Суу чечек

Суу чечек оорусу менен дээрлик ар бир бала ооруйт. Бул оору канчалык деңгээлде олуттуу? Ал кандай өтөт? Ооруп жаткан балага кантип жардам берүү керек? Бул суроолордун баарына төмөнкү макаладан жооп таба аласыз.

Суу чечек деген кандай оору? 

Суу чечек - орус тилинде "ветряная оспа" (ветрянка) деп аталат. Анткени бул ооруну шамал алып келет. Башкача айтканда, суу чечектин вирустары абада жашоого жөндөмдүү. Ал жерде суу чечек менен ооруп жаткан бала жок болсо дагы оорунун козгогучтары абада жүргөн болот. Айрыкча жаңы жарылган ыйлаакчалардан оору козгоочу вирустар көп бөлүнүп чыгат. 

Балага кантип чыгат?

Суу чечек жуккандан соң эки күндөн кийин бүдүрлөр чыга баштайт. Ага чейин баласынын ооруп калганын энеси да байкабайт. Көпчүлүк учурда суу чечек менен 2 жаштан 7 жашка чейинки балдар оорушат. Бир жашка чейинки балдардын ооругандары да көп эле кездешет. Баланын жашы канчалык чоң болсо, оору ошончолук татаал өтөт. 

Ар бир бала сөзсүз түрдө ооруйбу?

Суу чечек чыккан бала менен байланышта болгон башка балдардын 80-90 пайызына суу чечек жугат. Ал эми жукпаган балдардын иммундук системасы ошол учурда башка оору менен күрөшүп жаткан болот. 15 жашына чейин балдардын 95 пайызы бул оору менен ооруп бүтөт. 

Суу чечек экинчи жолу да чыгышы мүмкүнбү?

Жок, бир жолу суу чечек менен ооруган бала өмүр бою бул оорудан кутулат. Кээде ата-энелер баласынын эки жолу бул ооруга чалдыкканын айтышат. Мындай болушу мүмкүн эмес. Болгону экөөнүн бирөөсүнө туура эмес диагноз коюлган. 
Суу чечектин бир өзгөчөлүгү бар: анын кайсы бир бөлүгү жүлүнгө жакын жердеги нерв жолдорунда жашай берет. Бирок көп жылдар бою ал тынч жашайт. Иммунитет алсызданганда ал жанданышы мүмкүн. Андай учурда адамга, айрыкча карыган учурда жара (темиретки) чыгат. Ал эми балдарда бул вирус суу чечекти чакырат. Ошентип бул балдар оорусунун алып жүрүүчүлөрү чоң ата, чоң энелерибиз болуп калышат.

Жугузуп алуудан сактанса болобу?

Мүмкүн эмес. Анткени дүкөнгө сиздин алдыңызда эле суу чечек менен ооруп жаткан бала кирип чыкканын билбейсиз да. Ал учурда суу чечектин вирустары абада учуп жүргөн болот. Балаңызды бул вирустан катуу коргогон күндө деле баары бир өспүрүм курагында же чоңоюп калганда ооруйт. Белгилүү болгондой, ал куракта оору алда канча оор өтөт. Мындан тышкары, денесинде, бетинде тактар калып калышы мүмкүн. Ошондуктан бала бул оору менен канчалык эрте ооруса, ошончолук жакшы. 

Ооруну кантип аныктоого болот?

Так диагноз үчүн төмөнкү үч белги маанилүү:
1. Баланын денесине окшош бүдүрлөр чыга баштайт. Алардын айланасы кызыл, ортосу ак болуп, ичине кол тийсе эле жарылып кеткидей болгон суу толуп турат.
2. Мындай ыйлаакчалар дененин бардык бөлүгүнө, атүгүл башка да чыгат.
3. Бир эле учурда денеде жаңы чыгып келе жаткан кызыл тактар, ыйлаакчалар жана ката баштаган тактар болушу мүмкүн.

Оору канча убакытта жугат?

Инкубациялык мөөнөт 10-14 күн. Суу чечек менен ооруган бала менен байланышкан соң балаңыз аны жуктургандыгы же жуктурбагандыгы мына ушунча убакыттан кийин гана билинет. Ага чейин бала өзүн жакшы сезип эле жүрө берет. Ал эми бүдүрдүн чыгышына 1-2 күн калганда балада бир аз өзгөрүү байкалат: анын дене табы көтөрүлүшү мүмкүн, же болбосо ал чарчаңкы тартып, кыңкыстай берет. 

Суу чечекти дарылоо

Суу чечек денени кычыштырат. Бала аны тырмап, ичине инфекция киргизип жибербеш үчүн анын тырмагын алып, таза кармаңыз. Тырматпаганга аракет кылыңыз, болбосо суусу чыгып, бүдүр денеге көп тарап, алардын ордунда так калып калат. Ооруган балага калың кийим кийгизүүнүн кажети жок. Үйдүн ичи да салкын болууга тийиш. Жай мезгилинде суу чечек менен ооруган бала сыртка чыкканда көлөкөдө жүрүүсү керек. 
Суу чечек кычыштырып кыйнаганда аны бешинчи күндөн баштап бир аз марганцовка кошулган сууга киринте берүүгө болот. Же болбосо бир чыны коюу демделген кара чай кошулган сууга киринтсеңиз да болот. Чайдын курамындагы танин дененин кычышуусун басаңдатат. Эркек баланын жумурткасына, кыз баланын жыныс органдарынын ичине бүдүрлөр чыгып кеткен учурда мындай аралашмага баланы отургузуу жакшы жардам берет. Улам чыккан бүдүргө жашыл бриллиант эритмесин (зелёнка) сүйкөгөндөн башка суу чечекке каршы дары жок. Мындан тышкары ооруган бала диета кармоого тийиш. Ооруп жаткан учурда ачуу, туздалган, ышталган, майлуу азыктарды рационго кошпош керек. Андан көрө сүт ботколорун, кайнатылган тамактарды берүү керек. Жашылча-жемиштерди жана алардын ширесин берүү зарыл. Бирок кычкыл жемиштерди бербей эле турган оң. Мындан тышкары, суудан көп берүү керек.



Аймээрим Курбаналиева