Сыймык БЕЙШЕКЕЕВдин жубайы Нурзада айым: “Биздин сезимдер жаңы баш кошкон күнүбүздөгүдөй”

Улуу-кичүүгө бирдей алынган ырчы Сыймык Бейшекеев - социалдык тармактарды эң жигердүү колдонгон, позитивдүү маалыматтарга бай жылдыз. Ырчы баракчасына кез келген окуяларынан тышкары жеке жашоосу, үй-бүлөсү тууралуу да байма-бай жарыялап турат. Айтор, чыгармачылык да, үй-бүлөлүк да, коомдук да иштерге жетишкен ырчынын айрым сырларын жубайы Нурзада эжеден сурамак болдук. Анткени ырчыны таанып-билгендердин арасынан ушул инсан гана “Сыймыктын кирин жууп, көйнөгүн үтүктөйүн, Сыймыктын тамагын жасап, тапканын бөлүштүрөйүн” деп ойлонот эмеспи.

– Токтогулга кайын журтуңузга абдан тез-тез каттап турарыңыздардан кабарыбыз бар. А Сыймык мырза кайын журтуна кандай каттайт?

– Биз айылга ата-энебиздикине ат тезегин кургатпай эле барып турабыз десем болот. Сыймык атабыз менен апабызды абдан сыйлайт, урматтайт. Чоң атасы менен чоң энесинин тарбиясын алышсын деп балдарды жыл сайын жайкы каникулда кенен бир-эки айга айылга жиберет. Ал эми менин апам атам каза болгондон бери шаарда турат. Ал жакка деле тез-тез барып турабыз.

– Бала тарбиялоодо сиздерде кайчы пикирлер жаралабы?

– Андай дээрлик болбойт. Себеби Сыймык ага жол бербейт. Деги эле биз атабызды идеал тутабыз. Андан улам ага каршы боло тургандай деле жагдай жаралбайт. Үйдө Сыймык эмне “болот” десе болот, “болбойт” десе болбойт.

– Улуу уулуңуздар Азамат алыста жүргөнүнө көп болду, качан келет?

– Азамат Американын Калифорния штатында окуп, иштеп жүрөт. Буюрса, быйыл күздө келет деп уулубузду чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Абдан сагындык. Кайра кетеринде биз да ал жакка барып келсек деген ойлорубуз бар. Шартка карайбыз.

– Экинчи уулуңуздар Кадырлуу ата жолун жолдочудайбы?

– Убагында Кадунун дал ушул курагында Азамат да ырга абдан кызыккан. Бирок биз аны окусун, билим алуусуна жолтоо кылбайлы деп ырдан четтетип койгонбуз. Кадырлуунун учурдагы кызыгуусу абдан күч болуп турат. Биз болсо ата-эне катары анын балалык кыялдарынын орундалышына колдоо кылып жатабыз. Быйыл мектепке барат. Бул уулубузда деле билимге басым жасайбыз. Чыныгы кесибин келечекте өзү тандайт деген ойдомун.

– Кыздарыңыз тууралуу да айтып кетсеңиз.

– Улуу кызым Каныкей быйыл 9-класска көчтү. Мектепте абдан жакшы окуйт. “Келечекте медицина кызматкери, психолог болом” дейт. Биз бул тилегин колдоп жатабыз. Чыгармачылыкка жакын, кара сөз менен ар нерселерди жазып калат. Кичүү кызыбыз Назэрке болсо быйыл төрткө чыкты. Менин жанымдан чыкпайт. Таттуу кылык-жоруктары менен кубандырып жүрөт.

– Дагы балалуу болуу оюңуздар барбы?

– Ушул балдарымды Кудай аман кылсын. Ушул уул-кыздарыбыздын ден соолугун, жакшылыктарын тилейбиз.

– Рулда жургөнүңүзгө канча болду?

– Машина айдоону он эки жыл мурун үйрөнгөм. Ал кезде Азамат да кичинекей эле. Сыймык болсо гастролдорго көп чыгып үйдө болбойт. Балдарды бала бакчага, мектепке алып барып келгенге, ар кандай иштерди бүтүрүүгө машиненин болгону жакшы экен. Ушул зарылчылыктан улам машина айдоомду Сыймык өзү демилге кылып кайнагам экөө үйрөтүшкөн.

– Сиздер жаңы табышкан түгөйлөрдөй таасир калтырасыздар. Сезимдердин дайыма туруктуу сакталышы мүмкүнбү?

– Рахмат, биздин мамилеге карата жакшы кеп угуу, албетте, жагымдуу. Биздин сезимдер жаңы баш кошкон күнүбүздө кандай болсо, ошондой уланып келе жатат. Азыркыга чейин ата-энебизден үлгү алабыз, өзүбүз да үлгүлүү үй-бүлө болууга аракет кылабыз. Баш кошконубузга быйыл 21 жыл болду. Бул аралыкта Сыймыкка катуу таарынган күн деле эсимде жок. Бизде уруш-талаш деген такыр болбойт десем калп айткан болом. Башка үй-бүлөлөрдөй биз деле талаш-тартыш менен айтышып калабыз, бирок бири-бирибизди коркутуп көгөрүп жүрө бербейбиз. Экөөбүз тең ак көңүлбүз. Жакшы жери - Сыймыктын ачуусу бат келгенине жараша бат тарайт.

– Көбүнчө эмне белек тартуулайт?

– Сыймык абдан романтик. Биздин туулган күндөрдү, үйлөнгөн күнүбүз, ал турсун, таанышкан күнүбүздүн да датасын унутпайт. Мындай үй-бүлөлүк даталуу күндөрдө андан белек алуу мага көнүмүш болуп калган. Азыр бирөөнү атап айта албай турам, ар бир белеги өзгөчө, ар бир белеги кымбат.

– Өкүл балдар боюнча Кыргызстанда рекордчу болсоңуздар керек, баары менен катышасыздарбы?

– Учурда отуз өкүл балабыз бар. Эл аларды Сыймыктын атына, белгилүүлүгүнө кызыгып өкүл ата шайлап алгандай ойлошу мүмкүн. Чынында андай эмес. Алар Сыймыктын адамдык жакшы сапаттарын билип, биздин үй-бүлөлүк союзду баалап, анан сунушташат деп ойлойм. Андай жакшы нерседен Сыймык да баш тартпайт. Чынында мынча көп баланын ар бири менен ысык-ынак мамиле күтүп кетүү кадимки иш эмес. Бири алыста, бири жакында дегендей. Бирок бизге артылган милдетти унутпай шаардагылар менен жолугушуп турууга, айылдарда, чет жерлерде жашаган уул-кыздарыбыз менен чалышып, кат алышып турууга аракет кылабыз.

– Сизден жолдошуңуздун ырдап берип коюшун сурангандар болобу?

– Анчейин эле “күйөөң ырдап берип койсун” деп деле туруп алышпайт. Тескерисинче, кайда барбайлы, Сыймык ырдачу жерден сурантпай өзү эле ырдап берет. Кайда болбосун, жакындардан, деги эле адамдардан жакшы кебин, ырын аябайт.

– Жолдошуңуз бир туруп дүйнөнүн бул бурчунда болсо, бир тиги бурчунда. Эч болбоду дегенде Кыргызстандын бир аймактарында ырдап жүргөн болот. Мындай саякатчылыгы сизди капа кылбайбы?

– Мен турмушка чыгып жаткан 18 жашымда эле анын ушундай жаны тынбас түйшүктүү адам экенин билгем. Ошол кезден эле үйдө анын жогун билдирбей ичти-тышты тейлеп турууга бышып калгам. Сыймык эл иши менен эл ичинде жүрсө, мен анын үй-бүлөсүн карап, тылын кармап турам деп түшүнөм. Бул биз үчүн кадимки эле жашоо. Керек кезде Сыймык мени жанынан калтырбайт. Жакында эле көлгө барып эс алып келдик. Эми балдарды алып баруубуз керек. Экөөбүз бирге кеткен маалда балдарды, үй-жайды кайын сиңди, кайнилериме табыштайбыз. Балдарыбыз да кичинесинен аларга көнүп калышкандыктан санаабыз тынч жүрөбүз.

– Үй-бүлөлүк киреше булагы кимдин көзөмөлүндө жана Сыймык Бейшекеевдин эң аз айлыгы эсиңиздеби?

– Албетте, Сыймыктын колунда. Башынан эле жалаң Сыймыктын тапканы менен жашап келе жатабыз. Чыгармачылыктан тышкары майда-чүйдө иштери бар. Ал эми аз айлыгы 230 сом болгон. Биз баш кошкон кезде экөөбүз тең студент болчубуз. Ошол 230 сомду батир акысына, азык-түлүккө, башкага да жеткиргенге аракет кылчубуз. Бирок бир батирден экинчисине көчкөн кезде жетпей эле калчу. Кудайга шүгүр, азыр болсо Кудайдын буйругу менен баары бар, баары жакшы.

– Кайсы ырын жакшы көрөсүз?

– Чыгармачыл адамдар чыгармасын баласындай көрөрүн айтышат эмеспи. Чынында ошондой. Сыймыктын ырлары анын эле эмес, менин да балам сыяктуу болуп калган. Мага анын ар бир ыры жагат. Жаңы чыккан ыры элге жеткенче мен да Сыймыктай эле түйшөлөм.

 

Гүлайым Калыбекова