап жүрүңүз. Тезинен айыгууга аракет кылбасаңыз, жара күчөп таптакыр айыкпай турган болуп калат. Мүчө чыңалган сайын жара жырылып жанды кейитет. Сиздин мисалыңызда башкаларга да эскерте кетейин, катуу буюмдар менен эч убакта мастурбация кылбоо керек. Абдан зарыл болсо, колуңуз менен гана кылыңыз.

 

Суроо: - Акыркы 4-5 күндө кан аралаш заара ушатып атам. Дарыгерге барайын десем, жайлоодо малдан бошобойм. Эмнеден улам кан аралаш заара чыгышы мүмкүн? Үй шартында дарылансам болобу?

Жумгалбек, Ат-Башы району

Жооп: - Мындай абалда эч убакта үйдөн дарыланууга болбойт. Тезинен борборго келип ооруканага жатып дарыланышыңыз керек. Бөйрөк, табарсык, заараны бөйрөктөн табарсыкка жеткирген түтүкчө жана уретра жабыркаганда кан аралаш заара чыгат. Ошондой эле жогорудагы органдарда шишик, кургак учук, эхинококк сыяктуу паразиттер бар болсо, жаракат алган жана инфекция күчөп кеткен болсо ушундай көрүнүш болот. Бир жолу кан аралаш заара ушатып токтоп калган күндө да дарыгерге тезинен кайрылуу керек. Убагында дарыланбасаңыз, бөйрөгүңүз иштен чыгып, гемодиализ аппаратына муктаж болуп каласыз. Мал сизге ден соолук болуп бербейт.

 

Суроо: - Жыныстык катнаштан кийин жубайым экөөбүз даарат алгандан эринип гигиена үчүн салфетка менен жыныс мүчөлөрүбүздү сүртүп койчубуз. Кийин жубайым жыныс кынына кызыл бүртүктөр чыгып “кычыштырып жатат” деп гинекологуна барса аллергия экенин айтыптыр. Ал эми менин жыныс мүчөмдүн башы оозулга окшоп кызарып, кол тийгизбей, ал тургай, шымым тийип кетсе ачыштырып ооруп жатат. Урологго баргандан уялам. Үй шартында эле айыга аламбы?

Асанбек, Ала-Бука району

Жооп: - Үй шартында дарыланууңуз болбойт. Себеби сиздики аллергия эмес, инфекция болушу мүмкүн. Андыктан мазок алып текшерген соң гана кандай дарылоо керектигин айта алам. Урологго баргандан уялып жүрө берсеңиз, инфекция улам өйдөлөп жылып олтуруп аягында жыныс мүчөңүз толук жабыркап, тукумсуз болуп калышыңыз ыктымал.

 

Суроо: - Балам 10 жашка чыкты. Алты ай мурун жергиликтүү урологго алып барсам жумурткасында варикоцеле бар экенин айтты. Аны дарылабай койсо, акырындык менен өзү жок болуп кетиши мүмкүнбү?

Зарипа, Алай району

Жооп: - Алгач уролог допплерография менен текшерип варикоцеле деп айттыбы же колу менен кармап көрүп гана айттыбы, тактоо керек. Допплерографиядан өтүп дарты аныкталгандан кийин бир тараптуу дарылануу ыкмасын айта алам. Бул дарт өзү жок болуп кетпейт. Варикоцеле тубаса пайда болгон жана кийин пайда болгон деп экиге бөлүнөт. Тубаса болсо атасынан же апасынан баласына өткөн тукум кууган варикоцеле болуп саналат. Кийин пайда болуусуна спорттун оор түрлөрү, оор кара жумуштар себеп болот. Дагы бир себеби - балаңыздын урук безинин үстүндө шишик болушу мүмкүн.

 

Даткайым ДОСМАТОВА