Съездбек ИСКЕНАЛИЕВдин жубайы Жаркынай: «Жолдошумдун күйөрман кыздарын чайга чакырып уяткарчумун»

Чыгармачылыкка киришкен күндөн бери тынымсыз аракеттин үстүндө келе жаткан ырчы Съездбек Искеналиев учурда бир нук, бир багыт менен иш алып барууга жетишип калганына жалпы эл күбө. Ырчынын учурда көпчүлүктүн көңүлүн бурдуруп аткан «Жубайыма» аттуу ырынын клибинин баш каарманы – анын өмүрлөшү Жаркынай. Клиптеги жылдыздуу, назик, мээримдүү айым чыныгы жашоодо да дал ошондой асыл сапаттарга ээ. Маек учурунда ал мага бактылуу аял гана эмес, ырчынын маңдайына бүткөн бакыттай таасир калтырды.

– Жаркынай айым, ырчынын жубайына кандай сапаттар керек?

– Алгач чыдамкайлык, сабырдуулук керек деп ойлойм. Себеби алар жумуштан дайыма кеч кайтышат. Ошону түшүнүп, туура кабыл алып күтүп алуу керек. Мисалы, Съездбек ишинен эрте дегенде түнкү саат 11де келет. Кечиксе андан да кеч. Бирге жашаган он жылдан бери аны тамагымды жасап, дасторконумду жайып алып күтүп келем. Бул өзүнчө эле бир иш сыяктуу. Мындай күтүү биз жаңы баш кошкон жылдары мени зериктирип, тажатып жиберчү. Азыр болсо балдарым менен алышып олтуруп убакыттын кандай өтүп кеткенин байкабай калам. Жолдошумду иштен жакшы маанайда, жакшы абалда тосуп алганга дайыма аракет кылам.

– Баш кошконуңуздарга канча жыл болду?

– Быйыл 12-сентябрда 10 жылга толот. Өзүм жакында эле отузга чыктым. Съездбек мени 20 жашымда кыргыздын салты менен сөйкө салып алып кеткен. Жакында эле экөөбүз ал күндөгү кызыктарды эстеп сүйлөшүп олтурдук эле. Бир кызык окуяны айтып берейин: биз кыз-жигит кезде Съезд биздин үйдү даана билчү эмес. Ошол күнү улам чалып даректи тактап атты. Бир маалда “жетип калдык” деген. Бирок алар кечигишти. Мен “жашыл дарбаза” деп жакшы эле сүрөттөп түшүндүрүп бергем. Көрсө, алар бизден беш-алты үйдөн кийинки жашыл дарбазалуу үйгө барып алышыптыр. Тойду өзгөчө салтанат менен баштайлы дешкен экен. Баары машинадан түшүп, кыяк, комуздарын колуна алып ырдап эле кирип барышса үйдөн таң калычтуу карап орустар чыгышыптыр. Эки тарап бири-бирине жайларын түшүндүрүшүп, анан кайра биздикине келип ойлогондорундай ырдап киришкен. Баш кошконубуздан эки айдан кийин чоң тоюбузду бергенбиз. Менин курбу кызым ырчы Неля болгон.

– Он жыл ичинде эмнелерге жетише алдыңыздар?

– Кудайга шүгүр, жашообузда көп жакшы өзгөрүүлөр болду. Эң башкысы башыбызга баш кошулуп эки кыз, бир уулдуу болдук. Учурда ак эмгегибиз менен там салып жатабыз. Жолдошумдун чыгармачылыктагы иштери да ийгиликтүү өсүүдө.

– Уул-кыздарыңыздын кимиси атасына жакын?

– “Кыз бала атасына жакын болот” деген чын окшойт. Даткайым атасын абдан жакшы көрөт. Кичүү кызым азырынча кичине болуп менин жанымдан чыкпайт. Бирок чоңоё түшсө ал деле атасынын кызы болуп калат го деп калам. Балдарыбыздын үчөө тең ыр-бийге жакын. Атасы келечекте өзүнүн жолун кимиси жолдосо да “колдойм” дейт.

– Даткайым канчанчы класста окуп калды?

– Быйыл 3-класска көчтү. Абдан жакшы окуйт. Мектеп сахнасында ырдап, бийлеп жүрөт. Ал эми “келечекте дизайнер болом” дейт. Даткайым балага абдан жакын. Бөбөктөрүн жакшы карашат. Башка кичинекей балдарды деле жакшы көрүп карап, багып убара боло берет. Туугандарыбыз, теңтуштарыбыздан “ал төрөптүр, бул төрөптүр” деп калсак эле мага: “Сиз качан төрөйсүз?” - деп калат. Ымыркай бөбөктүү болууну абдан күтүп жүрөт. Мен: “Үйүбүз бүткөндөн кийин”, - деп койгом. Ошондон бери: “Үйүбүз бүтсө мамам экөөбүз төрөйбүз”, - деп жүрөт.

– Жолдошуңуз сиз менен базарга барышабы?

– Азык-түлүк алыш керек болгондо базардын оозуна чейин барат. Бирок машинадан түшпөйт. Мен алып бүткөн соң жүктөп алып кетет. Ал эми балдарды балдар дүкөндөрүнө, бутиктерге алып барып кийиндирет. Өзүнө кийим алуу үчүн мурда дайыма мен жанында жүрчү элем. Продюсерлүү болгону ал жумуштан алыстап калдым. Азыр кийимди продюсери менен бирге тандап алат.

– Сиздин кайсы тамагыңызды жакшы көрөт?

– Съездбектин жакшы сапаттарынын бири - тамак тандабайт. Кандай тамак жасасам да мактап жейт. Эт менен камыры көп тамак болсо абдан сүйүнөт. А мен тамакка чөп-чарларды, козу карын сыяктуу нерселерди кошконду жактырам. Жаңы үйлөнгөн кезибизде ага көнө албай жүрдү. Бирок анда деле “муну кош, муну кошпо” деп сын айтчу эмес. Азыр, тескерисинче, айрым чөп-чарлуу тамактарымды сурап жасатып жейт.

– Ичимдикке кандай?

– Башында сыра ичип калчу. Бирок дайыма эмес. Анысы бара-бара азайып олтуруп азыр ичпей эле калды. Тамеки тартпайт.

– Жолдошуңуз тасмага сулуу кыздар менен көп түшөт, сизде кызганыч болобу?

– Бул анын иши деп гана кабыл алам. Эч кандай кызганыч жок. Андай кесиптештери турсун, ага кат жазып, чалган күйөрман кыздарынан деле кызганбайм. Биз жаңы үйлөнгөн кезде ага фанат кыздар Съездди үйгө чейин издеп келишчү. Ал эми үй телефонубуздун жаагы басылчу эмес. Ал үйдө болсо телефонго чакырып берип, үйдө жок болуп калса: “Келчү маалында чалгыла”, - деп койчумун. Күйөрман кыздар үйгө келген маалда Съездбек дайыма жумушта болуп калчу. Аларга эч кыялымды көргөзбөстөн жаркылдап кабыл алып, чын ниет менен: “Жолдошум келгенче үйгө кирип чай ичип отуруп тургула”, - дечүмүн. Бирок кирип отуруп алуудан уялган кыздар ошол эле жерден кетип калышчу. Кайталап үйгө келип тынчыбызды алышчу эмес. Менин Съездбекке болгон сезимим алардын күйөрмандык, фанаттык берилүүлөрүнөн дайыма бийик, дайыма күчтүү жана туруктуу. Ошондуктан алардан кызганууга себеп жок. Тескерисинче, Съезддин күйөрмандары мындан да көп болушу керек деп ойлойм. Эгер ага башкалар көңүл буруп, убакыт бөлүп атса, иши жакшы болуп аткан экен деп кубанып калам.

– Учурда эл назарында болуп жаткан “Жубайыма” клиби өзүңүздүн купулуңузга толдубу?

– Бул жолдошумдун ак эмгеги да, жаман деп айтпайм. Бирок өзүм камерага түшкөндү жаман көрөм. Болушунча эл көзүнөн алыс эле болгум келет. Буга чейин Замир Арыкбаев экөө ырдаган “Арноо” деген ырынын клибинин соңунда көз ирмемчелик эле кадрга түшкөм. Дагы бир жолу бир клибине кош бойлуу аялды тартыш керек болуп калыптыр. Ал маалда мен кош бойлуу болчумун, ичим чоңоюп калган эле. Бирок таптакыр тартылгым келбей баш тартып койгом. Анан бул жолу да баш тартууга болбойт да, андан калса ыр “Жубайыма” деп мага арналып жатса (күлүп). Андыктан камерага түшкөндү жаман көрсөм да клипке тартылууга аргасыз болдум. Он жыл жашап, бири-бирибиздин ысык-суугубузга түтүп, мындан аркы жашоого максаттарыбыз мурдагыдан да көбөйүп, ишеничтерибиз бекемдеп турган маалда жолдошумдун мындай ыр тартуулаганы мага, албетте, жагымдуу болду.

 

Гүлайым Калыбекова