МАХАБАТТЫ АПАСЫ ЭМНЕ ҮЧҮН ТАШТАП КЕТКЕН?

30-апрель күнү Жаш Гвардия эс алуу багындагы селкинчекке 7 жаштагы кызды апасы таштап кеткен. Ошол күндөн бери Бишкектеги кароосуз калган балдарды кайра калыбына келтирүүчү борбордо жашап жаткан кичинекей Махабатка жолугуу үчүн бардык. Тестиер кыз чуркап келип учурашып, тыпылдап окуя тууралуу айтып берип жатты. Бул учурда Махабатты атасынын туугандары алып кеткенге аракет кылып жүрүшкөн экен. Үйүнө кетүүгө ашыккан кыздын кубанычында чек жок.

Махабат: “Апам келсе “эмнеге мени селкинчектин жанына таштап кеттиң?” деп айтам”

– Махабат, сени апаң кандайча таштап кетип калды?

– Апам экөөбүз Сары-Камыштан шаарга келгенбиз. Анан мени селкинчектин жанына алып барып “ушул жерде мени күтүп тур. Мен Наку таежеңдин үйүнө барып келейин, бат эле келем” деп баштыктагы кийимдеримди берип кеткен. Мен ошол жерде селкинчек тээп апамды күтүп олтурдум. Апам кечке чейин такыр келбей койду. Мен коркуп “апамды ээрчип эле кетпей” деп ыйладым. Анан менин жаныма бир байкелер келген. Андан кийин милициялар келишти. Мени апам таштап кеткен кийимдеримди көтөрүп алышып бул жакка алып келишти.

– Апаң сени жакшы көрчү беле?

– Апам мени аябай жакшы көрчү. Мен биринчи төрөлгөндө бирөөгө берип салган. Алар мени багып, анан кайра апама беришкен. Апам экөөбүздүн жашаганыбызга көп болду. Анан экөөбүз Сары-Камышка барганбыз. Ал жактан атам мени эркелетип, ойнотту. Ошондо атам менен калып калайын дегем. Атам да мени алып калам деген. Апам болсо “Миң-Кушка барып кайра келебиз” деп мени ээрчитип алган. Апам ошон үчүн мени таштап кетти. Азыр апамды сагындым, келсе кучактамакмын. Кечээ туугандарым келип “чыдап тур, алып кетебиз” дешкен. Мен эртең, анын эртеси, анан дагы бир күн чыдасам алып кетишет экен.

– Атаң менен апаң урушту беле?

– Атам менен апам урушуп ажырашып кетишкен да...

– Ата-апаңдардын сенден башка да баласы барбы?

– Апам менден биринчи Тыныбек байкемди төрөгөн. Ал тогузда. Анан мени төрөгөн. Мен жетидемин.

– Бул жер жактыбы сага?

– Ооба, бирок үйгө кетким келип жатат. Үйгө барсам атам, апам болуп чогуу жашайбыз.

– Апаң келсе эмне дейсиң?

– Апам “келем” деген да. Апам келсе “эмнеге мени селкинчектин жанына таштап кеттиң?” деп айтам.

– Апаң кетип жатканда сени кучактап, бетиңден өптү беле?

– Жок, жөн эле таштап кеткен. Апам экөөбүз Чаекте жашаганда деле апам мени кечинде жалгыз таштап коюп бир жакка кетип калчу. Эшик тарсылдаса жүрөгүм түшчү. Апамды күтүп уктап калчумун, апам болсо мен ойгонгондо келчү.

– Бул жерден дос таптыңбы?

– Жок, булар кыргызча билишпейт экен. Мен сүрөт тартып эле өзүмчө ойнойм. Өткөндө Ыргал эже (ред. Кадыралиева, депутат) мага келип кийимдерди сатып берип, анан мени үйүнө алып барган. Үйүндө бир баласы менен ойнодум. Анан мени кайра алып кетип калышты.

Абылканов Темиркан,Махабаттын айылдашы: “Махабаттын апасы куурчактай келбетинен жазбаган неме...”

 - Мен Сары-Камыш айылындагы мектептин мүдүрүмүн. Бир күнү жумгалдык журналист бала мага телефон чалып “байке, сиздер жакта Максат, Мадина деген жубайлар барбы?” деп сурап калды. Аларды таанырымды айтсам “ошолордун Махабат деген кызы барбы? Ал кызды апасы Бишкектен көчөгө таштап кетип, учурда ал Бишкектеги кароосуз калган балдарды кайра калыбына келтирүүчү борбордо экен. Тергөө кызматкерлери ата-энесин издеп жатышат. Сиз атасына кабар берсеңиз” деп калды. Анан мен ар кимден сураштырып олтуруп Максаттын бир тууган агасынын телефон номерин таап, аларга окуя тууралуу айтсам абдан таң калышты. Анан алар Максатка, ал келинчегине чалса келинчеги “кыз жанымда эле жүрөт, сени менен кечинде сүйлөштүрөм” дептир. Аны угуп кайра мага “байке, сиз бекер эле ызы-чуу кылып жаткан турбайсызбы. Кыз апасынын жанында эле жүрүптүр” дешти. “Апасы менен жүрсө жөн жерден “Азаттык” радиосунан айтмак беле” десем анан тактап олтурушуп кызды таап алышты. Мен бул үй-бүлөнүн жашоосун жакшы билем. Максат тогуз бир туугандын эң кенжеси. Ата-энесинен үй-жай, мал-жандын баары ага калган. Бирок келинчеги экөө жакшы жашап кете алышпады. Келин болсо жасанып-түзөнүп куурчактай келбетинен жазбаган неме эле. Мен аларды акыркы ирет 21-апрелде көргөм. Чогулушка Чаекке кетип жатсам Максат менен Мадина жолдун боюнда турушуптур. Кайда бара жатышканын сурасам Максат “болду, биротоло ажыраштык, бала менде калды, кыз апасы менен кетип жатат” деп кызы менен аялын менин машинама салган.

Замира эже, Махабаттын жеңеси: “Кыздын ыйлаганын көрүп баарыбыз кошулуп ыйлап, жүрөгүбүз ооруду”

 - Махабаттын атасы Максат менин бир тууган кайним болот. Биз келинибиз кызын көчөгө таштап кеткени тууралуу укканда шок абалында болдук. Чынын айтсак түркүн ойлор келип таң атканча уктабай чыктык. Эртеси Махабат турган жайга барып кызыбызга жолуктук. Жолдошумду “чоң аталап” тосуп алып ыйлады. Анын ыйлаганын көрүп баарыбыз кошулуп ыйлап, жүрөгүбүз ооруду. Бирок документтерин алып бармайынча бербейт экен. Ошондуктан азырынча алып кете элекпиз. Махабат ыйлаган бойдон бизди ээрчип калды. Айылдан документтери келгенче Махабатка күн сайын барып жолугуп жаттык. Эми документтери келди, буюрса бир-эки күндө алып кетебиз. Атасы болсо тынбай чалып кызын сурап, чыдамсыздан

ып күтүп жатат. Барып Махабатты атасынын колуна беребиз. Кыз андан ары атасынын колунда болот. Келин болсо азыр Максатка тынбай чалып “мен кызды жоготуп жибердим. Мени соттотпой коргоп калчы” деп суранып жатыптыр. Кантип “жоготтум” деп калп айтып жатат билбейм, кыздын кийимдерин баштыкка салып колуна карматып, атайын эле таштап кеткени билинип турбайбы. Билишибизге караганда Махабатты ал түшкү саат 12лер чамасында эле таштаптыр, аны эл түнкү саат 12лерде көрүшүптүр. Махабатты көрүп милиция кызматкерлерине кабар бергендерге ыраазы болуп жатабыз. Азыр үч жаштагы кыздарды зордуктап, өлтүрүп кетип жатышат. Дагы кызыбызды Кудай сактаптыр. Келиндин кызын эмнеге көчөгө таштап кеткенине такыр түшүнө албайбыз. Алар менен жакшылык-жамандыкта эле көрүшүп калбасак, ар ким өз турмушу менен алышып, айылга көп деле барчу эмеспиз. Кайним менен келинибиз таарынышып бир жарым жылдан бери чогуу жашабай калышканын гана билчүбүз.

 

Динара Чокоева