Ууру сезим

(Башталышы өткөн санда)

– Эже, анча капа болбоңуз, – айдоочу күзгүдөн Күмүшайды аяй карады, – үйүнө барып койбосо да болбойт да, - ал чын дилинен айтты. Эркектик кылып эркекке жан тартып атканы го.

– Ал таң атпай үйүнөн көңүлдөшүнүкүнө келип атпайбы, - жашын сүртүп, улутунду.

– Хм, чатак экен.

Күмүшай эшикти булка ачып чыга жөнөдү. Айдоочунун “төлөп коёсузбу?” дегенин уккан жок. Дарбазага жакындаган сайын кадамы жайлап баратты. Анын ичинде болуп жаткан дүрбөлөңдү, жүрөгүнүн оорусун, кызганычтын кысуусунан тумчуккан демин өзүнөн башка эч ким сезе албайт эле. Бир түшүнсө дал өзүндөй күйөөсү күйгүзгөн аял түшүнөр. Дарбазага кол сунганы менен туткасын кармоого алы келбей койду. Аруулугун арнап, агынан жарылып сүйүп, алпештеп бала күткөн күйөөсүн башка менен көргүсү келбей койду. Бактысын тартып алган ал адамдын алдында ызадан улам уу сөздөрүн агытып албуут, ыйдан кызарган көздөрүн жоодуратып алсыз да көрүнгүсү келбеди. Ар нерсеге оңой менен кебелбеген күйөөсү адатынча жай гана “эмне келдиң? көрөрүң ушул беле?” деп койсо эмне кылам деди. Ушуну ойлой коюп Тынчтыктын бул кебине маашырланып турган али бейтааныш аялдын алдында уят болбоюн деди да, бурулуп кетти.

– Мени кайра үйгө жеткизип коюңузчу.

***

Ошол окуядан кийин Күмүшай күйөөсүнөн түңүлүп калган. Баягыдай тынчы кетип ызаланганды, ар кимге арызданып ыйлаганды койгон. Ойлонуп күйөөсүнүн бул кылыгын көтөрүмдүүлүгү менен гана жеңе турган болгон. Келип кем-карчын толуктап, балдарын эркелетип, акыбалдарын сурап кетип турганына эле кубанат. Бир жумада эки түнөйт. Акыркы кезде жуманын кайсы күнү келерин жатка билип калган. Ичинен “тигиниси экөө ушундай программа түзүп алышса керек” деп улутунуп коёт. Регламентти бузбай кечээ келип түнөгөн. Эми эки күндөн кийин келет. А Күмүш үчүн Тынчтык бүгүн керек, бүгүн да келиши керек.

– Тынчтык, бүгүн үйгө кел. Унутпасаң, бүгүн биз үчүн маанилүү күн.

– Эмне күн экен? – күзгү алдында галстугун оңдоп жаткан Тынчтык жактырбай үн катты.

– Биз баш кошкон күн.

– Анан эмне кылалы?

– Балдар менен бирге отуруп белгилеп коёлу. Быйыл туура он жыл болот.

– ???

– Анын да бир жылы бирге жашады аты эле болбосо, мен үчүн бош эле кетти. Сенин бул үйгө учурашууга эле келип калганыңа бир жыл болуп баратат, билесиңби?

– Канчадан бери унчукпай калдың эле, кайра баштадыңбы?

Ачуулуу чыккан үн Күмүшайга таасир этпеген сыяктуу ордунан туруп келип күйөөсүнүн колунан акырын кармады. Аялынын минтип колдорун аяр кармап, көздөрүн жоодурата жүзүнө үңүлө карашы Тынчтык үчүн одоно, орунсуз туюлуп, денесин жыйрып турду.

– Баш кошконубуздун бир жылдыгы, беш жылдыгы жакшы өткөн, эсиңдеби? Андан кийинки жылдар да жакшы болчу. Мындан үч эле жыл мурда сен мени тоого алып баргансың. Ошол жерде: “Ушул күнгө чейин жакшы жашадык. Демек, мындан ары да жакшы жашай алабыз”, - дегенсиң. Сен ошол сөзүңдү унуттуң.

– Мен силерди таштап кеткен жокмун го.

– Балдарыңды таштабаганыңа рахмат. Бирок ушундан көрө мени биротоло таштап кетсең жакшы болмок. Сен үйгө келген сайын жарам жаңырат. Келесиң, мени көрбөйсүң, карабайсың. Сен үчүн мен жокмун. Анан кайра шашып кетесиң. Сен кеткен сайын жүрөгүмө жаңы ок кадалат.

Тынчтык аялдын бул чындыгын мойнуна алгысы келбей турду. Батыраак кебин бүтсө, батыраак үйдөн чыгып кетсе жакшы болот эле. Анын аргасыздан гана турганын билген Күмүш шуу үшкүрө колун коё берди. Ушу азыр Тынчтык аны бир жолу бооруна кысып койсо ичте жаткан бугу жазылып, ызасы тарай түшмөк. Эркек аны кайдан билсин, колу бошогонуна кубанып батинкесин шаша кие баштады.

– Кечинде кел.

***

Жол чырактын жашылын күткөн Тынчтык өзүнчө жылмайып алды. Жана жумуштан чыкканда чын дилинен үйгө барайын деп ойлогон. Эртең мененки Күмүштүн суранычын жактырбаганы менен ойлонуп олтуруп туура деп кабыл алган. Айнекке телефон чалып түшүндүрүп коюп, бүгүн өзүнүн балдары менен болуп, аларды кубандырууну чындап каалаган. Анан ойлонуп келе берип жол чыракка токтогондо гана Айнектин үйүнө барчу жолго түшүп кеткенин билип таң калды. Мунусун Айнекке болгон берилүүсү, ага болгон ашыктыгы деп түшүндү. Артка кайткысы келбеди. Мынча болду барып абалын түшүндүрүп чыгууну туура көрдү.

– Охо-о, бүгүн бизде майрамбы? – күндөгүдөн өзгөчөлөнүп жасалган дасторкон чын эле суроо жаратты.

– Майрам.

– Кандай майрам? – Тынчтык эки наристеге карап кимисинин туулган күнү болду экен деп ойлоду, – кана, ким канчага чыкты?

– Жок, алар эмес, – Айнек Тынчтыктын колун курсагына койду, – эки ай.

Бул Тынчтык күткөн бакыт эле. Айнектин бул сүйүнчүсү аны көккө жеткиргендей болду.

(Уландысы кийинки санда)

 

Гүлайым Калыбекова