Салима Балтаева: "Кыздарымдын тарбиялуу болуп чоңоюшун каалайм"

Чыгармачыл айымдарда кесибине катар энелик милдетти татыктуу аткаруу, балага татыктуу тарбия берүү деген чоң жоопкерчиликтер бар. Ал нерсенин баарын мойнуна алып, мончоктой үч кызды чоңойтуп, элге жагымдуу үнү менен кызмат кылып келе жаткан Салима айым бүгүн бизде конокто. Ырчы бизге бала тарбиялоодогу сырлары менен бөлүшөт. 

- Салима айым, кыздарыңыз эс тартып калышкандыр? 

- Улуу кызым Сайкал он жашта, 3-класстын окуучусу. Экинчиси Сумая алты жашта, кичүү кызым Сабина төрт жашка чыгайын деп калды. Кыз деген абдан жароокер, энеге жардамчы болот экен. Азыр мен уктап жатсам бөлмөмө кирбей "апам ойгонот" деп шыбырашып сүйлөшүп, буттарынын учу менен басып калышат. Биринчи кызымды төрөгөнүмдө курбу кызыма жолугуп калсам "сен кыздуу болгон турбайсыңбы, мен дагы кыздуу болоюн деп аракет кылып жатсам уул төрөлүп калды. Бала деген кыздай болбойт экен. Мен ооруп жатсам үстүмө чыгып алып машина ойнойт" дейт. Кийин дагы жолугуп калдым. Ал эки уулдуу болгон экен, анан мен андан "эки уулдуу болгон кандай экен?" деп сурасам "эми экөө чыгып алып ойноп жатышат" деп күлдүргөн эле. 

- Ошентсе да үч кыздан кийин уул күтүп калсаңыздар керек? 

- Биринчи кызымды төрөгөнүмдөн кийин эле уул күтүп, экинчи, үчүнчү кызымда календарь менен эсептетсем уул дешкен. Бирок жыйынтыгында экөө тең кыз болду. Жолдошум уул күткөнү менен кыз төрөгөнүмө капа деле болбойт. Жараткандын берген перзенти экенин жакшы түшүнөт. 

- Кыз менен эненин ортосунда сырдаштык мамиле болушу керек эмеспи, кыздарыңыз менен сырдашасызбы? 

- Улуу кызым Сайкал экөөбүз жашыруун сырларыбызды бөлүшүп, шыбырашып калабыз. Мен ага "кыздын эң жакын курбусу апасы болот" деп үйрөткөм. Ошондуктан ал менден сырын жашырбайт. Мектептеги жактыруулары тууралуу ойлорун айтып калат. Бул сырлар кызымдагы назиктиктин, балалык аруулуктун ойлору болгондуктан мен аны такыр какпайм. Эгерде эне кызды ушундай кезинде кагып койсо бала стресске түшүп, түнт болуп калат да, кийин эч нерсесин айтпай калат. Мен кызыма "ал бала сени жактырса, сен ошого татыктуу болуп жүрүшүң керек. Жакшы оку, таза кийин, өзүңдү жакшы алып жүр" деп айтам. Кичине кыздарым дагы эжесин туурап "сизге бирдеме айтайынбы" деп мени өзүнчө чакырып, шыбырап сүйлөп калышат. 

- Кызыңыздын кандай кыздар менен достошуп жатканына көңүл буруп турасызбы? 

- Албетте, адамдын тарбияланышына чөйрөнүн таасири чоң эмеспи. Ошондуктан кызым кандай кыздар менен дос болуп жатканына көңүл буруп турам. Негизи Сайкал кыздар менен бат тил табышып кетет. Ал абдан уюштургуч болгондуктан биздин кошуна кыздардын баары аны менен ойногонду каалашат. Сайкал окууга кеткен маалда дос кыздары ойнобостон эшиктин алдында аны күтүп тура беришет. 

- Кыздарга бекем тартип керек го, кандай кармайсыз? 

- Кыздарым кээде эркелеп, чектен чыгып кеткенде колум тийген учурлар болот. Баланы антип жазалабаса да болбойт да. Эң негизгиси алардын тарбиялуу болуп чоңоюшун каалайм. Улуу кызым эч убакта калп айтпайт. Эгерде мен жокто бир нерсени бүлдүрүп алса "апам келсе өзүнө айтам" деп тынчсызданат. Эсимде, кызым 1-класска киргенде "2" деген баа жаман, эгерде "2" алсаң үйгө киргизбейм" деп койгом. Анан бир күнү кызым тентектик кылганы үчүн мугалими "2" коюп салыптыр. Кызым болсо үйгө келип "эми үйгө кирбей каламбы?" деп дарбазанын сыртында ыйлап тура бериптир. Ошол эле учурда кыздарымдын каалаганын дагы аткарып турам. Сайкал негизи сабакты жакшы окуйт. Мен аны "сабакка барышың керек, окушуң керек" деп мажбурлабайм, өз каалоосуна коём. Мисалы, бүгүн кызым сабакка барган жок. Эрте менен "апа, мурдум бүтүп жатат, сабакка барбайм" дегенинен мен "бара берчи, айыгып калат" десем, "барсам классымдагыларга да жугузам да" деп кыйылат. Анын ушинтип каалабай жаткандыгы үчүн кызымды мажбурлаган жокмун. 

- Эне үчүн баланын саламаттыгы эң маанилүү эмеспи, кыздарыңызды сасык тумоодон кантип коргойсуз? 

- Кыздарыма үй шартында даярдалуучу витаминдерди берип турам. Ал үчүн грек жаңгагын, өрүк какты, киш-миш жүзүмүнүн мейизин эт майдалагычтан өткөрүп туруп аларды балга аралаштырам. Бул даяр болгон аралашманы кыздарыма күн сайын бир кашыктан берип турам. Аталган кошулма иммунитетти көтөргөнгө жакшы жардам берет. Ошондой эле үйдө балды дайыма колдонобуз. Кыздарым чайга, кайнак сууга кошуп иче беришет. Анан кандары азайып кетпесин деп анарды көп берем. Андан сырткары койдун майы менен тамандарын майлап турам. Ошондой эле учурдун талабына ылайык атайын фирмалардын витаминдеринен да баш тартпайм. 

- Бала ооруп калганда дароо дары бере салгандарга кошуласызбы? 

- Сасык тумоонун биринчи белгиси жөтөл болот эмеспи. Кыздарым жөтөлө баштаганда эле ага кам көрүп, токтотуп калганга аракет кылам. Ал үчүн эжем үйрөткөн ыкма менен түрптүн ортосун оюп туруп ага бал куюп коём. Ал күн бою туруп, бал менен түрптүн ширеси аралашат. Ошону күнүнө үч маал бир кашыктан ичирип туруу менен жөтөлдү басууга болот. Энелерге керектүү дагы бир рецебимди бөлүшө кетсем: Эгер баланын кан басымы түшүп кетсе, каалагандай өлчөмдөгү кызылчаны аарчып, аны чийки бойдон шире сыккычтан өткөрүү керек. Бөлүнүп чыккан ширесин банкага куюп алып, мискейде кайнап жаткан сууга банкасы менен салып 15 мүнөт кайнатуу керек. Андан соң бул каражат колдонууга даяр болот. Кичине балдарга бир чай кашыктан үч маал, чоң кишилер ашкана кашыгы менен үч маал ичишсе болот. Бул ыкма менен канды көтөргөндө кан кайра түшүп кетпейт. 

- Кыздарыңызды атайын ийримдерге катыштырасызбы? 

- Улуу кызым "Рахат" бий тобунда бийлеп, концерттерине катышып жүрчү. Азыр мектебиндеги бий ийриминде бийлейт. Кызым бийден сырткары "Модный дизайн" деген моделдик агенттикти окуп бүтүрүп, сертификат алган. Аны дизайнерлер мода көргөзмөлөрүнө дайыма чакырып турушат. Акыркы кездери убакыттын тартыштыгынан улам бара албай калып жатабыз. Кичинекейлерим бала бакчага эле барышат. Баары келип эле убакытка такалат экен, болбосо улуу кызым "сүрөт ийримине барат элем" деп жүрөт. А менин колум бошобой бул каалоосун аткара элекмин. 

- Кийимди эмнесине карап сатып бересиз? 

- Кийимдин табигый кебезден тигилгенине көңүл бурам. Анан дагы кыздарыма чоң келген кийим алып бербейм. Анткени чоң кийим баланын өсүүсүнө терс таасир этет. Өзгөчө бут кийимди. Мен бут кийим сатып алганда ортопедиялык бут кийимдерге басым жасайм. Ортопедиялык бут кийим балдардын бутун туура өстүрүп, май тамандуулуктан сактайт. Ал эми синтетика кошулган кийимдерди алып бербейм. "Кыздын көзү кызылда" дегендей айрым учурда кыздарым ыйлап жатып сапаты менин көңүлүмө туура келбеген кийимдерди алдырып алышат. Баланын жаңы нерсеге болгон кызыгуусу бир-эки күндө эле тарайт эмеспи. Анан ал кийимге кызыкпай калган кезде мен анысын көргөзбөй бекитип коём. 

- Жаш баланын кийиминде ар кандай маселелер боло берет эмеспи. Сиз алар менен кандай күрөшөсүз? 

- Жаш бала өзгөчө тамак жеп жатып май тамызып алган учурлар болот эмеспи. Андай учурда дароо ошол так болгон жерге майда туздан себе коём. Туз майды өзүнө сиңирип алат. Андан кийин ошол жерге кадимки эле кир самындан сүйкөп, катканча тыныктырам дагы жууп салам. Тактан эч нерсе калбайт. Ал эми бала кичирээк кезинде төшөккө заара кылып койсо төшөктү жууган соң ал жерге гезиттин барагын басып коюу керек. Гезит зааранын жытын дагы, тагын дагы калтырбай соруп алат. Анан дагы балдар жүндөн токулган кийимди бат эле чоюп салышат эмеспи. Андай учурда 10 литр самындуу сууга 1 чоң кашык скипидар, 3 чоң кашык нашатыр спиртин кошуу керек. Бул сууга кийимди бир сутка салып коюп, соңунда муздак сууга жакшылап чайкап койсо кийим калыбына келип калат. 

- Кыздарыңыздын тамактануусуна да өзгөчө көңүл бурсаңыз керек? 

- Кыздарыма үйдө жасалган кыргыздын эле тамактарынан берем. Өзүлөрү боткону өзгөчө жакшы көрүшөт. Анан дагы шишкебек, пиццаны да сүйүп жешет. Бирок аларды убагы менен гана берип турам. Ошондой эле сосиска балдарга зыяндуу, бирок ал баланын сүйүп жеген азыгы эмеспи. Ошондон улам кыздарымдын каалоосун канааттандыруу үчүн алып бере берем.

- Кыздардын ашказанын чойбош үчүн кичинесинен ченеп тамак бериш керек дешет го, бул ыкманы колдоносузбу? 

- Менин кыздарым өзүлөрү эле тамакты абдан аз жешет, артынан кууп жүрүп жедирген учурларым көп болот. Экинчи кызым Сумая болсо азыртан эле "мен арыкташым керек, көп тамак жебейм" деп турат. 

- Пайдалуу болуусу үчүн кандай эс алдырасыз? 

- Мен кыздарымдын эс алуусунан убакыт аябайм. Жайдын күндөрү таза абада сейилдетейин деп парктарга көп алып барсам, кышында жылуулугуна карап ири дүкөндөрдөгү оюн залдарына алып барам. Андан сырткары балдарга арналган театрларга барабыз. Кыздарым үйдөн телевизордун жанынан чыгышпайт. Өзгөчө жаңы мультфильм чыкса аны алып көрүп бүтмөйүн жандары тынбайт. Мен телевизорду аз көрүшсүн деп көчөгө алып чыгып сейилдеткенге аракет кылам. 

- Акыл-эсинин өнүгүүсү үчүн кандай аракеттерди жасайсыз? 

- Күн сайын кечинде уктаарда кыздарыма тарбиялык мааниси бар түрдүү жомоктордон окуп берип турам. Азыр болсо кыздарым өзүлөрү ойлоп таап жомок айтышканга жарап калышты. Бул менин аларга кичинекей кезинен жомокту көп айтып бергендигимдин пайдасы.

 

Динара Чокоева