Ууру сезим

(Башталышы өткөн санда)

– Ары же бери болуш керек, - Айнек курбусунун акыркы кебин күбүрөнө кайталап турганын өзү аңдабады. Анын көз алдында Тынчтык экөөнү бирдей жеп жиберчүдөй ажаанданган Күмүшай, эки ортодо эзилип кыжалаттанган Тынчтык жана курбусунун бетин карай албай бүжүрөп турган өзүнүн элеси тартылып турду.

– Ия, эмне дейсиң?

– Жок, эч нерсе. Анан?

– Мен балдар үчүн баарына чыдай берчүдөймүн. Бирок ата катары балдардын алдында кийин эмне деп жооп берет, ошону ойлонбой атпайбы? Эртең балдардын алдында бети күйүп кантип турат дейм да…

Айнек телефондон тынбай жаңырган үндүн бирин укса, бирин уккан жок. Аны мындай нес болгон абалдан катар келген чалуу алаксытты. Тынчтыктын чалуусу Күмүш менен коштошууга шылтоо болуп кубанып кетти. Күмүштүн эмне деп атканына кызыгып койбой:

– Макул ээ? Мага күйөөм чалып атат, – деп телефонду коюп салды. Айнек «күйөөм» деген кепти баса айтып, анысына өзү кубанып алды.

– Мм, макул, – кебинин чорт үзүлгөнүнө ыңгайсыз калган Күмүш салкын коштошту. Бирок жанагы абалынан алда канча эс алып калганын байкады.

***

Тынчтык “эки саатта барып калам» дегенден бери Айнек чок баскан тооктой болуп тынч ала албады. Балдарынын көңүлдүү оюну, айланадагы кооздуктар аны алаксыта алган жок. Кечки тамак ичилип, балдар уктагандан кийин гана Күмүш менен сүйлөшкөнүн төкпөй-чачпай айтып берди. Аны баарынан кабатырланткан нерсе Күмүштүн “артынан түшүп аңдыйын” дегени эле. Бирок бул кабар Тынчтыкты өзүндөй тынчсыздандырган жок.

– Мейли, аңдысын. Менин жаңы тапкан бактымды, кечигип келген сүйүүмдү көрүп кетсин келип, – Тынчтык Айнекке сугун артып, жан дүйнөсүн аңтара бактылуу карап турду, – көрсүн, - ал берилүү менен келинчегинин көздөрүнөн кумарлана өптү.

– Анан, анан эмне болот? Анын күнөөсү эмне? – Айнек ырас эле Күмүштү аяп турган. Курбусунун бактысын өзүнө оодарып алып, анын бактысыз калганына кейип жаткан.

– А биздин күнөөбүз эмне? Ойлонуп кереги жок, Айнек. Баары өз кезеги менен боло берет. Мен азыр, ушул учурда бактылуу болгум келет, – Тынчтык бир аттап жетип жарыкты өчүрдү.

***

Түн оой үйүнө келген Тынчтык баары уктап калышса керек деп ойлогон. Жок, Күмүш ойгоо экен. Ал кирери менен телевизорду өчүрүп ашканага басты. “Токмун, тамактанбай эле жатам” деп айта алган жок. Чайканып чыгып унчукпай тамактанды. Күмүштүн алар үйлөнгөндөн бери ырыстуу азык-түлүк түгөнгөнүн билгизбей жасай жүргөн картошка оромосу экен. Абдан даамдуу болуптур. Тынчтык бул тамакты чын эле сагынып калганын билди. Аялы кепти эмнеден баштап, какшыкты кандай жылдырар экен деп санааркап олтурду. Бирок Күмүштөн бир ооз кеп чыккан жок.

Таңда да дал ушундай үн-сөзсүз тамактанышты. Бул үнсүздүк кечээ Тынчтыкты бир жүктөн жеңилдеткендей болсо, бүгүн тумчуктуруп жиберди. Жок дегенде балдары булар менен кошо ойгонуп, божурап олтурушса кыймылдары да, көз караштары да жалгашпаган бул абалды билгизбей турат эле. Балдарын сагынганын туйду. Ушу азыр ишке да баргысы келбей, балдары менен болгусу келип кетти.

– Балдар качан турушат?

– Ойгонгондо.

– Ойгонгондо экенин билип атам, ошо канчада?

– Атасын күтүп жатып кеч укташчу болду. Кеч туруп атышат.

– Бүгүн эмне кыласыңар?

– Отун жыйнайбыз.

– Кайдагы отунду айтып атасың? Жөн жооп берчи.

– Эмне кылчу элек, олтурабыз да. Атабыз бүгүн келер бекен, жок бекен? Келе турган болсо түндүн кайсы маалында келер экен деп.

– Үйдө эле болот экенсиң да... – калп эле кеп улаган болду.

– Жок, бүгүн сени аңдыйм, – Тынчтык какап кетти. Анын алаңдай түшкөн кебетеси Күмүштүн күлкүсүн келтирди.

***

Тынчтык эки күндөн бери үйгө өз убагында келип, бирок жумушка демейки убакта эмес, таң азанда кетчү болду. Эмнеге мынча эрте кетип атканын сураганда бир ооз гана “иш көп” деп койгон. Бирок бул Күмүшай ишенип калчу жооп эмес эле. Үчүнчү күн дегенде күйөөсү үйдөн чыга электе эле үй алдына тымызын такси чакырып койду. Аялы буттан кармап калчудай калдактап шашкан Тынчтык аны байкаган да жок. Ал чыккандан беш мүнөт өтпөй Күмүшай балдарын сыртынан бекитип коюп кошо чыкты. Күйөөсүнүн машинеси эми гана бурулуп баратыптыр. Аял айдоочудан алдыдагы машинеден калбай, байкатпай жүрүп отуруусун суранды. Тынчтыктын жумушуна карай эмес, адаттан тыш жолго түшүп жөнөшү Күмүштүн шаштысын кетирди. Жаңы конуштардын бирине кирип бир топ барган соң дүкөнгө токтоп, бир баштык көтөрүп чыкты. Күмүш ыйлай баштады. Андан ары көп жүрбөй чоң дарбазага келип эшикти такылдатпастан шар кирип кетти. Айдоочудан тартынбай булкулдап ыйлаган аял кирип барарын же кайтып кетерин билбей турду.

(Уландысы кийинки санда)

 

Гүлайым КАЛЫБЕКОВА