Ууру сезим

(Башталышы өткөн санда)

Машина узун жол менен жол жээктей өскөн бактарды артка калтырып баратты. Тынчтык өзүн бактылуу, аялын бактысыз, балдарын бушайман кылган окуялар жашоосуна кантип аралашып кеткенине таң калып келатты. Ушул убакка чейин бир да жолу өткөн күндөрүн иликтеп көргөн эмес экен. Ойлосо, күн сайын күнүмдүк жашоо үчүн күрөшүп, күнүмдүк жашоо менен бактылуу да, бактысыз да болуп жашап келиптир. Өмүр жолу алдында жаткан жолдой түз, кенен, анан узун болсо экен деп тилек кылып койду. Айнектин кош бойлуу экенин ойлоп кубанып алды. Ымыркай наристенин жытын сагыныптыр. Ошол күн батыраак келсе экен... Уул болду бекен же кызбы? Уул болсо экен...

Аңгыча тарс эткен үн таттуу ойлорун бузуп, жүрөгүн титиреткен коркунучка кептеп салды. Машина ала салып, ичинде Тынчтык туш келди урунуп баратты. Машинанын ала салуусу саатка созулуп бараткандай, Тынчтык болсо ар бир секундда анын токтоп калышын, бир гана токтоп калышын тилеп жатты. Башын деңгиреткен караңгылык анда-санда бир жылт этип аткан жарыктан биротоло айрылып, кулагы дыңылдаган үндөн тунуп барып эч нерсе укпай калды. Мурдуна кандын гана жыты келет. Өмүр менен кош айтышуу ушул экен деп ойлоду.

***

Тынчтык уулун алып кеткенден бери Айнектин эки көзү жолдо. Күйөөсүнүн эрте келишин чыдамсыздана күтүп, эшикке чыгып-кирип тынч ала албайт. Эдилди атасынын колуна тапшырганын айтып бир чалган. Бирок келем деген эмес. Келер-келбесин сурагандан намыс кылып койгон. Ал күнү Күмүшайга кетип калса керек деп кызганыч менен таң атырган. Эртеси түшкө маал чалып ала албады. Ошону менен телефону өчүк. Бүгүн анын кабарсыз кеткенине үч күн болот. Мынчалык дарексиз кетүүсү Айнекти түркүн жаман ойлорго көөмп салды. “Бүгүн күтөм, келбесе ишине же үйүнө издеп барам” деген чечимге келди.

                            ***

Өткөндөгү үй-бүлөлүк кеч Күмүшайга бир топ кубат тартуулаган. Суранычын жерге калтырбай Тынчтыктын уулдарына таттуу көтөрүп келгени ал үчүн эң бактылуу ирмемдердин бири болуп калган. Андан кийин да үйгө тез-тезден келгенин жакшылыкка жоруп, бир күндөрү бир кездегидей күн сайын бизге гана шашып келип калар деп үмүт кылган. Ошентип, жаңы гана жакшы үмүттүн шооласы жарык жана баштаган кезде Тынчтык дайынсыз жок болду. Бүгүн келеринен үмүтү чоң. Өзүндөгү күйөөсүнө болгон бул берилүүсүнө, арзуусуна таң калат. Андан калбаган көңүлүнө бир ыраазы, бир ыза.

***

– Көзүн ачты.

– Кана, көрөлүчү, – ак чач доктур бейтапка үңүлдү, - дем алуусу жакшы. Кана, жигит, ойгон, ойгон. Атың ким?

Тынчтыкка бул үн алда кайдан жаңырып келип атты. Көз алдындагы ак халатчандын доктур экенин билип, бирок анын эмнеге жанында жүргөнүнө акылы жетпеди. Жакшылап карап жүзүн таанып алайын деди эле, көзү тунарып, эки-үч катарланып ээрчишкен элестин бири да даана көрүнбөйт. Кыйналып кетти, баарына кол шилтеп салып көзүн чылк жуумп алды.

– Издеп келгендер барбы? – доктур жанындагы медайымга кайрылды.

– Али жок.

– Телефонун жандырдыңарбы?

– Ооба, бүгүн жандырдык. Бирок анда код коюлган экен.

– Көзүңдү албай кара. Эсине келет. Мүмкүн болсо телефонун иштеттирип жакындарын тез чакырт. Операциясын ойлонушубуз керек.

***

Тынчтык жанагы абалдан чыга албай эки күн убара болду. Экинчи күнү кечинде гана ал биринчи жолу жолдо машина айдап келе жатканын эстеди. Ошондо гана азыркы абалына акылы жете түшкөндөй жеңилдеп калды. Эч нерсени даана көрө албаган көздөрүн ушалап-ушалап иейин деди эле, эки колу тең оорлошуп ордунан көтөрүлбөйт.

– Суу, с-у-у.

– Мына, ичиңиз, – медайымдын ченеп берген суусуна ыраазы болбоду.

– Суу.

– Азырынча ушул болот. Ойгонуңуз. Атыңыз ким?

– ???

– Сиз Тынчтыксызбы?

– Ооба.

– Жакшы. Сиз ооруканадасыз. Катуу жол кырсыгына кабылгансыз. Эч нерсе эмес, азыр баары жакшы. Эч ким жоготууга учураган жок. Сиз да жакшы болуп кетесиз, – тыпылдаган медайым кубаныч менен сүйлөп жатты.

– Кайдамын?

– Улуттук госпиталдасыз. Нейрохирургия бөлүмү. Бизге сиздин жакындарыңыз керек. Телефонуңуздун кодун эстей аласызбы? – кыз телефонду ага көргөзүп, түшүнбөй калбасын дегендей экранын сөөмөйү менен чиймелеп сүйлөп жатты. Тынчтык баарын түшүнгөнү менен кодду эч эстей албай койду.

– Айнек. Айнекке чал. Жок, Күмүшкө чал, – Тынчтык онтоп араң сүйлөдү.

– Номерлерин айтыңыз, байке. Кимисине чалайын? – эстей калса экен деп тынчы кете сурады медайым. Тынчтык көңүлүнө жат болгон номерди такалуусуз айтты. Бирок ал Айнектин номери экенин же Күмүштүкү экенин эстей албай койду.

(Уландысы кийинки санда)

 

Гүлайым КАЛЫБЕКОВА