Гуля Алмамбетова: "10 жылдан бери жайкысын балык уулап, кышкысын аң уулап эс алам"

Жигердүү жашоо образынын ээси Гуля Алмам­бетова бир эле учурда филолог, философ жана консуль­тант. Буга кошумча ишемби, жекшемби күндөрү балык уулап, кышкысын аңчылыкка чыгат. Жан дүйнөсү жаратылышка жакын, балык уулоо менен аңчылыкты салтка айланткан Гуля айым менен ашканада маек курдук.

- Гуля эже, сизди кайсы кесиптин ээси катары таанысак туура болот? 

- Мен эки окуу жайды бүттүм. Биринчи кесибим филолог, экинчи кесибим философ. А учурдагы кесибим политехнолог, тактап айтканда консультантмын. Ал эми менин балык уулоо жана аңчылык менен алектенгенимди "оорум" десем болот. Англичандар айтмакчы хоббим. 

- Аңчылыкка кайсы убактарда чыгасыз?

- Кышкысын күн кирип, ай чыккан мезгилде унаабыз менен карышкыр­ларга аңчылыкка чыгабыз. Карышкырга аңчылыкка чыкканда унаадан түшпөй атабыз, себеби ал каршылык көрсөтүп адамга жырт­кычтык менен кол салышы мүмкүн. Ал эми коён жана кыргоолду атканы чыкканда мен итим менен алдынан чыгып кууп берем, жолдошум атат. Эми атат десе эле таптакыр кырып жибербейбиз, бир мезгилге ашып кетсе 4 коён, 2-3 кыргоол атабыз. Мал жайлоодон түшкөн мезгилде карышкырлар да айылга түшөт. Ошол мезгилде карышкыр атканы Ат-Башы, Ак-Талаа сыяктуу карышкырлар көп түшчү аймактарга барабыз. Биз аңчылар союзунун мүчөсү болгондуктан алар "быйыл ушул аймактарда карышкырлар күч алып жатат" деп коңгуроо кагышат. Алар айткан аймактарга барып кышкысын малчыларга жардамчы болобуз. 

- Атып келген жаныбарлардын эттерин эмне кыласыздар?

- Аларды кадимкидей союп, этинен ар кандай тамактарды жасайм. Ал эми тырмактарын, терисин жана майларын билгендер ырым-жырымга сурашат. Кээ бирлери "карышкырдын тырмагы же майы керек эле, сөзсүз ала келип бергилечи" деп суранышат. Алардын суранычын аткарып, аманатын колуна тапшырам.

- Балык уулоого канча жылдан бери кызыгып келесиз? 

- Бир жолу жолдо келе жатсам бир бала балык ­уулап олтуруптур. Мен андан кармап көрүүнү сурансам кайырмагын мага карматып койду. Кайырмакты сууга саларым менен эле балык түшүп калып жатпайбы. Эми ошондогу сезимимди сөз менен айтып түшүндүрө албайм. Ошол күндөн тарта май айынан ноябрга чейин балык уулоого, ноябрдан март айына чейин аңчылык­ка чыгуу мага адат болуп калган. А Кайберендин тукумдары деп эчки-текени атууга колум барбайт. Мүмкүнчүлүк жок болсо бир айда бир, мүмкүнчүлүк болсо эки жумада бир ишемби, жекшемби күндөрү ушундай эс алуу менен ырахаттанам. Бул биздин үйдө 10 жылдан бери салтка айланып калган.

- Балык уулоо учуру кызыктарга бай болсо керек?

- Албетте, айрыкча көп адам барганда. Балык уу­лоого биздин үй-бүлөдөн байкем, мен, жолдошум жана иним кызыккандыктан, баарыбыз чогуу чыгабыз. Бир күнү Нарын суусунун жээгине барып ошол жерге уктадык. Иним "Гуля, Гуля, тетиги карагайдын башын карачы, аюунун баласы жүрөт" деп калды. Ошондо чыны менен жүрөгүм түштү, себеби аюунун балдары карагайдын башына чыгып алып ойнойт дегенин уккам да. Анын үстүнө биз чын эле аюулар барчу жерге барып түнөп калган элек. Коркконубуздан бири-бирибизди ойготуп, бекем кол кармашып ылдый басып, унаабызга олтурарда кызык болду. Карагайдын башын кыймылдатып жаткан аюунун баласы эмес эле сагызган экен. Ошол күн азыр да көз алдыман кетпейт, эстеген сайын бир жылмайып алам. 

- 10 жылдан бери балык­чы катары балыктардын сырын жакшы эле билип калсаңыз керек?

- Ооба, алгач айрым ырымдарды карманам. Мисалы, балык уулоого чыгарда балыктан жасалган тамактарды жебейбиз жана бири-бирибиз менен чырлашпоого аракет кылабыз. Анткени балык да сезеби, айтор, балыктан жасалган тамактарды жеп алып чыксак кайырмакка бир дагы балык илинбейт. Экинчиден кайсы балык кандай азыктарды жакшы көрөрүн билиш керек. Мисалы, массалык түрдө көп кездешүүчү балыктарга сазан, ак жана кадимки эле карптар кирет. Карптар перловка, жүгөрү жана балдарга берүүчү боткону жакшы көрүшөт. Ал эми чанда кездешүүчү балыктардын бири - окунь балыгы. Окунь балыгын кармоо үчүн сөөлжылан таап алып баруу зарыл. Ал эми жырткыч балыкка кирген форель ит балыктар менен тамактанат. Керек болсо өзүнүн баласын дагы жеп коёт. Мага балыктардын ичинен өзгөчө форелди кармоо жагат. Балыктар жаанды жакшы көргөндүктөн жамгыр жаап жаткан учурда кайырмак салсаң жакшы түшөт. Кээде суу жээктеп жүрүп олтуруп 4-5 километр жөө басып коём. Анан шашпай олтуруп кармаган балыктарыбыз­дан уха жасап, самоорго чай кайнатып, шишкебек бышырып жаратылыштын таза абасында олтуруп жегенде буту-колубуздун тытылганын унутуп коёбуз. 

- Балыкты уулаганды билген адам андан ар кандай тамактарды жасоонун сырларын да жакшы билсе керек... 

- Балык уулайбыз деп кээде көпкө чейин жүрүп калган кезде балыктан шишкебек жасайбыз. Казан-аякты алып алган учурда уха жасап жейбиз. Мен көбүнчө кадимки эле классикалык уханы жасайм. Ал үчүн картошка, сабиз, пияз жана күрүчтү сууга кайнатып бышырабыз. Ал бышайын деп калганда балыкты тазалап, өзгөчө башын жана куйруктарын кесип алып кайнап жаткан картошкалардын үстүнө салып коёбуз. Балыкты салар алдында же тамакты ичээрге беш-он мүнөт калганда татымына жараша кошулмаларды салабыз.

Ал эми балыкты кууруу да бардык эрежелерин сактасаң өтө жөнөкөй:


1.Балыкты бышыраардын алдында алгач аны тазалап алабыз. Балыктар жүргөн аймагына жараша тамактанышат. Мисалы, шар аккан суунун балыктарында ачуу чөптүн даамы жана жыттар болбойт. Мындай ба­лыктарды тазалаган соң туздап коюу керек. Ал эми ­океан же чакан көлмөлөрдүн балыктарында жыттар болот.

2.Эгер балык аябай жыттанып же ачуу чөптүн жыттары чыгып жатса аны тазалагандан кийин таза матаны алып лимон уксусу чыланган сууга нымдап балыктын үстүнө 15-20 мүнөттөй жаап коюш керек. Лимон уксусу жок болсо же уксустан аллергияңыз бар болсо анда бышыраардан 20-30 мүнөт мурун сүткө салып койгонуңуз жакшы. Сүткө салынган балык кызарып, териси сыйрылбай даамдуу болуп бышат. 

3.Балыктын сырткы териси күйүп кетпеси үчүн унга оонатып алганыңыз жакшы. Бышыруу үчүн казанга балыктын тең жарымын жаап тура тургандай кылып май куюп бышырыңыз. Май ысыганда кичине туз салып койсоңуз балык көмөч казанга жармашпай жакшы куурулат. 

4.Балык этинен жасаган котлетиңиз даамдуу болсун десеңиз анда фаршына кичине кызарта куурулган пиязды кошуп койсоңуз даамына келе түшөт. 

5.Тоңдурулган балыкты сууга кайнатып жегиңиз келсе алгач аны муздак сууга салып коюш керек. Балык бышып жаткан суу өтө тез жана бат кайнабай жай отко бышышы зарыл. Күчтүү отко кайнап бышкан балык катуу болуп, шорпосу күңүрт тартып калат. Эгер башкача даам бергиңиз келсе анда кайнап жаткан балык шорпосуна кичине сүт кошуп койсоңуз даамы гана өзгөрбөстөн эти да жумшарат.

6.Балыкты духовкага бышыргыңыз келсе алдына пергамент кагазын 2-3 кабат кылып төшөп алганыңыз жакшы. Себеби балык жармашпай бат чыгат дагы табакка салганга ыңгайлуу болот. 

7.Жай мезгилинде балыкты 2-3 күнгө гана сактоого болот. Ал үчүн анын ичеги-карынын суу тийгизбей тазалап, ичи-сыртын туздап, бир аз мурчтан сээп муздаткычка салып койсоңуз болот. Негизи эле балыктардын ичинен форель көп сакталбайт. 



Даткайым Досматова