Зулум жашоого кор болгон Зулайка же гүлдөбөй кеткен Гүлнара Кадралиева

«Жакшы жүрмөк бар, жакшы өлмөк жок» дейт кыргызда. Кыргыз элине өзүнүн атына караганда тасма айдыңында «Ак илбирстин тукуму» тасмасынан энчиленген Зулайка деген аты менен таанылып, Кожожаштын Зулайкасы катары белгилүү болгон актриса Гүлнара Кадралиеванын аянычтуу өлүмү кыргыз элин кайгыга салды. ШИИБдин маалыматына таянсак, актриса 14-июнь күнү бешинчи кабаттагы үйүнүн балконунан бири-бирине уланган шейшептер аркылуу түшүп баратып кулаган. Тез жардам менен оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, эки күндөн кийин каза тапкан. Жараткан образы менен улуу-кичүү муунга бирдей жаккан актрисаны кыргыз эли таланттуу кызы катары эскерип туруусу - мойнундагы милдет.

 

Догдурбек Кыдыралиев, КРнын Эмгек сиңирген артисти: “Гүлнарага элинен да, күйөөсүнөн да колдоо болгон жок”

– Агай, тасмадагы келинчегиңиз Зулайка, турмуштагы кесиптешиңиз Гүлнара айым тууралуу жакындан билген адам катары эскерип кетсеңиз.

– 29 жашымда Т. Океевдин элге “Кожожаш” деп таанылган “Ак илбирстин тукуму” тасмасына тартылып калдым. Башкы каарман Кожожаштын аялы Зулайканы Гүлнара ойноду. Мен аны ага чейин Москвада бир жерде билим алган мекендешим катары таанычумун. Зулайканын образын абдан жакшы ачып берди. Ал кезде Гүлнара турмушка чыга элек 24 жаштагы кыз эле. Ал дайыма тамашалап мени “биринчи күйөөм” деп калчу. Кийин тасма Германияда көрсөтүлгөндө немистер атайын жаныма келип “аялың абдан сулуу болгон турбайбы. Анан эмнеге байдын токолуна барып жүрөсүң?” деп күлдүрүшкөн. Иш убактысында анча байкабаптырмын, немистердин сөзүнөн кийин жакшылап көз салсам, Гүлнара чындыгында абдан чырайлуу, келишимдүү экен. Мен Таттыбүбү Турсунбаевадан кийинки эле таланты менен чырайы бири-бирине дал келген актриса деп Гүлнара Кадралиеваны эсептейм. Тилекке каршы, драмалык чыгармаларды ийине жеткире аткара турган учурга келгенде тасмаларга тартылбай калды.

– Анын себеп-жайы эмнеде деп ойлойсуз?

– Гүлнара эле эмес, союз тараган ошол кезде Москвадан окууну аяктап келген чыгармачыл топтогулардын баары эле жумушсуз калып кыйын абалга кептелбедикпи. Ал эми Гүлнарага чыгармачылыктагы бул соккудан тышкары турмуштун кыйынчылыктары да катуу тийди. Гүлнара атасын көрбөгөнүн айтып калчу. Мен билгенден апасын карап да бир топ түйшүк тартты. Энесин акыркы сапарга өзү узаткан. Жолдошу режиссёр Нурлан Абдыкадыров менен ажырашкан соң төрт баланы жалгыз бой багып, чоңойтту. Уулун өзү Москвага жетелеп барып окууга тапшыртканын угуп сүйүнгөн элем. Бир жолу жолугуп калганыбызда Москвада жашаган кызы колдоп, турмушуна жардам кылып атканын айткан. Ошентип, жашоонун түйшүгүнө көп убактысын, күч-кубатын алдырып койду. Анын үстүнө өзүнүн жулунуп алайын, чыгайын дегенди билбеген жагы бар болчу. Чынын айтыш керек, талантка элинен да, күйөөсүнөн да колдоо болгон жок.

– Кесиптешиңиздин акыркы күндөрүнөн кабарыңыз бар беле?

– Ошол тирүүбүздө бири-бирибизден тез-тез кабар алып турбай жаңылат экенбиз да. Акыркы күндөрүнөн деле кабарым болбой калды. Зыйнатына барганымда элден “бир жума мурун кыздарын ээрчитип алып апасынын бейитине барып куран окуган экен. Кайтып келе жатышканда көзү өтсө апасынын жанына коюшун сураныптыр” деп аткандарын уктум. Кайран, аз жашарын сезген окшобойбу. 55 жашында апасынын жанында топурак жазданып жатып калды.

 

Таалайбек Кулмендеев, Кинематографисттер бирикмесинин жетекчиси: “Актрисанын мезгилсиз дүйнө салышы тасма тармагы үчүн чоң жоготуу болду”

– Гүлнара Кадралиева ВГИКтеги Алексей Баталовдон билим алып келген таланттуулардын сап башында турчу. Кыргыз киноматографисттер союзунун мүчөсү болчу. Кийин Ысык-Көл облусунун музыкалык-драма театрында, “Кыргызфильм” киностудиясында эмгектенди. “Ак илбирстин тукумунан” кийин Бекжан Айткулуевдин “Запкы”, бир кездеги жолдошу, режиссёр Нурлан Абдыкадыровдун “Петрарканын окуусу” тасмаларына тартылуу менен чектелип калды. “Петрарканын окуусу” тасмасындагы ролу үчүн 2007-жылы ШККУнун Ысык-Көл кинофестивалында “Аялдын мыкты образы үчүн” сыйлыгына татыктуу болгон. Актрисанын мезгилсиз дүйнө салышы тасма тармагындагы чоң жоготуу деп эсептейм. Табиятынан сахнанын адамы эле. Анын жагымдуу келбети, кайталангыс таланты акыркы кездеги тасмалардын бирине да тартылбай калганы абдан аянычтуу.

 

Нуртай Борбиев, КРнын Эл артисти: “Гүлнаранын сулуулугуна суктанып жатып тарткам”

– Гүлнаранын айжаркын талант экенин анын көзү өтүп кеткенден кийин баса белгилеп олтурганыбыз өкүнүчтүү. Бирок ажалга айла жок экен. Эми да эскерип турганыбыз жакшы. Мен операторлук кызматты аткарган “Ак илбирстин тукуму” тасмасындагы эң ийгиликтүү тартылган кадрлар Гүлнара катышкан жерлерде болгон. Ал нукура талант болгондуктан баарын кайталоосуз эң сонун ойноп берген. Зулайканын күйөөсү Кожожаш башка аялдан балалуу болгонун угуп боюн сууга таштамакка шар аккан чоң суунун жээгине барат эмеспи. Ошол жерде чын жашоосунда али жаш кыз болсо да кызганычтан жабыркаган аялдын образын эң сонун ачып берген. Ал айрыкча сулуу болгондуктан аккан жашы да өзүнө жарашып турчу. Ушул жери менен күйөөсү экөөнүн төшөктө жатып сүйлөшкөн жерин Гүлнаранын сулуулугуна суктанып атып тарткам. Андай талант эми кайталанбайт.

 

Марат Жанталиев, актёр: “Өлөрүнөн мурун жанына бейиттин топурагын алып алган экен”

– Гүлнара менен Москвадан Баталовдун чыгармачыл өнөрканасын бирге аяктагам. Ал жактан билим алып келген көптөгөн таланттардын биринчи тартылган чоң тасмасы “Кожожаш” болгон. Алардын катарында Гүлнара экөөбүз да болуп ал Зулайканын, мен жинди баланын образын жараттым. Зулайканын күйөөсүн ойногон актёр Догдурбектин фамилиясы менен уулунун ролун ойногон актёр бала Айбектин фамилиясы окшош эле. Ал эми Гүлнараныкы Кадралиева деп алардыкынан бир тамга менен айырмаланып турчу. Ал: “Бир тамгасы башкача болгондо окшош катталып чыныгы үй-бүлө болуп калмак экенбиз”, - деп тамаша кылганы эсимде. Гүлнара абдан жөнөкөй жана берешен адам эле. Колунда болсо бергиси эле келип турчу. Уул-кыздары Москвада болгондуктан узак жылдар ошол жакта жашап көп катышпай калдык. Чыгармачылыктан алыс болуп калуусуна да ушул себеп болдубу деп ойлойм. "Адам өлөрүн алдын ала сезет" дегенге дагы ишенип калдым. Гүлнара каза болорунан бир жума мурун алыстан келген кыздары менен бирге апасына куран окутуп келиптир. Андан кийин уулу каза болгон курбусуна куран окутуп барган экен. Алар бейиттин башына барып куран окутушканда ошол жерден бир ууч топуракты жанына алып алыптыр дейт. Эмнеге анткенин сурашса “керек болуп атат” дептир. Бирок кыздары үйгө киргиздирбей, сыртка таштатып салышкан экен. Ошентип, кыздары Москвага кеткенине 2-3 күн болгондо эле бул кырсык болуп кетиптир. Ажал экен да... Үч кызынын апалап ыйлаганын карап туруп жүрөгүм ооруду.

 

Гүлайым Калыбекова