Балдар үчүн тамактар

Чыгы менен гуляш

Кандай азыктар керек?

Уйдун эти: 500 гр

Пияз: 1 даана

Сабиз: 1 даана

Ун: 1 аш кашык

Томат пастасы: 1 чай кашык

Каймак: 1 аш кашык

Лавр жалбырагы: 1 даана

Татымына жараша туз

Кантип жасалат?

Этти өтө чоң эмес кесимдерге бөлүп туурап, жай отто кууруп же бир аз кайнак суу куюп бышырабыз.

Ага пияз менен сабизди туурап салып, отту жайлатабыз.

Эми 1 стакан суу куюп, кайнагандан кийин татымына жараша туз, лавр жалбырагын салып жай отто дагы бир сааттай кайнатуу керек.

Бул аралыкта жарым стакан жылуу сууга томат, ун менен каймакты салып бүдүр калтырбай чалып чык даярдайбыз.

Бышарына 5-10 мүнөт калганда аны тамактын үстүнө куябыз. Гуляш коюуланып калышы керек. Гарнирине макарон же картошкадан пюре кылсаңыз болот.

 

Жаңы капустадан жасалган шариктер

Кандай азыктар керек?

Капуста: 200 гр

Пияз: 1 даана

Күрүч: 1/2 стакан

Сууга бышкан эт: 200 гр

Өсүмдүк майы: 1 стакан

Татымына жараша туз

Кантип жасалат?

Күрүчтү ысык сууга 15-20 мүнөт чылап алабыз.

Пияз тунук өңгө келгенче кууруп, ага тууралган капустаны салып, капкагын жаап орточо отто 10 мүнөт бышырабыз.

Анын үстүнө күрүчтү салып, көмө тургандай кайнак суу же шорпо куюп дагы 10 мүнөт кармайбыз.

Соңунда бышкан эттен даярдалган фаршты кошуп аз убакыт тыныктырабыз.

Эми жумшак болушу үчүн жумуртканы чагып кошуп, томолоктоп коёбуз.

 

Омлет

Кандай азыктар керек?

Жумуртка: 5 даана

Сүт: 250 мл

Туз: 0,5 чай кашык

Каймакмай

Кантип жасалат?

Мискейге куюлган сүттүн үстүнө жумуртка, туз салып жакшылап аралаштырабыз.

Аралашмага азыраак каймакмай кошуп атайын калыпка куясыз.

200 градустагы духовкага салып 30 мүнөт бышырабыз. Духовканы өчүргөн соң дароо ачпай 15-20 мүнөт күтө туруу керек.

 

Быштак пирогу

Кандай азыктар керек?

Бир порция үчүн:

Быштак: 135 гр

Буудай акшагы же уну: 10-12 гр

Шекер: 15 гр

Жумуртка: 4 даана

Маргарин майы: 5 гр

Кургатылган нан: 5 гр

Каймак: 5 гр

Кантип жасалат?

Унга майдаланган быштак, жумуртка, шекер, тузду кошуп, 1 порция үчүн 10 мл суу куюп аралаштырабыз.

Даяр болгон камырды формага келтирип алып үстүн май менен майлап, кургатылган нанды себелейбиз.

Үстүн бир аз чегип, каймак менен майлап духовкага салып 20-30 мүнөт кармайбыз. Даяр болгондо үстү кызарып чыгат.

 

Динара ЧОКОЕВА