Мээрим АМИРКУЛОВА, ырчы Айардын менеджери: «Мындай клипти Кыргызстанда бизге чейин эч ким тарткан эмес»

“Ардагым”, “Ашыгам сага”, “Көл үстүндө”, “Тамчым менин”, “Карындаш”, “Биздин каттар”, “Махабатым” жана “Бото көз” аттуу ырлары менен эл жүрөгүнөн түнөк таап, кыздардын жүрөгүнө чок салган жылдыздуу ырчы Айар жакында “Ашыгам сага” аттуу ырына клип тартты. Жакшы саамалыкты бизге ырчынын менеджери Мээрим Амиркулова билдирди.

– Мээрим, бул Айардын канчанчы клиби?

– Буга чейин Айардын “Карындашым”, “Ардагым”, “Карлыгачым” жана сөзү, обону өзүнө таандык “Тамчым менин” аттуу ырларына клип тартылган. Ал эми жакында элге тартуулана турган клиби “Ашыгам сага” аттуу ырына тартылды. Аталган ыр элге жагып радио угармандардын суранычы менен көп коюлган ырлардын катарына кирет. Клип ырдын популярдуулугуна татыктуу тартылды деп айта алам. Мындай клипти Кыргызстанда бизге чейин эч ким тарткан эмес десем болот. Алгачкылардан болуп биз ачылыш жасаганы жатабыз.

– “Кыргызстанда биринчи жолу өзгөчө тартылган клип” деп кызыктырып атасың. Эмнеси менен өзгөчө?

– Биз 3D анимациянын жардамы менен Айарга жүрөгүнүн ээсин таап берчү кичинекей досун жасадык. Ал досу Айардан башка эч кимдин көзүнө көрүнбөйт. Клиптин өзгөчөлүгү ушунда.

– Клиптин сценарийин ким жазды?

– “СинемАрт” продакшн студиясынын аниматор жигити Аязбала жазды. Ал ырга клип тартуу тууралуу сунуш түшкөндөн кийин өзүнүн оюн биз менен бөлүштү. Анын ою Айарга жана “СинемАрт” продакшн студиясынын жалпы жамаатына жагып клипти тартып баштадык. Кудай буюрса, июлдун аягында теледен кете баштайт.

– Бул эмгектен кийин Айар чыгармачылык менен алектенүүсүн уланта береби же жайкы эс алууга чыгабы?

– Жок, Айар, тескерисинче, кызуу иштин алдында турат десем болот. Себеби ага продюсерлик кылган “СинемАрт” продакшн студиясы Айардын “Көл үстүндө” аттуу ырына клип тартууга даярдыктарды көрүп жатат.

 

Даткайым ДОСМАТОВА