Жеңишгүл САТЫЛГАНОВА: «Ырым хит болгон маалда мен айылда мугалим элем»

 «Жол карап өттү күндөр/ Койнумда сагыныч бар/ Үзүлбөй сенден күдөр/ Үмүтүм өчпөй жанар». 2002-2003-жылдары абдан популярдуу болгон бул ыр азыр да эл оозунан түшпөй келет. Ырды хит ырлардын катарына кошкон ырчы кыз Жеңишгүл Сатылганова учурда чыгармачыл дүйнөдөн алыс. Күйөрмандарынын аны издеп, азыркы жашоосуна кызыккандары бизди кайдыгер калтырбай ырчыны издеп таап, маекке чакырдык.

– Жеңишгүл айым, күйөрмандарыңызга кайда, эмне менен алек болуп жүргөнүңүз кызык экени айтпаса да белгилүү, кеп учугун ушундан баштасак.

– Учурда мен туулуп-өскөн Чаткал районуна караштуу Каныш-Кыя айылында жашайм. Мектепте кыргыз тили жана адабияты мугалимимин. Ошондой эле үч жаштагы балама тарбия берүү менен алекмин.

– Бир учурда элге таанылган ырчынын айылда мугалим болуп калганы кызык экен?

– Мугалимдик кесибимди абдан сүйөм. Мени тааныгандар азыр да көп. «Ырыңыз жакчу, сүрөткө түшүп алалы, кол тамга берип коюңуз» дегендер да бар. Маанайым жакшы болсо макул болом. Маанайым жок учурда: «Кечиресиз, адашып калдыңыз», - деп кетип калам (күлүп). Мен бир гана жыл саналуу эле ырларды аткарганыма карабай элдин эсинде калганыма таң калам.

– Сиз “Таалай элеси” тобуна Молдаалы Өтөнбаев экөөңүздөр баш кошкондон кийин кошулдуңузбу же топко киргенден кийин баш коштуңуздарбы?

– Ырчылык - мендеги тубаса талант. 4-класстан 9-класска чейин айылдагы музыкалык мектептин комуз бөлүмүндө окуп, ырдап жүрдүм. Чаткал райондук маданият үйүндө «Тоо булагы» деген эстрадалык топ бар эле, аталган топто биздин айылдык, «Таалай Элеси» тобунун балдары Молдаалы Өтөнбаев, Тотомидин Жолдошев, Сардарбек Досбаев, Жамалбек Эшалиев, Роберт Хамидовдор иштешчү. Мен окуучу элем, мага окшогон музыкалык мектепте окуган беш кыз аларга кошулуп майрамдарда концерт коюп жүрдүк. “Таалай элеси” тобунун көркөм жетекчиси Молдаалы - биздин айылдын уулу, байкемдин классташы, досу. Окуучу кезимден баштап беш жылдай сүйүүсүн арнады. Кийин гезиттерге берген маектеринде да мени жактырарын айтып жүрдү. 3-курста окуп жүргөнүмдө Молдаалы, Тотомидин байкелер Ошко гастролдоп келишкен. Ошондо ал мени Бишкекке алып кетип үйлөнгөнбүз. Ал учурда топто Молдаалы менен эле Тотомидин болчу. Алим Токторов: “Араңарга кыз алгыла”, - деп эки кыз алып, бирок алар бат эле кетип калышкан. Ошондо Молдаалы: «Менин келинчегим ырдайт», - дептир. Менин ырчы болоюн деген деле оюм жок эле. Бир күнү Алим байке үйгө келип «ырда» деди. Улуу кишинин кебинен баш тарта албай билген ырларымдын баарын комуз менен ырдап бердим. Арасынан «Жүрөк сыры» деген ырды жактырып: «Ушул ырды жаздырасыңар», - деди. Бул ырды Ошто жатаканада жашап жүргөнүмдө Замирбек Маатбеков деген таланттуу бала: «Экөөбүз дуэт ырдайлы», - деп сунуштап, текстин жазып берген. Алим байкеге ушуларды айтып берсем, «ырдай бергиле, автор кийин өзү эле табылат», - деп койду. Ырдын аранжировкасын Молдаалы жазып, комуз коштолгон жерин мен ойногом. Ыр радиолордон суроолор менен коюла баштаганда клип тарталы дедик. Өзгөчө формабыз жок клипти студияда олтуруп эле тартып койдук. Ыр элге жакса эле багы ачылат экен. Ырдын багы ачылып биз бир жылда популярдуу болуп кеттик.

– Топто канча убакыт ырдадыңыз?

– Бир жылдай эле жүрдүм окшойт. «Жүрөк сырынан» кийин Таалай Бектургановдун «Эмне мынча сүйөм сени?» деген ырын Тотомидин Жолдошев экөөбүз ырдап, клип тарттырдык. Ошол боюнча ырдабай калдым.

– Ырдабай калышыңызга сиздердин ажырашууңуздар себеп болсо керек?..

– Ооба, бир жыл жашаган соң эки башка жолго түштүк. Анда мен 20, Молдаалы 25 жашта эле. Азыр ойлосом, биз анда турмушту жакшы түшүнө бербеген оюнкараак балдар болчу экенбиз. Бала күткөн жокпуз. Ажырашкандан кийин айылыма келип мугалим болуп ишке кирип алдым. Чынын айтсам, эрте турмушка чыкканыма, ошого жараша жашап кетпей жаштык менен ажырашып алганыма өкүнөм.

– “Сахнанын даамын бир таткан соң кайра сагынуу болот” дешет...

– Ата-энем, бир туугандарымдын баары ырдагандыктан ырчылык мен үчүн өзгөчө деле нерсе эмес болчу. Анын үстүнө топтун популярдуулугу мен топтон кетип айылда мугалим болуп жүргөн кезде болду. Ошого атактуулукту да сезген жокмун. Топтогу балдар башка кызга эстрадалык вариантын ырдатып концерт коюп жүрүштү. Айылга жаңы келип иштей баштаган кезимде Бишкектен телефон чалып радиого ишке чакырышты. Барып Кыргыз радиосунун кабарлар бөлүмүндө 3-4 жыл иштедим. Кийин турмуш шартка байланыштуу кайра айылыма кеткем.

– Экинчи турмушуңузга качан чыктыңыз?

– 2001-жылы Молдаалыдан ажырашкан болсом, 2011-жылы Таласка келин болуп экинчи турмушумду баштагам. Ал мени ырчы катары тааныбаган, музыка чөйрөсүнө кызыкпаган катардагы эле жөнөкөй адам эле. Андан бир уулум бар.

– Учурда «Таалай элеси» тобунун балдары менен мамилеңиз кандай?

– Жакшы, Тотомидин байке менен, керек болсо бир кездеги жолдошум Молдаалы менен деле сый мамиледемин. Аларды айылдаштарым катары сыйлайм. Ырым хит болуп, алар башка кызга ырдатып концерт коюп жүрүшкөндө «сенин артыңдан элге таанылып атышат», «менин ырымды ырдап атат деп сотко берсең жарашат, ал ырды топтон алып кой» деп келгендер болду. Бирок менде кылча да ич күйдүлүк болгон эмес. Тескерисинче, «таанылышсын, алар менин байкелерим», - деп жоопторун берип койчумун. Ошол учурда менден интервью алабыз деген журналисттерге да: «Мен топто бир гана жыл ырдагам, эмгегим деле сиңген эмес, менден эмес, азыр ырдап аткан кыздан алгыла», - дечүмүн. Азыр топту жандандырып жаткан Тотомидин байкени азамат деп айтмакчымын. Канчалаган кыйынчылыктарга карабай жетектеп кетти. Учурда топто ырдаган Сурма деген кыз да таланттуу экен. Мындан ары топтун өмүрү узун болушун гана тилейм.

 

Динара ЧОКОЕВА