Залкарлардын башын кошкон «көчө» тасмасы

«Ээй, аппагым/ сен менен кетти жаш чагым». Бул ырдын биздин, биздин ата-энебиздин, керек болсо айрым чоң ата, чоң энелердин да сүйүү тарыхында орду бар. Дал ушул ырдагыдай сүйүүнү абдан кылдаттык менен чагылдырган тасма жөн гана «Көчө» деп аталат. Кереметтүү кыргыз айылдарынын бириндеги карапайым элдин жашоосун карап олтуруп эле тасманын аягында махабатка болгон берилүүң артып, ашыктык арзууң тутанып, ажайып сезимдин кучагында каласың.
Бүгүн «Көчө» тасмасы тууралуу сүйлөшөбүз.

Режиссёру: Геннадий Базаров

Сценарийин жазган: Мурза Гапаров

Операторлору: Марлест Туратбеков, Виктор Дурандин

Тарткан өлкө: СССР

Чыгарган студия: «Кыргызфильм»

Тартылган жылы: 1972-жыл

Бет ачары: 1973-жыл 8-октябрь, Москва шары

Башкы ролдордо: Абаз – Чоро Думанаев, Малика – Мамлакат Кылычова, Туман – Насыр Кытаев, Борош аба – Муратбек Рыскулов, Бороштун зайыбы – Алиман Жангорозова, Сейил – Бакен Кыдыкеева, Унсун чоң эне – К. Рысмендиева, Ормотой – Советбек Жумадылов, Жалил – Нуртай Борбиев.

 

Геннадий Базаров, КРнын Эл артисти, кинорежиссёр: «Бул эмгегим менен абдан сыймыктанам»

– Бир күнү кайталангыс улуу инсан Мурза Гапаров чакан аңгемесин алып келип: «Тасма кылып тартса болобу?» - деп калды. Карасам эң сонун тасма чыкчудай экен. Дароо: “Сценарийин жазыңыз”, - дедим. Көп өтпөй сценарийи даяр болуп тартуу ишине кириштик. Тасманы Мурза Гапаровдун кичи мекени Ноокаттан тартканбыз. Ал эми эл көчүп барган айыл Токтогулдагы айылдардын бири эле. Ал кезде Токтогул ГЭСи курулуп жатканына байланыштуу дал чыгармадагыдай болуп эл жашап келген айылынан башка айылга которулуп, жаңы айылдар курулуп, анда жаңы көчө, жаңы тамдар салынып жаткан. Биз тасма тартуу үчүн тандаган айыл сценарий үчүн жаралгандай эле. Тасмага тарткан көчө ал айылга түшкөн биринчи көчө экен, ал эми сценарийдеги Жалилдин «эки кабат кылып курам» деп мактанган үйү даяр экен. Ал негизи бала бакча беле же медпунктпу, айтор, мамлекеттик имарат экен. Ноокаттын эли бизди жакшы кабыл алып, кошо тартышып, колдорунан келген жардамдарын кылышкан. Жергиликтүү элдин биз билбеген сырларын үйрөтүп ишибизди жеңилдетишкен. Короздордун урушу окуяны курчутуп жүрүп отурат эмеспи. Андыктан короздорду жакшылап уруштуруш керек болду. Ал үчүн бир короздун убалына калган элек. Атайын базарга барып килейген эки короз сатып келдик. Урушушпайт. Ойлонуп, амал кылып арак бердик. Бирине бир стакан жуткузуп туруп коё берсек эч нерсе болгон жок. Арты-артынан дагы ичирдик. Короз «куу-ку-куу...» деп чалыштап барып кулады да, өлүп калды. Башыбыз катып олтурсак жергиликтүү бир тургун: «Атайын уруша турган короздор бар. Дем алышта базарда короз уруш, бөдөнө уруш деген тамашалар болот. Ошолорго барып сурагыла», - деди. Ошентип, атайын “урушчаак” короздорду сатып келип тарттык. Тасма теледен жылт этери менен ордумдан жылбай олтуруп көрөм. Ар бир жолу ошол кездеги окуяларды эстеп жылмайып алам. Кыргыз таланттарынын каймактары менен эң көңүлдүү иштеген элем. Бул эмгегим менен абдан сыймыктанам.

 

Чоро Думанаев, КРнын Эл артисти: «Көчө» тасмасын көргөн сайын көңүлүм ооручу болду»

– Көпчүлүк сүйгөн «Көчө» тасмасы - жаштыгыңыз сакталып калган бирден-бир чыгарма. Тасма сизге да жакса керек?

– Албетте, жагат. Бул мен үчүн акжолтой тасма. Аталган тасмага тартылуума сценарийдин автору Мурза Гапаров себепчи болгон. 1970-жылдары Баткендин өрүкзарында «Уркуя» тасмасына тартылып жатканбыз. Мурза ага мени ошол жерден көрүп калып: «Мына Абаз», - деп режиссёрго сунуштап, анан тартылып калгам. Тасма 1972-жылы башталып, жазды күтүп калганыбызга байланыштуу 1973-жылы тартылып бүттү. Ошол жылдары төрөлгөн балдар азыр кырк бешке таяп калышты. Менин сыймыктанганым азыр да залкар инсан деп бааланган ошол кездин атактуулары менен бирге ойногонум болду. С. Күмүшалиева, С. Жумадылов, М. Рыскулов, Б. Кыдыкеева, А. Жангорозова - эмне деген залкарлар. Санарип деген чыкканы бул тасманы ар бир каналдан байма-бай көргөзүп калышты. Кээде бир жумада эки-үч жолу көрүп калам. Бирок убакыт өткөн сайын тасманы көрүп кубанбай эле, кейичү болдум. Тасмада ойногондордун 90%ынын көзү өтүп кетиптир. Аларды ойлоп олтуруп көңүлүм ооруйт.

– Тасмада ырдаган «Аппагым» ырын жашооңузда да ырдадыңызбы?

– Жоок, мага Кудай үн бербептир. Жашоодо турсун, ошол тасмада да ырдай алган эмесмин. «Аппагым» - атайын тасма үчүн чыгарылган ыр. Андыктан каарманы тасмадагы Малика десек болот. Тасма тартуучу топ тасманын дагы жакшы чыгышы үчүн жагымдуу ыр издеп калышат. “Жаштардын таза сезимин, сүйүүнү камтыган ыр болушу керек” деп Ашым Жакыпбековго айтышып, ал сөзүн, обонун белгилүү обончу Мукан Рыскулбеков жазат. “Ыр абдан жакшы чыкты” деп кубанышты. Бирок жаздырууга келгенде кашайып мен ырга жарашпай калдым. Он беш дубль болду, эч ырдай албай койдум. Геннадий Базаров: «Болот, бул жерге профессионалдуулуктун кереги жок. Баары жандуу, табигый болушу керек. Кандай ырдаса, ошондой калсын», - дейт. «Жакшы ыр болгону турат, биротоло жакшы чыгаралы» деп авторлор тызылдап болушпайт. Ошентип олтуруп акыры Эрмек Мойдуновго ырдатышты. Ал да бир талант эле го. Бир ырдаганда эле жарашып калды. Тасмадагы үн ошол Мойдуновдуку.

– “Аппагыңыз” тууралуу айтып кетсеңиз, ал актрисаны башка тасмалардан кезиктире албайбыз го…

– Маликаны Мамлакат Кылычова деген кыз ойногон. Ал кесиби боюнча актриса эмес эле. Ага чейин Базаровдун «Саманчынын жолу» тасмасында эпизоддук ролдо ойногон экен. Мамлакат тартылган жалгыз тасма ушул «Көчө» болуп калды окшойт. Ошол тасмага тартылып жаткан маалда оператордун экинчи жардамчысы менен жактырышып, кийин ага турмушка чыгып кеткен.

 

Нуртай Борбиев, КРнын Эл артисти: Нуртай Борбиев, КРнын Эл артисти: “Нуртай болуп таанылбаган жүзүм Жалил болуп таанылган”

– Бул тасма тартылган жылы мен отуз бештерде болгон экенмин. Режиссёрдун тандоосу менен тасмада Жалилдин образын жараттым. Ага келбетим абдан дал келген үчүн тандалсам керек, болбосо актёрдук билимим жок да. Бул тасмага чейин Геннадийдин “Саманчынын жолу” тасмасында согуштан жалгыз кайтып келген аскер болуп кичинекей жерге тартылгам. “Көчөдөгү” образым кенен болгондуктан режиссёрду бир топ кыйнадым. Ага чейин операторлук ишим менен актёрлордун бетине камера такап укмуш иштечүмүн. Анан камера өзүмө караганда айта турган кебим оозумдан түшүп, муунум калтырап сүрдөп кетип аттым. Көйрөң Жалил ошентип атып тартылган. Ар бир кыймылым режиссёрдун нускоосу менен ойнолгондуктан бул ишим менен сыймыктанган деле жокмун. Негизи эле мен өзүмө-өзүм жакпаган адаммын. Бул тасмага тартылгандагы бир утушум ушул болду - дайыма режиссёрлук, операторлук кызмат менен тасманын артында калып таанылбай келген жүзүм элге Жалил болуп таанылды. Тасма чыккандан кийин элдин “Көчөдөгү” тиш доктур”, “тасмадагы өпкө киши” дегендерин угуп ичимден тымызын кубанып калчумун.

 

"Аппагым"

Сөзү: Ашым Жакыпбековдуку

Обону: Мукан Рыскулбековдуку

Өмүрүм күлгүн көктөмдө,

Өрүкзар гүлүн төккөндө.

Өрөпкүп жүрөк кубанды,

Өзүңдү алгач өпкөндө.

Ээй, аппагым,

Өкүнөм ал күн өткөнгө.

 

Жанымда жүрсөң жанаша,

Жоодурап күлө караша.

Жылдыздар көктөн суктанды,

Жамалың менден талаша.

Ээй, аппагым,

Бөлүнгөн элек таң ата.

 

Жолугар жерден бактагы,

Кайрылып сени таппадым.

Күбүлүп жатты шамалга,

Өрүктүн гүлү шактагы.

Ээй, аппагым,

Сен менен кетти жаш чагым.

 

Гүлайым Калыбекова