Тамашаны сүйгөн талант Муканбет Токтобаев

Кыргыз эли, кыргыз кинотеатр искусствосу кайталангыс улуу талант Муканбет Токтобаевди жоготконуна туура бир жыл болду. Залкар актёрсуз театрдын сахнасы аңгырап, канчалаган ролдор жетим калды. Таланттуу инсан өлгөнү менен анын аты, жасап кеткен эмгектери унутулбайт экен. 30-июль күнү «Ала-Арча» көрүстөнүндө актёрдун эстелиги тургузулду. Биз да улуу талантты урмат менен эскеребиз.

КРнын Эл артисти наамынын ээси Муканбет Токтобаев 1947-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында туулган. Москвадагы А. В. Луначарский атындагы мамлекеттик театр өнөрү институтунан билим алган. 1972-жылдан тарта Ош облустук кыргыз драма театрында, кийин Т. Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрында жана “Тунгуч” жеке менчик театрында актёр болуп эмгектенген. Элге театр жана кино артисти, драматург, обончу катары таанымал. 2015-жылдын 30-июлунда мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

 

 

Табылды Актанов: «Мукемсиз жалгызсырап калдым»

– Мукем экөөбүз бир туугандай жакын болчубуз, мени «бөбөгүм» деп койчу. Кайсы күнү, кандай учур болбосун, көңүлү ачык жүрөр эле, капа болгонун бир көрбөдүм. Мага анын урушканы да тамашадай көрүнүп күлкүм келчү. Ошондуктан атайын эле жинине тийгим келип бир нерсени тескери айтып койчумун. Анан: «Ой, токточу, баатыр сен, эмне дедиң азыр? - дечү, баягы сөздү кайталап койсом, - ой, кокуй күн, кандай адамсың өзү, ушул сага чыдап жүргөн жанагы Зуура (менин аялым) тирүү экен го, беш мүнөттө адамдын жанын чыгарып жибересиң», - деп урушуп кирчү. Мен каткырып күлүп калчумун. Улгайып калганыбыз менен эркекпиз да, жолдо баратып сулуу кыз-келиндерди көрүп калса: «Ой, баатыр, коё турчу, тетигини карачы, кантип өтүп кетебиз. Көрүнбөй калганча карап турсаң, кандай басар экен», - дечү. Тигилип карап калсам, кайра: «Өлүп кетесиң го, шилекейиң агып, баспайсыңбы, кантээр экен деп койсо, муну кара», - деп урушчу. Мукемди жоготконума бир жыл болду, эсимди жыя элекмин. Абдан жалгызсырап калдым. Чынын айтсам, театрга деле баргым келбейт. Экөөбүз баскан жолдон чыга калып «токточу, баатыр» дечүдөй издей берем.

 

Жаркын Балыкбаева: «Түшүмө кирип кечирим сурады»

– Биз жумуштагы өнөктөштөр болчубуз. Ал мени туурап берип баарыбызды күлдүрчү, анан: «Сен тууралуу китеп жазам», - деп көп айтчу. «Жарыктык карылары» деген спектаклде экөөбүз бирге ойноп калдык. Негизи ал ролду Бакен Кыдыкеева ойночу, мага шашылыш берилип калып жакшы даярдана албай калгам. Зал толгон эл, спектакль башталды. Сценарий боюнча, Муканбет сахнага чыгып, анан мен: «Мен көгүчкөн, сен кыргый», - деп ырдап чыгышым керек болчу. Мен болсо: «Мен бөтөлкө, сен кыргый», - деп ырдап салыптырмын. Сахнанын артына келип алып Муканбет: «Ай, энеңди урайын, апенди, кайдагы бөтөлкөнү айтасың, оюңдун баары бөтөлкөдө», - деп урушуп да, күлүп да атат. Каза болгондон кийин түшүмө кирип: «Жаркын, мен сени катуу тамашалачу элем, кечирип кой», - деп айтты.

 

Мурат Мамбетов: «Генералдын ролун атайын Мукеме арнап жазгам»

 – Муканбет Токтобаев экөөбүз Кыргыз драма театрына бир күндө келгенбиз, экөөбүзгө чечим бир күндө чыккан. Мен жаңы институтту бүтүрүп келсем, Мукем Оштогу театрдан келиптир. Таанышып, сүйлөштүм, бирок мен анын канчалаган ролдорду аткарган мыкты актёр экенин билген эмесмин. Мага окшогон эле актёр катары кабыл алгам. Анан биринчи спектаклге иштей баштадык. Мага өтүп баратып саламдашчу бир баланын, Мукеме башкы ролду беришти. Ичимден «эмнеге жумушка экөөбүз чогуу эле келсек, мага жөнөкөй роль берип, буга башкы ролду берди» деп абдан жаман болуп аттым. Бирок репетиция учурунда анын күчтүү актёр экенин байкадым. Ошондо боюн көтөрүп «мен чоң актёрмун» дебегенине, жөнөкөйлүгүнө абдан баа берип, сыйлап калгам. «Чиркин өмүр» сериалында генералдын ролун атайын Мукеме арнап жазгам. 

 

Чоро Дубанаев: «Жарамазан айтып жакшы эле тыйын тааптырбыз»

– Мукем жүргөн жер шаң болчу. Бир жолу орозо айында: «Жүр, жарамазан айтып көрөлү», - деп келиптир, «кантип?» - десем, «Шайымбек Кыдырмаев үчөөбүз айтабыз, ал комуз чертет, мен аккордеон тартам, сен шылдыракты эле алып ал», - деди. Мукемдин Жигулиси бар эле, аны айдап алалы десек, бензин жок. Анан жаныбыздагы башкы эсепчиникине айтып бардык. Башкы эсепчибиз эмне кыларын билбей: «Киргиле», - десе, Муканбет: «Жарамазан айткан киши чай ичпейт, берчүңдү бер», - деди. Эсепчибиз акча, момпосуй алып чыгып берди. Дароо Жигулиге бензин куюп алып Куурчак театрынын азыркы директору Сазаевдикине, андан ары Асанкул Осмонов, Мар Байжиев, Бексултан Жакиев, Далбаевдердикине чейин барып жарамазан айттык. Кечинде эсептесек жакшы эле тыйын тааптырбыз, үчөөбүз бөлүшүп алып тарап кеттик.

 

Замир Сооронбаев: «Көрсө, ошондо мени менен коштошкону келиптир»

– Мукеме Жараткан баарын берген, бир гана өмүрүн кыска кылып коюптур, арабыздан эрте кетип калды. Экөөбүз ага-инидей жакын элек. Эсимде, 1980-жылы эркек балалуу болду. Төрөт үйү театрдын жанында болгону менен майрамдап жүрө берип үч күн барбай коюптур. Мага келип: «Замке, үч күндөн бери жеңеңе бара элекмин, барып келеличи», - деди, бир кефирди көтөрүп алып жөнөдүк. Биз дарбазадан киргенде эле Жандат жеңе терезеде: «Ай, темселеп кайда жүрөсүң, үч күн болду?» - деп кыйкырса, Мукем: «Энеңди урайын, жок дегенде ушул жерде жөн жатчы», - деп коёт камаарабай. Төрөт үйүндөгү аялдардын баары күлүп калышты. Былтыр мен ооруп калганда үйгө келип беш саат олтуруп, өткөн-кеткенди эстеп, кетерде аябай кучактап өөп кеткен. Эртеси ооруканага жаттым, эки күндөн кийин радио угуп жатсам, «Муканбет Токтобаев өмүрүнүн акырына чейин Кыргыз драма театрында иштеген», - дейт. Марат Алышпаевге чалсам, Мукемен ажырап калганыбызды айтты. Көрсө, ошондо мени менен коштошкону келиптир.

 

Гүлнур Сатылганова: «Мага жакшы кайната болду»

– Бул адам кандай мыкты актёр болсо, дал ошондой мыкты адам эле. Абдан боорукер, ак көңүл, шайыр болчу. Башка эмес, балдарын да урушканын такыр көргөн жокмун. Жаңы келин болуп барганда жоолук салынып жүрчүмүн. Ошондо: «Ээ, жоолугуңду алып эле салчы», - деп жоолугумду алганга өзү уруксат берген. Ушундай жакшы кайната болчу. Кийин алар менен эки жылдай чогуу жашадык, абдан күлдүрүп сүйлөгөн тамашакөй адам эле. Жолдошум да атасын тартып тамашакөй эле, үйүбүз шаңга толуп турчу.

 

Даниял Токтобаев: «Атамды машинеси менен уруп кеткен балага дообуз жок»

– Атам эң сонун ата, эң сонун адам эле. Экөөбүз абдан жакын элек. Каза болгонуна бир жыл болсо да атамдын көзү өткөнүнө ишене албай келем. Бизди такыр катуу кыйкырып урушкан эмес, тамаша катары айтып эле тарбиялап койчу. Атам дайыма «энеңди урайын» деп сүйлөчү да. Бир жолу бир иним кенже иниме ачуусу келип “энеңди урайын” деп урушуп атса, атам келип: «Эй, энеңди мен урайын, энеңди урайын», - деп баарыбызды күлдүргөн. Быйыл атамдын жылдыгы болуп эстелигин тургуздук. Атамды машине менен уруп кеткен бала башында камакка алынган. Кийин туугандары келип “сот болгончо үй камагына чыгарып бериңиздер” деп суранышты. Макул болуп чыгарып бергенбиз. Жаңы үйлөнгөн жаш бала экен, келечеги алдыда дегендей. Ажалга кеткен адам кайрылбайт деп “балага дообуз жок” деген кагаз жазып бергенбиз.

 

Динара ЧОКОЕВА