Косметикалык майлар

Учурда дарыканалардан, дүкөндөрдөн косметикалык майлардын бир канча түрүн кезиктиребиз. Аты тааныш ал майлар медицина жана косметикалык тармакта кеңири колдонулуп жүрөт. Бул макаланын жардамы менен ал каражаттардын артыкчылыктарын кенен билип алып сиз да пайдаңызга колдонуңуз.

 

Уйгак майы (репейное масло)

Уйгак майынын курамында Е, А витаминдери, минералдар, протеиндер, эфир майы, инулин заты бар. Ал терини азыктандыруучу, калыбына келтирүүчү, нымдандыруучу касиетке ээ. Теринин кургактыгын жөнгө салып, кычышууну басат жана зат алмашууну калыбына келтирет. Баштагы капиллярдык кан агууну тездетип, чачты бекемдейт жана бат өстүрөт. Ошондой эле какач менен натыйжалуу күрөшөт.

Колдонуу: уйгак майын сууланган чачтын түбүнө чейин текши кылып сүйкөйсүз. Башыңызга плёнка кийип, сыртынан сүлгү менен оройсуз. 1-3 сааттан кийин чачыңызды шампунь менен жууп саласыз. Бул ыкманы жумасына эки жолу жасайсыз. Жакшы натыйжага жетүү үчүн ага бир чай кашык бал же коньяк кошуп койсоңуз болот. Беттин терисин азыктандыруу үчүн төмөнкү масканы жасасаңыз болот: 10 мл уйгак майына 10 г сулу акшагынан жасалган боткону кошуп, пайда болгон аралашмага теңме-тең кылып балды кошосуз жана таза бетте 15 мүнөт тындырып туруп жылуу суу менен жууп саласыз.

 

Кастор майы

Кастор майынын курамында рицинолеат кислотасынын чоң өлчөмү бар. Ал ич катууда, бензол, фенол, фосфор менен ууланганда, геморройдо, суук тийүүдө, бронхитте дары катары колдонулат. Ошондой эле денедеги жараларды, күйүктү айыктырат. Кастор майынын артыкчылыгы – зыянсыз, кош бойлууларга да, жаңы төрөлгөн балдарга да сунуштала берет.

Колдонуу: бронхит менен суук тийүүдө 2 аш кашык кастор майын жылытып, аны 1 аш кашык скипидар менен аралаштырып көкүрөккө сүйкөсө натыйжасын берет. Беттеги безеткини, бырышты, сепкилди, тактарды кетирүү үчүн бет майга же лосьонго 2-3 тамчы кастор майын кошуп сүйкөңүз. Же болбосо кастор майына зайтун майын, чычырканак майын теңме-тең кылып аралаштырып сүйкөсөңүз болот. Бирок түнү бою калтырып койбой, бетке сиңдирип туруп жылуу суу менен жууп салыңыз. Кастор майы кашты, кирпикти өстүрүү үчүн да колдонулат. Ал үчүн күн сайын жатарда тушь щёткасы менен каш менен кирпикти боёп коюу жетиштүү.

 

Эфир майлары

Ар кандай жытка ээ эфир майлары денени эс алдырып, стресстен арылтат. Эртең менен адамды сергек ойготот жана маанайды көтөрөт. Андан сырткары мурундун бүтүүсү, беттин майлуулугу, кургактыгы, чачтын түшүүсү жана какач менен активдүү күрөшөт.

Колдонуу: ваннага бир нече тамчы эфир майынан тамчылатып 20-30 мүнөт жатсаңыз, нервиңиз, булчуңдарыңыз эс алат. Бул үчүн лаванда, роза, ромашка, герань майлары ылайыктуу. Чачтын учтарынын эки ачакей болуп кетүүсү, кычышуусу жана какачты кетирүү үчүн шампунь, бальзам же кондиционерге 15-30 тамчы эфир майынан кошуп чачыңызды жуусаңыз болот. Идишке ысык суу куюп, ага эфир майынан тамчылатып ингаляция жасасаңыз, мурун, тамак ооруларынан, жөтөлдөн арыласыз.

 

Чычырканак майы

Бул майдын курамында фолий, аскорбин кислоталары, органикалык кислоталар, микроэлементтер – бор, темир, кремний, кальций бар. Окумуштуулар чычырканакта 24 минерал, 8 витамин жана 18 амин кычкылдары бар экендигин аныкташкан. Чычырканак майы кандагы холестериндин санын азайтат, көздүн ички кан басымын төмөндөтөт жана рак ооруларында химиотерапияны жеңил өткөрүүгө жардам берет.

Колдонуу: ден соолукту чыңдоо, организмди витамин менен камсыз кылуу үчүн күнүгө тамактанардан жарым саат мурун бир чай кашыктан ичүү керек. Гинекологиялык ооруларда тампонду майга малып түнкүсүн колдонот. Ринит жана сасык тумоодон арылуу үчүн майга кебезди малып мурунга бир нече убакытка салып коюу керек. Косметологияда болсо беттин, колдун, буттун кургап кетүүсүндө бет майга чычырканак майынан 1-2 тамчы тамчылатып колдонсоңуз болот.

 

Кокос майы

Кокос майынын 50 пайызы лаурин кислотасын түзөт. Ал микроб, грибок, вирустарды жок кылат. Бул кислота эмчек сүтүндө да (3%) кездешет. Анын жардамы менен ымыркайдын организми ар кандай терс факторлордон коргонот жана иммунитети чыңдалат. Ошондуктан эмчек эмизген эне кокос майын ичсе, лаурин кислотасы 18 пайызга чейин көтөрүлөт. Мындан сырткары кокос майы миристин, пальмитин жана башка бир топ кислоталарды, антиоксиданттарды камтыйт. Алардын таасиринде тамак сиңирүү жакшырып, салмак азаят.

Колдонуу: денедеги түктөрдү кыргандан кийин кокос майын сүйкөп койсо, тери эс алып, нымдашып, дүүлүкпөй, кычышпай калат. Тырыктарды кетирүү, төрөгөндөн кийинки дененин чоюлушун калыбына келтирүү үчүн 1-3 чай кашык кокос майына 3-5 тамчы розмаринди аралаштырып маселе жараткан жерге 3-5 мүнөт укалоо жасоо менен сүйкөйсүз. Арыктоо үчүн кокос майынан күнүгө 3 маал тамактанардан 20 мүнөт мурун 1 аш кашыктан ичүү керек.

 

Эскертүү: жогорудагы майлар аллергияны же жагымсыз сезимди чакырбашын билүү үчүн колдонордон мурда анча чоң эмес өлчөмдө тест жасап көрүңүз.

 

Шааркан Абдуллаева