Кубанычбек АЛЫБАЕВ, “ОЧКАРИК” тасмасынын баш каарманы: “Тасмада тагынган көз айнегим үйдө сакталуу”

Совет доорунда балдарга арналып тартылган «Очкарик» аттуу тасма учурда да кичинекейлердин сүйүктүү тасмасы бойдон калып келет. Алсыздарга жардам берип ар дайым жакшы гана иштерди кылууну кыялданган көз айнекчен баланын сүйкүмдүү кыймылдары чоңдорду да экран алдынан жылдырбай кармап турат. Элге сунушталганына 45 жылга таяп бараткан тасманын баш каарманы учурда 55 жашта. Тасмада да өз ысмы менен аталган Кубанычбек мырзанын жашы өзгөргөнү менен кичинекей, бирок жарашыктуу бою, жылмайса тиштери кашкайган келбети, ал турсун, көз айнекчен көз карашы да өзгөрүүсүз калган. Сүйүктүү каарманыңыз тууралуу окуурдан мурда үй-бүлөңүз менен бирге экранга жакындап аталган тасманы бир көрүп алууңузду сунуштайм. Болбосо каарман менен таанышкан соң «Очкарик» тасмасын балдарыңызга сөзсүз көрсөтүңүз.

– Кубанычбек мырза, тасмага канча жашыңызда, кандайча тандалып тартылып калгансыз?

– Ал кезде мен М. Абдраев атындагы мектеп-интернатта окучумун. 10 жашта элем. Тартуучу топ биздин окуу жайдагы балдарды тандап алып кетип сынактан өткөрүп жатышыптыр. Мен аны деле билбейм, кичинекей балада тасмага тартылайын деген деле ой болбойт да. Музыкалык аспаптарды койгон жайга кирип барсам режиссёрдун ассистенти болгон орус улутундагы эжей тасмага тандалган балдардын бирөөсүн таппай жүрүптүр. Аты-жөнүн айтып: «Билесиңби?» - деп сурады. Интернатта болгону 360 бала окуйбуз. Бири-бирибизди жакшы тааныйбыз. Издеген баласын таап келип берсем мага күлө карап: «Сен да бизге жазылдың беле?» - деди. Башымды чайкасам, «барып автобуска отура бер. Сени мен жазып коём», - деди. Кийин да улам сайын алып кетип, кайдандыр автобус менен келген балдардын арасында мени да сынап жүрүштү. Акыры он чакты бала иргелип, алардын арасынан мен жалгыз калып күтүүсүз эле тасмага тартылып калгам.

– Ошол кезде эле көз айнек тагынчу белеңиз?

– Жок, тасмага чейин көз айнек тагынчу эмесмин. Тасмада тагынган көз айнегим жөнөкөй эле айнектен жасалган эле. Ал көз айнек менде калган, азыр да үйдө сакталып жүрөт. А өзүм ошол тасмадан кийин көз айнек тагынып калдым. 

– Жашооңузда да тасмадагыдай «көз айнекчен» деген аттан тажадыңыз беле?

– Ооба, тасмага тартылам деп бул шылдың атты 4-5 ай уктум. Тасма чыккандан кийин атымды атабай биротоло «көз айнекчен» деп алгандар болду. Ошондуктан “очкарик” деген аттан тажап, кийин андайларга чычалабай: “Көз айнекчен болсом эмне болуптур?” - деп кайдыгер эле карап калгам.

– Тасмага тартылганыңызга абдан кубанган чыгарсыз?

– Ал кезде билбейм, азыр балалыгым ушундай жакшы тасмада калганына кубанып калам. Ал учурда болсо менден дагы ата-энем көп сыймыктанып, сүйүнүшкөн. Тасма үчүн канча гонорар алганымды билбейм. Ата-энем алышса керек. Тасма тартылып бүткөндөн кийин да бир топко чейин «тасма бул фестивалдан сыйлык алды», «тасма мындай сынактан жеңүүчү болду» деген билдирүүлөр менен кошо акчалар келгенин айтып калышчу. Канча сомдон келип, аны эмнеге жумшашканы менен ишим болгон эмес.

– Тасмадагы атаңыз кыргыздын улуу актёру Советбек Жумадылов эмеспи, сиз үчүн ал адамдын кайсы элеси унутулгус болуп калды?

– Тасмага тартылуу учурунда Советбек Жумадылов менен бир топ эле бирге болдук. Ал адам менен жакындан таанышып, тасмада ата-бала болгонума сыймыктанам. Кийин да тааныш болуп, ал киши Кыргыз драма театрында иштеп жүргөндө кездешип калчумун. Ал адамды эстегенде мен сөз менен сүрөттөп бере албаган кандайдыр бир жумшактыкты элестетем. Абдан жумшак киши болчу.

– Тартылуу учурунда кыйынчылыктар жаралып режиссёрдон тил укканыңыз эсиңиздеби?

– Бала үчүн ишке ашпай турган эч нерсе жок да. Баланы шыктандырып койсо, ал баарын аткара алат. Менин роль жаратуум да ушундай болду. Тасманын сценарийи да режиссёр Альгимантас Видугириске таандык деп жазылып жүрөт. Бирок менин жеке оюмда кичинекей баланын психологиясын мындай жогорку деңгээлде ачып берген сценарий ал кишиге эмес, анын өмүрлөшү Айгүл эжеге таандык. Бул жыйынтыкка келгенимдин себеби мындай: менин медициналык окуу жайда окуган классташтарыма Айгүл эже балдар психологиясынан сабак бериптир. Аларга тасманы бир канча ирет мисал кылып, андагы көз айнекчендин окуяларга карата реакцияларын кесиптик тили менен чечмелеп берген экен. Демек, ал жолдошунун ишине кесиби боюнча жакшы кеңештерди берип, баланын ар бир акыбалын жеткире баяндап берген. Ошон үчүн ушундай тасма жаралган. Чынында тасмадагыдай кырдаалдарга мен эле эмес, бардык эле балдар ошондой жооп кайтарып, ушундай образ жаралмак.

– Баамымда тасмадагы жагымдуу үн сиздики эмес окшойт?

– Ооба, ал дубляж. Бирок тартылуу учурунда орус тилинде өзүм эле сүйлөп аткаргам. Мен Каракол шаарынан болом. Ал жердин эли илгертен орус тилдүү эмеспи. Кийин окуум да орус тилинде болуп орусчам жакшы эле болчу. Тасма тартуучулар тасма жакшы чыгышы үчүн менин үнүмдү алмаштырып коюшса керек. 

– Кийин башка режиссёрлордун чакыруулары болдубу?

– Ошол эле мектеп-интернатта окуп жүргөн кезде айрым чакыруулар болду. Бирок биз үчүн билим алуу, сабак маанилүү эле. Сабактан убактым ашпай эч бирине бара алган жокмун. Натыйжада алтын медалга жетпесем да жалаң “беш” деген баалар менен скрипка бөлүмүн аяктадым. Менин бир кесибим – скрипкачы.

– Кийин кайсы кесипке ээ болдуңуз?

– Мектептен кийин Политехникалык окуу жайдын инженер-механик бөлүмүнө тапшырып, кийин Москвага которулуп кеттим. Бирок учурда кесибим менен иштебейм. Орусияда соода тармагынын камсыздандыруу бөлүмүндө иш алып барам. Кыргызстанга эмгек өргүүсүн алганда гана келем. Бул жолу да болгону үч жумага келдим. Бул убактым эң жакындарымдан ашпайт. Балдарымдын жанында болом, шаардагы кайын журтума каралашып, айылдагы энеме учурашып, эс алам.

– Чыгармачылыктан биротоло алыстап кеткен экенсиз да?

– Менин бир сүйүктүү хоббим бар. Искусствого ушул хоббим менен жакындап турам десем болот го. Убактым болгондо искусствонун витраж деп аталган түрү менен алек болом. Анда түстүү айнектер менен бир буюм колго куралат. Эрмек кылып отуруп үйгө бир жарым метр бийиктиктеги шам чырактарды жасагам. 

– Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз.

– Алты балам бар: үч кыз, үч уул. Улуу кызым турмушка чыккан, эки жээн неберем бар. Андан кийинки уулум Орусияда өзүмдүн жанымда. Экинчи кызым Новосибирскиде билимин улантып жатат. Балдарымдан ушул кызым искусствого абдан жакын. Андан кийинки үч кичинекей балам Кыргызстанда апасы менен.

– Балдарыңызга сиз түшкөн тасманы көрсөтүп турасызбы?

– Балдарым менин тасмада роль жаратканымды билишет. Атайын отургузуп деле көргөзбөйм. Өзүм тасманы былтыр бир жолу толук көрүп чыккам. Көргөн сайын балалыгым эске түшүп жүзүмдө жылмаюу жаралат.

– Ушул учурда тасмага тартылуу сунушу түшсө, кабыл аласызбы?

– Айта албайм. Убакыт тар. Бир нерсени алдын ала пландай бергенди жактырбаган адаммын.

 

Гүлайым Калыбекова