Шоколад иммунитетти көтөрүп, стресстен арылтат

Шоколад — дүйнөдөгү эң популярдуу десерт. Адамдар бул азыкка жыл сайын 7 миллиард доллар жумшап, өтө көп өлчөмдө жешет экен. Окумуштуулар шоколадды сыйкырдуу жана дарылык касиети бар деп эсептешет.

Шоколад эмне үчүн пайдалуу?

– Какаонун курамындагы теобромин ырахат гормонун иштеп чыгарууну жөнгө салат;

– Фтор, фосфор, магний, кальций, темир майда элементтери, антиоксидант бар;

– Эс тутумду жакшыртат;

– Иммунитетти бекемдейт;

– Кубат берет;

– Жүрөк жана кан тамырларга пайдалуу;

– Стрессти жеңилдетет;

– Өтө жогорку холестериндин деңгээлин түшүрөт;

– Организмди сергитет;

– Кариеске каршы каражат;

– Сөөк ткандарын бекемдейт;

– Артериалдык кан басымды нормалдаштырат;

– Теринин сулуулугу үчүн пайдалуу;

– Маанайды көтөрүп шыктандырат;

– Атеросклероз оорусунун бардык түрүнө дары;

– Суткасына 45 граммдан шоколад жесе, инфаркт болбойт;

– Ооруксунтууну төмөндөтөт;

– Жаш өтүп бара жаткандарды мыкты физикалык формага келтирет.

 

Кимдерге зыяндуу?

Чегинен ашык жесе табитти күчөтөт, андан улам ашыкча салмакка алып барат;

Кант диабети барларга жегенге тыюу салынат, шоколаддын курамындагы кант кандагы канттын деңгээлин абдан бат көтөрүп жиберет;

Аллергиялык ооруларды күч алдырат;

Жаш балдарга 2-3 жашка чыкканга чейин эч кандай шоколад бербөө керек;

Подагра оорусу барларга сунушталбайт.

 

Сапаттуу шоколадды кантип тандоо керек?

Курамына көңүл буруу керек. Майдаланган какао чыныгы, пайдалуу шоколадга сөзсүз түрдө кошулат. Анын ордуна какао порошогу кошулган болсо, муну өндүрүүчүлөрдүн үнөмдүү иш алып барганы деп билиңиз. Бирок какао порошогунун зыяны жок. Ал эми кабаттарынын агыш тартып калуусу анын жасалма же бузулуп кеткенинен эмес, туура эмес жайда сакталганынан кабар берет. Шоколаддын муздаткычта сакталганы туура эмес. Чыныгы шоколад оозго киргенде дароо эрийт, керек болсо колго тийгенде. Шоколаддын этикеткасында E 322 деген белги болсо, курамында лецитин бар деп билүү керек. Лецитин баш мээнин кабын коргоп турат, адам организминдеги нерв жана булчуң клеткаларынын 17 пайызы лецитинден турат. Адамга физикалык, эмоционалдык күч келүүдөн улам лецитиндин бир канча бөлүгү короп, анын жетишсиздигинен дайыма чарчоо, кыжырдануу сезимдери болуп, эс тутум жоголот. Андыктан шоколаддын курамында лецитин барына көңүл коюу керек.

Баасына көңүл буруу керек. Сапаттуу шоколад эч качан арзан болбойт. Ошондой эле жакшы шоколад жылтырап көрүнөт. Түсү каныккан, күңүрт күрөң болот, эч качан кара болбойт.

 

Шоколад тууралуу кызыктуу фактылар

11-июль күнү дүйнө жүзү эл аралык шоколад күнүн белгилешет.

Дүйнө жүзү боюнча алдыңкы шоколад сүйүүчүлөр – швейцариялыктар. Аталган өлкөнүн бир жашоочусу жылына орто эсеп менен 10 килограмм шоколад жейт.

Бир килограмм шоколад жасоо үчүн 500 мөмө керектелет, бир дарак жылына 50дөй гана мөмө байлайт. Какао дарагы өнүп чыгуусу үчүн 200 жыл керектелгенине карабай болгону 25 жыл жемиш берет.

Нью-Йорктун кондитерлери шоколаддан эң бийик мунара жасашкан. Мунаранын бийиктиги 6 м 40 сантиметр болгон. Бул үчүн миң килограмм кара шоколад жана 30 саат убакыт корогон.

Шоколаддан жасалган чымчыгы бар эң чоң саатты Германиядан кездештирүүгө болот.

Америкада шоколаддуу жумуртканы сатууга тыюу салынат. Ал жакта желбей турган нерселерге окшоштуруп азык жасоого мыйзам жол бербейт.

Эң оор шоколад Италияда жасалган, анын салмагы 2280 килограммды түзгөн.

 

Шоколаддын түрлөрү, пайдасы жана зыяны

Ак шоколад

Пайдасы: Ак шоколад лецитин, ванилин, жаңгак, кокос, мейиз жана башкалардан жасалат. Жогорку жыпар жытынан, курамындагы канттын аз өлчөмүнөн улам ак шоколаддын пайдалуу экенин билүүгө болот. Ак шоколад Е витаминине бай. Ал кош бойлуу аялдардын түйүлдүктү жакшы көтөрүүсүнө жардам берет. Ошондой эле кант диабетинин алдын алат. Курамындагы танин суук тийүүгө, өнөкөт астма, өпкө оорусуна каршы каражат болуп эсептелинет. Азык өзүнө ооруну сездирбөөчү, мээнин кан айлануусун жакшыртуучу кофеинди камтыйт. Ак шоколад косметологияда да колдонулат, ал дененин сыйрылган жерлерин, жаракаттарын айыктырат. Андан кургак, сезгенген териге маска жасаса абдан пайдалуу. Өзгөчө өткөөл курактагы безетки менен мыкты күрөшөт. Назик терини шамалдан, сууктан коргоп, келбетти жакшы көрсөтөт.

Зыяны: Ак шоколаддын зыяндуу жагы курамында сүт каймагынын көп болуп, калориясы жогору экени. Андыктан ашыкча салмак менен жапа чеккендерге сунушталбайт. Ошондой эле аллергиясы барларга болбойт, курамындагы какао майы катуу дүүлүгүүнү пайда кылып, керек болсо кан басымды көтөрөт.

 

Кара шоколад

Пайдасы: Кара шоколад акыл-эстин ишин мыкты жөнгө салат. Өзгөчө студенттер менен окуучуларга сынак учурунда жеген абдан пайдалуу. Япониянын окумуштууларынын ою боюнча, күн сайын 50 гр кара шоколад жеген адамда ашказан жарасы, рак деген коркунучтар жок болот. Анда фосфор, кальций, магний, антиоксиданттын көп өлчөмдөгү концентраты бар. Арыктоону каалагандар үчүн да сунушталат. Адамга сергектик, күч, ырахаттануу сезимин тартуулайт. Ал эми боюнда бар аялдар кара шоколадга жакын болсо, баласынын мүнөзү жайдары, туруктуу болот. Курамында углевод, натрий, май, кальций, витаминдер бар. Калий жана магний сыяктуу минералдык заттар булчуң жана нерв системасын мыкты стимулдаштырат. Темир кандагы гемоглобиндин өлчөмүн жогорулатат, ашказан, ичеги системасынын ишин жөнгө салат.

Зыяны: Кара шоколадды аллергиясы, кант диабети оорусу барлар жегенге болбойт. Таттууну чектей албагандарга да тыюу салынат. Кара шоколад наркотик сыяктуу адамды көз каранды кылып алат. Бул көз карандылык организмди гормоналдык бузулууга, ашыкча салмакка алып барат. Жыйынтыгында адам инсульт, инфаркт, атеросклероз ооруларына кабылат.

 

Ачуу шоколад

Пайдасы: Ачуу шоколад курамындагы каныккан какао, мыкты даам, мыкты сапаты менен айырмаланат. Мурда шоколаддын бул түрүн падышанын гана үй-бүлөсү жей алган. Азыркы учурда кеңири тараган бул шоколад сергитүүчү касиетке ээ, маанайды дароо көтөрөт. Окумуштуулар анын тамак сиңирүүнү нормалдаштырып, холестеринди жөнгө саларын далилдешкен. Мыкты антиоксидант катары да белгилүү. Олуттуу сезгенүүгө каршы, адамга керектүү күч берип, ишке болгон жөндөмдүүлүктү көтөрөт. Акыл-эске күч келгенде кабыл алуу сунуш кылынат. Анан да анын курамындагы какаонун даны канды тазалап, кан басымды нормалдаштырат. Ашказан, өпкө ооруларына, суук тийүүгө пайдалуу. Изилдөөлөр анын тиштин эмалына эч кандай зыяны жоктугун аныктаган, тескерисинче, бактерияга каршы сапаты менен бүйлөлөрдүн каноосун азайтат.

Зыяны: аллергияны жана кычыткыны пайда кылышы мүмкүн. Жүрөк оорусу барларга зыяндуу. Көп өлчөмдө жесе, баш айланууну, өзүн жаман сезүүнү пайда кылат, уйкуну качырат.

 

Динара ЧОКОЕВА