Аллергия өнөкөт ооруларды козгойт

“Кылымдын оорусу” деп аталган аллергия менен бүгүнкү күндө планетанын 85% калкы ооруйт. Аны ушул кезге чейин канчалык дарыласа да дабасы табылбай келет. Дарылоого караганда аллергиянын алдын алуу маанилүү экендигин дарыгерлер баса белгилешет.


Аллергия – организмдин кандайдыр бир затка жогорку сезимталдуулугу. Бул зат химиялык кошулмалар, жаныбар, азык, жүн, чаң же микроб болушу мүмкүн. Аллергиянын көбөйүшүнө байланыштуу бир нече теориялар айтылып келет. Бир теория аллергиянын өсүшүн гигиеналык эрежелердин сакталбагандыгына байланыштырса (өзгөчө жаш балдарда), экинчи бир теория көпчүлүк химиялык азык-түлүктөр да аллергендин ролун аткарып жаткандыгын белгилейт.

 

Аллергиянын түрлөрү жана белгилери

Респиратордук аллергия. Бул аллергия дем алуу учурунда газ, өсүмдүктүн чаңчалары, чаң сыяктуу аллергендер организмге таасир эткенде пайда болот. Белгилери: чүчкүрүү, мурундун кычышуусу, мурундун бүтүшү, катуу жөтөл, өпкөнүн кырылдоосу, деми кыстыгуу.

Дерматоз. Аллергиянын бул түрүн азык-түлүктөр, косметикалык, химиялык каражаттар, дары-дармектер чакырат. Белгилери: теринин кызаруусу, кычышуусу, түлөө, кургоо, шишик, ыйлаакчалардын пайда болушу.

Аллергиялык конъюнктивит. Бул аллергия көрүү органын жабыркатат. Белгилери: көздөн көп жаш агуу, көздүн айланасынын шишүүсү.

Энтеропатия. Кайсы бир азык-түлүктөрдү, дары-дармектерди кабыл алгандан кийинки ичеги-карындын аллергиялык реакциясынан улам болот. Белгилери: кускусу келүү, кусуу, ич катуу же ич өтүү, эриндин, тилдин шишүүсү, ичегиге жел туруп калуу.

Анафилактикалык аллергия. Бул аллергия абдан коркунучтуу болуп саналат. Ал аллерген организмге баргандан кийин бир нече секунддун же 5 сааттын ичинде эле пайда боло калышы ыктымал. Анафилактикалык аллергия чымын-чиркейлер чакканда же дары-дармектердин таасиринен улам пайда болот. Белгилери: энтигүү, тарамышы тартышуу, эс-учун жоготуп коюу, денеге майда кызыл темгилдердин жайнап чыгуусу, бат-баттан заара чыгаруу жана заңдоо, кусуу.

Генетикалык аллергия. Ата-энесинин бирөөсү аллергия менен жабыркаса, баласы да аллергияга жакын болуп өсөт. Бирок бала ата-энесиндеги аллергиянын түрү менен эмес, башка аллергия менен жабыркайт. Мисалы, ата-энесинин бирөөсүнүн цитрус өсүмдүктөрүнө аллергиясы болсо, баласы сүт азыктарына болгон аллергия менен оорушу мүмкүн.

 

Аллергияны пайда кылуучу факторлор

– Туура эмес тамактануу;

– Эмоционалдык, психологиялык стресс;

– Бала кезде эмчек эмбөө;

– Бала кезде күчтүү аллергендерди кабыл алуу;

– Эндокриндик оорулардын болушу.

 

Аллергиянын кооптуулугу

Көпчүлүк адамдар аллергия анча коркунучтуу эмес оору жана бат эле өтүп кетет деп ойлоп ката кетиришет. Эгер адамдын иммунитети жакшы болсо, аллергия жеңил өтөт. Тескерисинче, иммунитети алсыз болсо, кооптуу жагдайларды жаратат. Жадагалса, өнөкөт ооруларды козгошу мүмкүн. Эң коркунучтуусу – дем алууну кыйындатат, артериалдык кан басымды түшүрөт. Андан сырткары төмөнкү ооруларга дуушар кылат:

Ткандардын капысынан шишип кетүүсү. Бул чымын-чиркейлердин чагып алуусунан, тамак-аштан пайда болгон аллергиядан улам келип чыгат. Эгер кекиртектин айланасындагы ткандар шишип кетсе, адам деми кыстыгуудан өлүп калышы мүмкүн.

Бронхиалдык астма. Аллергиянын өтүшүп кеткен түрүнөн пайда болуп, натыйжада бул ооруну дарылоо кыйын болуп калат.

Гемолитикалык анемия. Бул оору чанда кездешет. Аллергиянын таасиринен кандагы эритроциттер бузулуп, аз кандуулук пайда болот.

Өнөкөт бронхит. Респиратордук аллергиядан улам дем алуу жолдору жабыркап адам өнөкөт бронхитке дуушар болот.

Дерматит, экзема, псориаз. Бул оорулар – дерматоз аллергиясынын натыйжасы. Көбүнчө косметикалык, химиялык каражаттардан улам пайда болот. Вирустук инфекция, грибокторду алып жүргөндүгү менен коркунучтуу.

 

Аллергиянын алдын алуу

– Аллергияны пайда кылуучу аллергенден алыс болуу керек. Мисалы, өсүмдүккө, чөп-чарларга аллергиясы бар адам ошол өсүмдүк гүлдөгөн мезгилде күндүн ортоңку бөлүгүнө чейин сыртка чыкпаганы оң. Тамак-ашка аллергиясы барлар аллерголог-диетологдор менен кеңешип өз рационун түзүп алуусу керек.

– Диета, гигиенаны сактоо зарыл.

– Бөлмөнү таза кармап, жүн, мамыктан жасалган одеялдарды, куштун жүнүнөн жасалган жаздыктарды колдонбоо керек.

– Сактоо мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармектерди ыргытуу керек.

 

Аллергиясы барларга тыюу салынган тамак-аштар

Деңиз азыктары. Деңиз азыктарынын курамындагы микроэлементтер менен витаминдер аллергияга кабылгандардын иммундук системасына күч келтирет. Натыйжада аллергия ого бетер күчөйт. Андыктан аллергиясы барлар балык, икра, деңиз капустасынан толук баш тарткандары оң.

Сүт азыктары. Үй шартында даярдалган сүт азыктары табигый белокторго бай болгондуктан күчтүү аллергендер болуп саналат. Ошондуктан фабрикадан иштелип чыккан сүт азыктарын колдонгон туура. Анткени алар бир нече этаптан өткөндүктөн алардагы белоктор азаят. Демек, аллергиянын пайда болуу коркунучу да азаят.

Консерваланган тамак-аштар. Бул тамак-аштарга сапатын узакка сактоо, сактоо мөөнөтүн узартуу жана башка коммерциялык максаттарда кошумча татымалдар кошулат. Алар адамдын ден соолугу үчүн зыяндуу болбогону менен күчтүү аллергендер болуп саналат.

Айрым мөмө-жемиштер. Эң көп тараган аллергия - кулпунай, чычырканак, коон жана ананаска болгон аллергия. Кээде алардан жасалган компот, жемден да аллергия пайда болот. Эң күчтүү аллергендер болуп цитрус жемиштери эсептелет.

Химиялык кошулмалар кошулган азыктар. Буларга газдалган суусундуктар, мармелад, шоколад, сагыздар кирет. Алардын курамында аллерген болуп эсептелинген боёктор, таттуу кылуучу заттар бар.

Бал. Бал эң кеңири тараган аллерген болуп саналат. Ошондуктан аны этиеттик менен колдонуу керек. Ошондой эле жаңгак, козу карын да аллергендердин катарын толуктайт.

 

Аллергияны жеңилдетүүчү элдик каражаттар

– 1 г мумиёну 1 л ысык сууга аралаштырып, 1-1,5 саат муздатып туруп күнүнө 1 жолу ичесиз. Чоңдорго 100 мл, бир жаштан өйдө балдарга 50-70 мл. Курс 2-3 жумага созулат.

– 10 г жалбыздын кургатылган жалбырагын жарым стакан кайнак сууга саласыз. 30-40 мүнөт тыныктырып күнүнө 3 жолу 1 аш кашыктан ичесиз.

– Каакымдын жаңы тамырын кайнак сууга салып жакшылап майдалайсыз. Андан 1 аш кашык алып 1 стакан кайнак сууга салып аралаштырып күнүнө үч жолу ичесиз.

– 2 аш кашык сельдерейдин майдаланган тамырын 200 мл муздак сууга салып 2-3 саат тыныктырасыз. Бул учурда тундурмага күн тийбеши керек. Даяр болгон соң күнүнө тамактанардан жарым саат мурда 50-100 млдан ичесиз.

 

Шааркан Абдуллаева