Ууру сезим

(Башталышы өткөн санда)

Айнек өгүнү телефонун чукулап олтуруп Күмүшайдын ысмы чыкканда аны өчү бардай өчүрүп салган. Ошол учурда өзүнө күнүлөш болуп калган курбусун жек көрүп, анан аялдык ач көздүгү менен Тынчтыкты өзүнө менчиктеп, классташын мыскылдап да алган. Күмүштүн номерин жатка билбегендиктен бейтааныш сандарды карап алсамбы, албасамбы деп ыргылжың турду. Мелис болбоду бекен деген коркунучтуу ойдон улам да алгысы келбеди. Бирок бул номер азыр жан койгудай эмес. Ар он мүнөт сайын кайталап чала берди.

***

Күнүн көңүлдүү баштаган Тынчтыктын маанайы жумушуна кирери менен бузулду. Кесиптештеринин “бүгүн да айлык берилбейт экен” деп сүйлөшүп атышканын угуп эле эч кимден бышыктап сурагысы келген жок. Бул жерде “айлык берилет” деп айтылып, бирок берилбей калышы мүмкүн, бирок “берилбейт” деп бир айтылган соң сөзсүз берилбейт. Бая күндөн бери Айнек үчүн акчаны бир кесиптешинен карызга алып урунуп “айлык келери менен берем” деп ушул күндү баса белгилеген болчу. Эми карызын дооласа эмне дейм деп кыжалаттанып калды. Айнекке акыркы акчасын карматып келбеди беле. Кайра дагы кем-карчын толуктап бериш керек эле. Календарын караса Күмүшайдын да “азык-түлүк жок калды” деп айтчу убактысы келип калыптыр. Бирөөдөн жашоо үчүн акча сурамак турсун, тамеки күйгүзүп алуу үчүн ширеңке сураганды жактырбаган Тынчтык өзүн жаман сезип отурду.

***

– Салам Айнек, жакшысыңбы? Ден соолугуң, маанайың? Балдар кандай? Аяшчы? – катарынан жааган суроолор апкаарытып Айнек үндү айра тааный албай жатты. Баарына бириктире кыска гана “жакшы” деп жооп кылып, үндү күтүп калды.

– Жакшы болсоң болду. Эмне кылып атасың? – Айнек Күмүшай экенин эми тааныды. Коркуп кетти.

– Жүрөм. Эмне болду? – үнү калтырап чыкканын өзү байкаган жок.

– Ой, эмне анча кекеттиң? Ал-жай сурашып турсак болобу? – Күмүшайдын күлкү аралаш чын дилден айткан кеби келин үчүн мазак, кекенген какшыктай туюлду. Эмне десе дагы даяр болоюн дегендей, - болот, - деди суз.

– Айылда элесиң да ээ, күйөөң ичпей калдыбы?

Жанындагы балдары жарылдап алда нени айтып сырын ачып койбосун деп сактанган келин балдарынан четтей басты. Күмүшайдын “айылдасыңбы?” деген суроосунан улам чындап эле жөн салды чалып атканын билип жүрөгү ылдыйлай түштү.

– Ооба, айылда.

– Аа, мен болсо жүрөм, – Айнектин бир ооз абалын сурап койбой көңүлсүз сүйлөшүүсү жанатан берки сырдашууга болгон каалоосун муздатып ийди.

– Эмне жаңылык, үйдөгүлөр? - “Тынчтык?” деп суроого кызганычы жол бербеди.

– Жаңылык көп, үйүбүз жаңылыкка толуп кетти.

– Ии, жакшы.

– Айнек, “жакшы” дейсиң да. Эмне болуп калгансың, араң сүйлөп эле? Жакшы эмес, – Күмүш албууттанып бир тийди, - жаман, эң жаман.

– Жакшы-жаманыңды мында туруп мен кайдан билейин, – чынында Айнек курбусунун “жаман” деген кебинин артында эмне жатканын билип эле турду. Айнектин жумшак чыккан үнүнө эреркеп кеттиби же баары бир айтышым керек деп күүлөнүп алганбы, Күмүшай эрди-эрдине тийбей жебиреп кирди.

– Жатабыз, окшош күндөр. Балдар менен күйпүл ала болуп эле күн өтүп атат. Аяшың болсо таанылгыс болуп баратат. Бая бир айтпадым беле, эсиңдеби, “бирөө жарымы бар окшойт” депчи? Жаңылбай эле сезиптирмин. Ал бир ойнош таап алды, акмак. Түндө да келген жок. Анысы менен таза эле жашап алгысы бар окшойт. Алло, угуп атасыңбы?

– Ии, - Айнектин бүт денесин майда калтырак басып баратты.

– Ууф, эмне кылышты да билбей калдым. Ия, Айнек, сенин күйөөңдүн да келбей калган күндөрү болобу? Бирок айылда минтип ойнош күткөндөрдүн абийири заматта ачылып калат да ээ? – Күмүшай өзү сурап, өзү жооп берип сүйлөй берди. Анын улам сайын кайталаган “ойнош” деген сөзү келиндин эми гана сүйүүгө толуп, эми гана бакыт деген кереметтин жылуулугун сезе баштаган жүрөгүнө бычактай сайылып, кулагынан кирип бүт денесин муздатып жатты.

– Айнек, күйөөң үйгө келбей калса эмне кылат элең ия?

– Билбейм.

– Мен да билбей атам. Өзүнөн сурап, дегеним менен айтчудай эмес. Кайдан айтсын. Эркектин баары эле окшош да. “Эрим ойноп атат” деп да айта албайт экенсиң бирөө жарымга. Бири-бирибизди бала кезден билебиз, анын үстүнө биздин бүлөнүн жакшылыгын көрүп калды, “сырыбызды ачпайт” деп сага айтып атпаймынбы.

Айнек Күмүштүн кептерин көтөрө албай баратты. Ичинен “бала кездеги бир момпосуй берип эки күн дооламайың дагы деле калбаптыр ээ?” деп ойлоп койду.

– Ойлоно берип башым катты. Ишенесиңби, көрмөксөн, билмексен болууга чыдамым жетпей калды. Бир чуу чыгарып туруп кайын журтумдун баарын чакырсамбы ия? Балким, ошондо эсине келип этегин жабар. Же эч кимге шек билгизбей эле артынан аңдып көрсөмбү?

– Кантип? – чочуганын жашырбады.

– Ошентип эле аңдыйм. Кечээ эле карегиңди карап, үйгө шашып турган күйөөң кайда кеткенин айтпай түндөп жоголуп, үйгө түнөсө тескери карап жатып алса жаман экен, Айнек, – Күмүштүн үнү каргылданып кетти, – ары же бери болбосок болбойт.

(Уландысы кийинки санда)

 

Гүлайым Калыбекова