АЗАЛИЯ: «Башымдан өткөндөрдү сыноо катары кабыл алдым»

«Кыз-Бурак» тобунун акыркы курамында алты жылдан бери ырдап, жеке аткарган «Жаным ай» ыры менен таанылган топтун солисти Азалия бир жыл мурун турмушка чыгып чыгармачылыктан алыстап кеткен. Кайрадан «Кыз-Бурактын» кымча бел кыздарынын катарын толуктап ырдап калган сулууну маекке чакырдык.

– Азалия, сени чыгармачылыкка алып келген жол кайдан башталат?

– Борборубуздагы №68 гимназияда билим алгам. Мектепте жигердүү окуучулардын катарында элем. 5-класс кезимде режиссёрлордун тандоосу менен роликке тартылып абдан кубангам. 8-классымда болсо КТРКда балдарга арналган телеберүүлөрдө алып баруучулук кызматты аткардым. Кийин ырга кызыгып кеттим. «Жаңы жылдыз» деген долбоорго кастинг аркылуу өтүп, долбоордун алкагында финалга чейин жетип шоу-бизнеске алгачкы кадамымды таштагам. Ал учурда Политехникалык институттун инженер-технолог бөлүмүнүн студенти элем. Ата-энем «ырчы болом» дегениме каршы болушкан. Аларды угуп кайра чыгармачылыктан алыстап окуумду уланттым. Кийин “Тумар» радиосу менен «Экорекордс» студиясы биргелешип уюштурган «Супер стар» музыкалык долбоорунун кастингине курбу кызым катышмакчы болуп мени ээрчитип алды. Жыйынтыгында курбум эмес, мен өтүп кеттим. Биз төрт кыз Айжан Газиеванын тобунда элек. Долбоордун жыйынтыгында биз менен Урмат Усеновдун тобу утуп «АДЭА» жана «Нон-Стоп» топтору куралган.

– «АДЭА» тобунун бат эле тарап кетишине эмне себеп болду?

– Ырыбыз хит болуп элге аз да болсо таанылып калганбыз. Тилекке каршы, топ жарым жылдай эле иштеди. Ар бир кыздын кыял-жоругу, ой-максаты, табити ар башка болуп кыздар менен иштеш кыйынчылык жаратат экен.

– «Кыз-Бурак» тобуна качан кошулдуң?

– Окуумду кызыл диплом менен аяктап кесибим менен иштесемби деп тургам. Бир күнү «Экорекордс» студиясынын жетекчиси Эрнис Үметалиев телефон чалып: «Кыз-Бурак тобуна кыздар керек экен, Сайкалга жолугуп көрбөйсүңбү?» - деди. Чынын айтсам, «Кыз-Бурак» тобу мен үчүн кол жеткис сезилчү. Топто ырдап калам деп такыр ойлогон эмесмин. 2010-жылдын декабрь айында Сайкал экөөбүз жолугуп бат эле тил табышып алдык. Топко да дароо кошулуп кеттим. Ортодо ата-энем каршы болгондуктан топтон кеткен учурларым да болду. Ал учурда бош жүрбөй ата-энемдин жардамы менен сулуулук салонун ачып иштеттим. Бирок ыр жан дүйнөмдү азыктандыруучу нерсе болуп шоу дүйнөгө тартылып туруп алдым. Натыйжада топко кайттым.

– Бир жыл мурда белгилүү адамдын баласына турмушка чыккан элең. Ошол учурда интервью бере албасыңды айткансың, “сахнадан биротоло кетиптир” деп да укканбыз. Бирок топто кайрадан ырдап жатканың бизге кызык болуп турат.

– Жеке жашоом деп мындай суроолорду жоопсуз калтырып келгем. Бирок социалдык баракчаларым аркылуу сурагандар да көп болуп атат. Андыктан жооп берейин. Ар бир аялзаты турмушка бактылуу болуш үчүн чыгат деп ойлойм. Мен да ошол максат менен турмушка аттангам. Ал: «Эми ырдабайсың, интервью бербейсиң», - деп көп нерсеге чек койгон. Мындай чектөө мен үчүн кыйын болсо да чыгармачылыкты эмес, үй-бүлөнү тандагам. Тилекке каршы, бир жарым-эки айдын ичинде эле биз кайра эки айрылыш жолго түштүк. Сайкалдын чакыруусу менен келип кайрадан топто иштеп атканыма эки айдан ашты.

– Мынча аз убакытта бири-бириңерден баш тартууңарга эмне себеп болду?

– Биз кыз-жигит болуп сүйлөшкөн эмеспиз. Экөөбүз классташтар катары бири-бирибизди билчүбүз. Үч жыл мурун колумду сураганда: «Азыр даяр эмесмин, кечирип кой», - деп таарынтып алгам. 2014-жылы социалдык тармактан кайра жазышып калдык. Байкасам, чоңоюп өзгөрүп калгандай. Анан: «Макул, бири-бирибизди жакшылап билели», - дедим. 2015-жылдын февралында ата-энелерибизди тааныштырсак бат эле тил табышып, тойду апрелге белгилеп коюшту. Мен эмне болуп кеткенине түшүнбөй депрессияга түшүп калдым. Анан “аны кичине кезинен билем, сүйбөй деле турмушка чыкса болот. Кийин бири-бирибизди сүйүп кетебиз. Жакшы кишилердин баласы жаман болбойт” деген ой менен турмушка чыгууга макул болгом. Башкысы ортобузда сый бар болчу. Тоюбуз жакшы өттү, айтор, баары идеалдуу болуп келген. Жашоого келгенде кыял-жоругубуз бири-бирибизге дал келбей калды. Тил табыша албай койдук. Жан дүйнөмө туура келбеген нерсеге өзүмдү мажбурлап жашай албайт экенмин. Кыска мөөнөттө эле бири-бирибизди бактылуу кыла албашыбызга көзүм жетти да, андан кол үздүм. Албетте, бул өкүнүчтүү. Мындай кадам кылганымды азыр алыс туугандар деле билишпейт.

– Сенде лидерлик сапат бар го, күйөөңө баш ийбей койгон жоксуңбу?

– Туура, менде лидерлик сапат бар. Бирок «Кыз-Бурак» тобуна киргенден кийин менин лидерим Сайкал, Гүлшайыр эже болгон. Ишенесизби, мен турмушка чыксам сөзсүз бактылуу болом деп ишенчүмүн. Анткени топко кошулгандан кийин «балдар менен сүйлөшпөш керек» деген эрежеге баш ийип бир да жигит менен сүйлөшкөн эмесмин. Келечекте жолдошум лидер болушун каалачумун, бактылуу кылса ага багынам дечүмүн.

– Бул чечимиңерди ата-энелериңер кандай кабыл алышты?

– Алар «өзүңөр тандагансыңар, өзүңөр чечкиле» дешкен. Баарын өзүбүз чечип чекит койдук. Анын ата-энеси абдан түшүнүктүү, интеллигент адамдар, мени өз кызындай кабыл алышкан, алар менен жакшы мамиледе калдым.

– Бул нерсе жашооңдогу оор бурулуш болдубу?

– Турмуштагы бурулуш кыз кишиге кыйын эле экен. Айрымдар турмушка чыдабай койду деп ойлошу мүмкүн, бирок жашым келип турмушка чыйралып калган учурум болчу. Менин жаңылыштыгым сүйүүсүз турмуш курганым болду. Эки айрылыш жолго кеткенден кийин эки-үч ай депрессияда жүрдүм. Ар кимдин ар кандай суроолору жан дүйнөмдү кыйнады. Бирок ыйлап олтура бергенде кыйынчылык бир жакка кетип калбайт экен. Өкүнсөң ого бетер артка кете берет экенсиң. Башты көтөрүп иштеп кеттим. Кыргызстан аялдар конгресси менен иштеп Замира Акбагышова эжеден жакшы сөздөрдү уктум. Замира эже, ата-энем, байкем, эжемдер да колдошту. Ошолордун жардамы менен жан дүйнөмдүн сыгылганы басылып, азыр баары ордуна келди. Бул нерсени сыноо катары кабыл алдым, бирок душманыма да каалабайм. Атам менен апам бактылуу, эжем менен байкем үй-бүлөлүү, баары жайында. Мен да буюрса, бактымды табам деп ойлойм.

– Учурда топто да, ата-энең каалаган кызматта да иштеп атыптырсың, кыйынчылык болгон жокпу?

– Ооба, азыр жеке менчик фирмалардын биринде башкы директордун жана менеджердин жардамчысымын. Жумушум өзүмө жагат. Аздан болсо да ийгиликтерге жетишип атам. «Ырчылык менен өмүр бою жаныңды бага албайсың» деген кеңештерди эске алып алдыма көптөгөн пландарды коюп, аларга жетүүгө аракеттенүүдөмүн. Ага катар чыгармачылыкка да көңүл буруп атам. Учурда Чүй аймагында гастролдобуз. Мен кечке чейин бул ишимде иштеп, жумуштан чыгып концертке өтөм. Сайкал тосуп алат, кыздардын баары формаларын алып даяр турушат. Ырдап, элдин кол чабуусу менен жумуштан чарчаганым жазылып, эс алып калам.

 

Динара ЧОКОЕВА