Жайна: “Боюмда кылып таштап кеткен жигитим он жылдан кийин колумду сурап жатат”

Кыз сыры – сезимтал кыздын жүрөк үнү. Кыз сыры – махабаттын таттуу ирмеми. Кыз сыры – кызганычтын жүрөк муунтуп, жүлүн сыздаткан кыйноосу. Рубрикабыздын кезектеги каарманы жан адамга ооз ачып айта элек сырын ортого салат. Жайнанын абалына карата ой-пикириңиз болсо, редакциябыздын 0772 16 89 64 номерине байланышка чыгыңыз. Эскертүү: каарманыбыздын өтүнүчү менен өзүнүн номери берилбейт.

- Жаштыгым жаңылыштык менен башталып, анын айынан кыйынчылык менен өтүп кетти. Жакын деген адамдарымдын жектөөсүнө кабылып көз жашым кургабаган күндөр болду. Бирок ошол оор күндөрдө да жакшылыктан үмүт үзгөн эмесмин. Азыр ошол мен күткөн күн келдиби деп турам. Бирок “сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет” деген чын экен. Өзүм билемдикке салып дагы жаңылбайын деп улуу-кичүүнүн кеп-кеңешин угууга окуямды баян кылып олтурам.

***

Баарыныкындай эле менин эркин жашоом да жогорку окуу жайга тапшырганда башталды. Болбосо төрт эркектин арасындагы жалгыз болгонума “кызга кырк үйдөн тыюу” деп мени катуу кармашчу. 1-2-курс кездеримде айылдагы ата-энем менен агаларымдын тарбиясынын таасири тарабай үлгүлүү студент болдум. Алдыңкы стипендия алып, ансайын алдыга умтулуп турчумун. Университетте мен катышпаган иш-чаралар болчу эмес. Ошондой күч-кубатым ашып-ташып турган маалда Кыргызстан боюнча алдыңкы студенттердин чоң иш-чарасы болуп калды. Иш-чара үч күнгө созулгандыктан студенттердин бири-бири менен таанышып, маалымат алышууларына кенен шарт түзүлдү. Айрымдар жаңы билимге эле эмес, сүйүүгө да ээ болушту. Алардын арасында менден үч курска улуу Сыймык экөөбүз да бар элек. Апам дайыма: “Кандай жерде жүрсөң, ошондой күйөө табасың. Жакшы жерде жүр”, - деп айтчу. Жакшы жерде жүрүп жакшы адам таптым деп ойлодум.

Ал Талас университетинен келген экен. Иш-чара аяктаган соң иштери менен кала турганын айткан. Байкасам, мени менен убакыт өткөрүү үчүн эле калган экен. Эки күн мен сабактан бошогон сайын тосуп алып сейилдеп, тамак алып берип жүрдү. Чынында анын ой жүгүртүүсү, умтулуулары, акылдуулугу мени кайдыгер калтырган жок. Эмнени сүйлөшсөк да кебибиз түгөнбөй кызыккан темаларыбыз да бир эле. Ал кетип жатып мага мамилебиздин улануусу тууралуу ойлонуп көрүүмдү айтты. Жүрөк каалап турса адамдын ойлонгон, ойлонбогону деле мааниге ээ болбой калат экен. Эч нерсе тоскоолдук жаратпай биздин мамиле кыз-жигиттик нукка өттү. Мен аны менен кең келечегимди элестетип, бактылуу болорума ишенип калдым.

***

Ошол жылы Сыймык окуусун аяктап шаарга келип кесибинен башка эле иште иштей баштады. Дос баласы менен батирде турчу. Кез-кез алардыкына барып бирге ар кандай иштер менен алек болуп, бактылуу учурларды өткөрүп жүрдүк. Айрыкча мен анын үйүндө олтурганда келечегибиз тууралуу сүйлөшүп, бирге тамактанганыбызга эле бактылуу элем. Ошондой күндөрдүн биринде мен түнгө калып калып, эртеси таңды көз жаш менен тостум.

– Жайна, эмне мынча ыйлайсың, мен сени таштап кеткен жокмун го?

– Сөзсүз эле таштап кетиш керек бекен. Сен сөзүңө турган жоксуң. Мен ак никени, ак көшөгө, ак жоолукту кандай кыялданып, күтчү элем, билбей калдыңбы?

– Билем, эми ушундай болуп кетпедиби, кечирип койчу. Мен сени таштабайм, – ал мени жан дилинен сооротуп, жашымды сүрттү.

Ошол эле жерден убакыт өткөрбөй баш кошорубузду, актыгым башкаларга эмес, ага гана маанилүү экенин, башкысы менин ага кыз жолукканыма ыраазы экенин билдирди. Кийин андай төшөктө жолугушуу бизге кадыресе иштей болуп баратты. Бирок Сыймык баш кошуу тууралуу унчукпай жүрө берди. Бир жолку андай жолугушууда мен кеп баштадым.

– Качан баш кошобуз? Ушинтип эле жүрө беребизби?

– Жайна, күтө турчу. Азыр үйдө шарт жок. Атам ооруп төшөктө жатат. Анан мен “аял алам” деп чыкмак белем.

– Анда мени айылыңа алып кетчү күн келмейинче жолукпайбыз.

Мен туруп кетип калдым. Сыймык эки-үч күн чалган жок. Атасынын ооруп атканын мурда эле билчүмүн. Ошону түшүнбөй кетип калганыма таарынып калды го деп мен да жүрө бердим. Биздин мамиледе мен эч качан биринчи кадам жасачу эмесмин. Күндөр уланып жолукпаганыбызга бир айдай болуп кетти. Демейде алды-артыма түшүп айланчыктап турчу Сыймыктын келбегенине катуу таарындым. Бушайман болуп кыздардан жашырынып ыйлап алып жүрө бердим. Бирок менин адаттан тыш ыйлаак болуп баратканымдын себеби башка экен. Көп узабай көңүлүм айнып, куса баштадым. Бул кош бойлуулуктун белгилери экени мага белгилүү эле. Анан бат эле таксикозум катуу болуп жатып калдым. Сыймыкка кыялымды көргөзүп кетип калганыма өкүнүп, эми баш кошуубузга көнөр бекен деп санаа тартып жаттым. Ошол маалда Сыймык өзү чалып калды.

– Жайна, мен атамдан айрылып калдым.         

– Арты кайырлуу болсун. Жаман болуптур, – чындап кейидим.

– Мага дагы деле таарынып жүрөсүңбү?

– Жок. Сенчи.

– Жок. Эмне жаңылык?

– Чоң жаңылык бар. Шаарга келгениңде айтайын.

– Шаарга дагы бир айдан кийин барам.

– Анда күтөйүн. Сен мени таштабайсың да, туурабы?

– Ооба, - ал эч көңүлсүз сүйлөштү. Ансыз да азалуу болуп турган немеге менин жаңылыгым жакмак беле деп абалымды айткан жокмун.

***

Сыймык бир айдан кийин келди. Биз адаттагыдай эле анын батиринен жолугуп болгонун айттым. Мен күткөндөй Сыймык кубанган жок.

– Текшерттиңби анан? Канча болуптур?

– Жок, бирге баралы дегем, – кубанып үн каттым.

– Бирге барганда деле ошону айтат да. Андан бери көп деле боло элек. Оңой эле алып салышат болуш керек, – деди кебелбей. Башка чапкандай болдум.

– Эмне деп атасың? Ким алдырат экен аны?

– А сен эмне, төрөйүн деп атасыңбы?

– Сыймык, тескери сүйлөп эмне болуп атасың? Бул деген биздин балабыз да. Сенин балаң. Эмне, биз баш кошпойбузбу?

– Жайна, кечирип кой. Азыр менин энем менен бир туугандарым той кылчу акыбалда эмес, – ал башын жерден көтөргөн жок.

– Ал менин маселем эмес, – ачуумду бүрктүм.

– И, маселең эмес болсо төрөй бер.

***

Чын эле текшерүүгө Сыймык менен баргым келген. Анын мамилесинен кийин УЗИге аргасыз жалгыз бардым. Үч ай болуп кетиптир. Ишенесизби, бирок мен баланы алдырып салуу тууралуу ойлонуп да койгон жокмун. Сыймыктан үмүтүмдү үзбөдүм. Баланы жеримек турсун, анын төрөлүшүн, Сыймыктын кубанычын кыялданып жашай баштадым. Анан бат эле маселелердин курчоосунда калдым. Ичим билине баштаганда батирден куулдум. Анан окуу жайга жаман аттуу болдум. Буларга туруштук бере албай турганымда айылдан байкем менен жеңем келип калышып калгандарга болгон абийирим ачылды. Атам менен апам мени айылдын эт-майынан өксү кылышчу эмес. Алардын аманатын жеткиргени келип менин абалымды көрүп кетишти. Жашырынбай курсагымды торсойтуп алдыларынан чыкканыма азыр да жиним келет. Анткенимдин бир себеби: мен аларды түшүнөт, кечирет деп ойлогом да. Жеңем болгонун апама айтып барыптыр. Апам чалып жөн-жайымды билген соң: “Кылыгыңды киши укпасын. Сен эрге тийген күндө да эки айдан кийин тууп койсоң, биз баары бир шерменде болобуз. Үйгө келбе. Атаң уга элек. Ал билсе мени тирүү көөмп салар бекен”, - деп тилдеп, ыйлап, ошону менен сүйлөшпөй койду.

Жети ай болгон кезде үзүлбөгөн үмүт менен Сыймыкка дагы чалдым. Ал энесин карамакка айылга биротоло кеткенин айтып, бала тууралуу: “Башында эле “алдырып сал” дегенди эмне укпайсың? Кийин деле балалуу болот элек да. Боюнан алдырып аткан жалгыз эле сен бекенсиң? Менде кандай оор учур болуп атканын түшүнбөй койдуң”, – деп өз маселесин айтып туруп алды. Сыймыктын кылыгы мени таарынтты да, таң калтырды да. Күчүмдү ыйдан чыгарып кала бердим. Ай-күнүмө жетип кыз төрөп, Сыймыктан башка эч кимге сүйүнчүлөгөн жокмун. Бирок ал сүйүнчү катыма жооп кылбады. Ошондон кийин андан биротоло үмүт үздүм. Кызым бир жашка чыкканча курбума жүк болуп жашадым. Ага абдан ыраазымын. Ал турмушка чыгып кеткен соң анык азап башталды. Кызымды көтөрүп алып басмаканалардын кара жумушун кылып, кафенин идишин жууп, ооруканалардын полун сүртүп кылбаган ишим калган жок. Менин кылыгымды уккан соң атам да: “Айылга келбесин”, - дептир. Аны сырдаш жеңемден уктум. Атам абдан катуу киши болгондуктан байкуш апам канча жолу мени кыйбай барайын деп да, тамак-аш, тыйын салайын деп да атамды көндүрө албай коюптур.

***

Бара-бара туруктуу ишим болуп баягы азаптар унутула баштады. Ата-энем, бир туугандарым мени кечиришти. Бирок уятым жол бербей айылга барбай калдым. “Турмушка чык” деген жакындарым да, “жубайым бол” деген жигиттер да болду. Бирок кыйналыш күндөрдө кызыма баарын арнап салганмынбы, жаңы жашоо баштоого эч көңүлүм тартпай жүрө бердим. Быйыл отуздамын. Кызымдын келбети менин көчүрмөм болгону менен кулк-мүнөзү атасыныкы. Мектепте отличница. Менин сыймыгым.

***

Бир кечте кызым экөөбүз сабак окуп отурсак эшик тыкылдады. Биздикине беймаал эч ким келчү эмес. Адашкан бирөө болсо керек деп эшикти ачып көргөн көзүмө ишенбей турдум. Сыймык экен. “Кет” дей алган жокмун. Кирип кызым менен таанышып бир аз отуруп кетти. Кебибиз жалганбай койду. Кийин жолугушууга чакырды. Ал тууралуу билүү мага кызык болуп баш тартпай бардым. “Телефонуңду эбак тапкам. Номеримди жашыруун кылып алып үнүңдү бир жылдай тыңшап жүрдүм. Акыры сага, кызыма келейин деп чечкен менен чалууга эч батына албадым. Андан дагы мага таарынып калган неме дарегин таптырбай кетеби деп корктум”, - дейт. Биздин кош айтышканыбызга беш жылдай болгондо турмуш куруптур. Үч жыл жашап эки уулдуу болгон соң ажырашып кетишиптир. Себебин деле такып сурай албадым. Балдарын  өзүнүн апасы карайт экен. “Кайрадан турмуш куруш керек. Оюма сенден башка бир жан келбей койду. Кызыма деле ата керек. Бирге бололу”, - деп кечирим сурады. Унуттум дегеним менен жүрөгүмдүн тереңинде ага кек сактап, кечирбей жашаганымды ошондо билдим. Ага эч тартылбадым. Ары жалгыз жашоого көнүп калган окшойм. Мага апасы, эки баласы жүк болчудай туюлат. Бир сезимим болсо “адашкандын айыбы жок, кайрылып үйүрүн тапкан соң” дейт. Кызыма атасы тууралуу чындыкты али айта элекмин. Анткени өзүм эки айдан бери бир жыйынтыкка келе албай убарамын. Кантсем экен?..