Бойдоктор бурчу

Кымбаттуу окурмандар!

Эгер сиз турмуш куруу максатында өмүрлүк жолдош издеп жүргөн болсоңуз эки ооз кебиңиз менен гезит бетине чыкканга мүмкүнчүлүк аласыз. Балким, сиз издеген бакыттын кушу алыс эмес. Биз менен байланышта болуп, кыялыңыздагы адам менен табышып,
бактылуу түгөйлөрдөн болууга ашыгыңыз. Биздин байланыш телефонубуз: 0772 16-89-64.

 

Сали

Туулган жылы: 1952-жыл 2-март

Кесиби: жок

Иштеген жери: пенсиялык эс алууда

Жердиги: Баткен облусу Лейлек району

Кандай сапаттагы айымдар жагат? Акылдуу, туруктуу, жөнөкөй, ден соолуктуу, тың

Материалдык байлыгы: үйү бар

Байланыш телефону: 0777 60 21 32

– Мен карапайым жашоодо күн кечирип келген адаммын. Кемпирим экөөбүздүн төрт уул, үч кызыбыз бар эле. Тилекке каршы, бир кызыбыз борбордо окуп жүруп кырсыкка кабылып каза болуп калган. 2007-жылы кемпирим ооруп шаарга дарыланганга кеткен эле. Өтүн алдырып, ошондон жабыркап жүрүп үйгө жансыз денеси келди. Андан бери мен улуу уулумдун колундамын. “Тең-теңи менен” деп бекер айтпаса керек. Карылыкка келип калсаң да жаныңда эрмектешер адамың болушун каалайт экенсиң. Балдарымдын макулдугу менен 40 жаштан 55 жашка чейинки айымдар менен таанышам. Жердиги мүмкүн болушунча биздин аймакка чукул болушу керек. Ошондой эле бала-чакасы жок аял болсо эң жакшы болот эле. Мен учурда небере жетелеп жүргөн курактамын. Анан анын баласы менен неберелерим урушуп-талашып турса бөөдө беймаза болобуз. Эгер балдары чоңоюп менин балдарымдай өз алдынча болуп кеткен болсо мейли. Мен намаз окуган адаммын. Андыктан жаман адаттары болбоду бекен деп сарсанаа болбой чала бериңиздер.

 

Айбек

Туулган жылы: 1985-жыл 9-март

Кесиби: куруучу

Иштеген жери: кесиби менен курулушта иштейт

Жердиги: Ош облусу Өзгөн району

Кандай сапаттагы айымдар жагат? Туруктуу, ишеничтүү, акылдуу, жылдыздуу

Материалдык байлыгы: жок

Байланыш телефону: 0772 79 09 37

– Ата-энемдин канча убакыттан бери какшап келген тилегин орундатчу убакыт эми келди. Оштук же өзгөндүк 22 жаштан 28 жашка чейинки кыздар менен таанышам. Буга чейин турмуш курбаган, абийири таза, ыймандуу кыздардын чалууларын күтөм.

 

Бактияр

Туулган жылы: 1979-жыл 25-апрель

Кесиби: электрик жана айдоочу

Иштеген жери: ушул эки кесиби менен иштейт

Жердиги: Жалал-Абад облусу Сузак району

Кандай сапаттагы айымдар жагат? Чынчыл, туруктуу, эмгекчил, кесипкөй, тыкан

Материалдык байлыгы: үйү бар

Байланыш телефону: 0779 23 17 07

Мен буга чейин турмуш курган эмесмин. Мага 25 жаштан 35 жашка чейинки кыздар керек. Жердиги маанилүү эмес. Турмуштан ажырашкан же жаңылган келиндер убара болушпасын. Мен баарын жаңы барактан баштагым келет. Келинчегим өзү каалаган кесиби менен иштейм десе каршы эмесмин. Чалыңыздар.

 

Казымырза

Туулган жылы: 1988-жыл 28-май

Кесиби: айдоочу

Иштеген жери: ишканада кесиби менен иштейт

Жердиги: Жалал-Абад облусу Аксы району

Кандай сапаттагы айымдар жагат? Акылдуу, жөнөкөй, ыймандуу, туруктуу, түшүнүктүү

Материалдык байлыгы: үйү, машинасы бар

Байланыш телефону: 0778 91 00 88

– Башымдан оңой эмес жашоо өттү. Анын баарын баяндап олтургум келбейт. Учкай айта кетсем, ата-энемден ажырап калганыбызга бир топ болду. Он бир тууганбыз, сегиз кыз, эки уул. Мен балдардын улуусумун. Кыз бир туугандарымдын баары турмушка чыгып өз жашоолору менен кетишкен. Иним экөөбүз гана бойдокпуз. Турмуш менен алышып, жумуштан колум бошобой жүрүп ушул кезге келдим. Эми калган жашты да өткөзбөй өзүмө тең жакшы кыз табылса таттуу жашоо баштайын деп атам. Мага 20 жаштан 25 жашка чейинки Аксы, Ала-Буканын кыздары керек. Аруу, таза кызга жолуксам, ар дайым сыйлап өтөм деп ойлойм.

 

Нурхан

Туулган жылы: 1983-жыл 20-февраль

Кесиби: бажы кызматкери

Иштеген жери: кесиби менен иштейт

Жердиги: Чүй облусу Ысык-Ата району

Кандай сапаттагы айымдар жагат? Жылдыздуу, жогорку билимдүү, ачык-айрым, кичи пейил

Материалдык байлыгы: үйү, машинасы бар

Байланыш телефону: 0550 41 91 74; 0777 20 86 33

Мындан 6-7 жыл мурун жакындарымдын кыйноосу менен бир кызга баш кошком. Башынан өзүм каалап, күтпөгөнгө аны менен жашап кете алган жокмун. Бир жылдан соң ажырашып кеткенбиз. Балалуу болгон эмеспиз. Аны менен ажырашкан беш жылдан ашык убакыттан бери кайра турмуш курууга эми чыгынып олтурам. Сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет болуп эми келечектеги келинчегимди өзүм таап, өзүм сынап алайын деп атам. Мага чүйлүк, көлдүк 25 жаштан 30 жашка чейинки кыз-келиндер керек. Буга чейинки турмушун тушүнүү менен кабыл алам. Эгер бир кызы болсо багып алууга макулмун. Уул баланыкы түшүнүктүү да, багып, өстүргөн соң өз атасына кетип калат. Келинчегимдин жогорку билимдүү болушуна маани берем. Кесиби менен иштешин колдойм. Менин убактым тар болгондуктан максаты жок чалбашыңыздарды алдын ала эскертем.

 

Марипбек

Туулган жылы: 1990-жыл 9-май

Кесиби: жок

Иштеген жери: ар кандай иштер менен жеке алектенет

Жердиги: Баткен облусу Сүлүктү шаары

Кандай сапаттагы айымдар жагат? Тың, таза, келишимдүү, мээримдүү, чынчыл

Материалдык байлыгы: үйү, машинасы бар

Байланыш телефону: 0708 62 06 92; 0776 62 06 92

Менин ата-энем, бир туугандарым бар. Аларды кубандырып быйыл той кылайын деген тилектемин. Баткен же Оштон кыялымдагыдай жакшы кыз чыкса быйыл сөзсүз үйлөнөм. Жашы 18-20 жаштарда болсо болот. Буга чейин турмуш курбаган кыздар менен гана таанышам.