Болот ТҮРКБАЕВ: «Тамакты даамдуу жасагандан ырахат алам»

Кубансак болот, күн өткөн сайын аялдардын түйшүгү жеңилдеп, азайып баратат. Кир жуучу, идиш жуучу машиналар, үй тазалаган чаң соргуч, ашканадагы оригиналдуу буюмдар... Ал турсун, эми үй ээсин ордунан козгобой туруп коногун тосуп берип койгон кызматтар пайда болду. Дасторкондун берекесин арттырып, кожойкелердин коногун татыктуу тосуп, ыраазы кылып узатып келе жаткан ашпозчу Болот менен тааныштырабыз.

– Болот, ашпозчулук негизинен аялдарга таандык кесип эмеспи, сен кандайча кызыгып, бул кесипке ээ болуп калгансың?

– Атам да, апам да тамакты абдан мыкты жасашат. 7-классымда тамак жасоого кызыгуу пайда болду. Баладай болуп ойнобой, апама жардам берип ашканада жүрдүм. Апамдан, гезит беттеринен тамактын түрлөрүн үйрөнүп жаттым. Мектепти аяктаган соң мигрант болуп Москвага бардым. Алгач кафелердин бирине официант болуп ишке киргем. Официант болгонума карабай ыгы келе калганда азыктарды кооздоп кесише койчумун. Аны байкаган жетекчи дароо: «Сенин кескендериң өзгөчө экен, эми ашпозчу болуп иштейсиң», - деди. Жаңы ишиме кубануу менен киришип, бардык нерсени бат эле өздөштүрүп кеттим. Андан кийин тажрыйбамды кеңейтүү үчүн бир нече кафе, ресторандарда иштедим.

– Атайын билим алдың беле?

– Жок, баарын шыгым менен гана өздөштүрдүм. Жаңы тамактардын рецепттерин гезиттерден эле үйрөнгөм. Ашпозчу болуу үчүн негизгиси каалоо, анан фантазия болушу керек. Гезит, интернеттеги тамактардын баарынын эле жыйынтыгы ийгиликтүү боло бербейт. Себеби ар бир ашпозчунун өзүнүн сыры бар, рецепттин кайсы бир кошулмасын жаздырбайт. Андан улам тамактын даамы чыкпай, окшошпой калат. Ошондуктан ашпозчу анын сырын таап, тамактын даамын чыгара ала турган фантазияга ээ болушу керек. Анан да ашканага деле талант талап кылынат. Мисалы, бир тууган эжеме үйрөтөм деп канча аракет кылдым, тамак жасоого талантсыз экен, үйрөнө албай койду.

– Атайын чакыруу менен үйлөргө барат экенсиң, кафе, ресторандарда иштебей калдыңбы?

– Кафе, ресторандарда иштегенде эркин убактың жок болуп калат. Ошондуктан ал тармакта иштебей калдым. Учурда өзүм эркин график менен иш алып барам, тактап айтканда, чакыруу менен банкет, фуршет, той кылган же жөнөкөй эле конок тоскон үйлөргө барып кызмат кылам. Мени интернет аркылуу кетирген жарнамам аркылуу чакырышат. Жандуу жарнама да жакшы жардам берет, мисалы, бирөөнүн үйүндө конок тоссом, келген коноктор маалымат алып кетип, өзүлөрү мейман күткөндө чакырышат. Учурда чакырууларга барып, андан сырткары кулинардык курста сабак берип көп нерсеге жетишип атам.

– Үйлөргө кандай шарт менен барасың?

– Конок келчү күндөн мурунку күнү барып тамак-аш, салаттардын түрүн сунуштайм. Тандаганына жараша ар бир азыкты ченеми менен жазып берип, үйүндөгү идиштерин да билип кетем. Дасторкон жасоого барганда бычак, кыргычтарымды ала барып заматта даярдап берем. Аялдардын көпчүлүгү азыктарды туура пайдаланганды билбей таштандыга ыргыта беришет. Мен эч бир азыкты таштандыга кетирбейм. Мисалы, көк пияздын учунан жок дегенде гүл жасап салатка кооздук берип коём. Таң калып калышат.

– Жасаганыңды жактырбай койгон кожойкелер да болобу?

– Мен тамак даярдап жатканда үй ээсинин кошо аралашып жүргөнүн жактырбайм, андыктан башында эле: «Ашкананы бошотуп бересиз, эгерде бир нерсе туура эмес болсо, аягында айтыңыз», - деп айтам. Кудай сактасын, ушул учурга чейин бир да жолу терс пикир уга элекмин. Тескерисинче, баары даяр болгондо таң калганын жашырбай «муну жебей эле, карап олтуруш керек экен» деп калышат.

– Конок тоскон үйдө кайсы убакка чейин болосуң?

– Эгерде салаттарга гана буйрутма болсо, дасторкон даяр болгондо кете берем. Ал эми биринчи, экинчи тамактарын да жасатууну каалашса, акыркы тамак куюлганга чейин турам. Айрымдар конокторуна баарын өзүлөрү жасагандай түр көрсөткүлөрү келет. Андайлар тамагынан бери бышырып даярдап койгондон кийин «бара бер, өзүбүз куюп беребиз» деп кетирип жиберишет.

– Кызмат баасы канча?

– Атайын бир баа жок. Анткени 10 адамдан 100 адамга чейин чакырылган коноктор болот. Андыктан келишим баа ыңгайлуу. Айрымдар эмгекти жактырып өзүлөрү баалап келишилген баадан жогору акча беришет.

– “Кулинардык курста сабак берем” деп калдың, ал тууралуу да айта кетсең.

– Бул курсту Үмүт деген мыкты ашпозчу эже экөөбүз иштетебиз. Мен европалык тамактар, эже улуттук тамактар боюнча сабак берет. Бул жерге каалоочулардын баары келип кулинардык жактан сабак ала алышат. Баасы алты миң сом. Учурда он эки адам окуйт. Окуу мөөнөтү бир ай, сертификат берилет. Жуманын алты күнү эки сааттан окушат. Бизге улан-кыздардан тартып кош бойлуулар, 50 жашка чейин айымдар келишет. Ар бири бир ай ичинде бир нече тамактын түрүн үйрөнүп кетишет.

– Тамак жасагандан тажаган учурлар болобу?

– Жумушуңду сүйсөң тажоо деген болбойт. Тескерисинче, тамакты кооздоп, даамдуу кылып жасагандан ырахат алам. Айрым аялдардын тамак жасагандан тажаганын угуп таң калам. Үйдөн да эринбей өз колум менен тамак жасайм, көп учурда салат жасап жейм. Бирөөнүн тамагын оңой менен жактыра бербейм.

– Бойдок экенсиң, кыздар менен таанышканда ашканага болгон жөндөмүнө карайсыңбы?

– Албетте, караш керек, болбосо анын жасаганы мага жакпай экөөбүз урушуп жүрбөйлү (күлүп).

 

Болоттон «Раффаэлло» салаты

Кандай азыктар керек?

Тооктун төш эти: 200 гр

Сыр: 100 гр

Краб таякчалары: 100 гр

Сарымсак: 2 тишче

Көк пияз: 30 гр

Майонез: 60 гр

Кооздук үчүн салат жалбырагы

Татымына жараша туз, кара мурч

Кантип жасалат?

Сууга бышкан тооктун этин майда кубик түрүндө туурайбыз, ага кыргычтан өткөрүлгөн сыр менен сарымсакты, майда тууралган көк пиязды кошобуз. Туз, мурч салып, майонезге аралаштырабыз. Кыргычтан өткөрүлгөн краб таякчаларына аралашманы тоголоктоп алып оонатып, тарелкага кооздоп салабыз. Салат даяр.

Байланыш телефону 0700 50 50 63

 

Динара ЧОКОЕВА