Ууру сезим

 

 (Башталышы өткөн санда)

Медайым телефонунан сандарды элпек терип сүйлөшүүгө чыгып кетти. Тынчтык «кимиси болду экен?» деген санаада калды. Жаны кейип турган ушул маалда ага кимисинен болсо да башкысы жардам керек эле. Ал ушул оор акыбалда да Күмүштүн алдында күнөөлүү экенин мойнуна алып турду.

– Байке, Айнек деген менен сүйлөштүм. Келинчегиңиз турбайбы, «азыр келем» деди.

– Айнек, - ысымды кайталап жүрөгү тынчтана түштү.

***

– Деги эмне болуп кетти, жайчылыкпы? – көз жашын мончоктоткон Айнек алда качан эле ыйлап алган өңдүү. Тынчтыктын жанына жетип-жетпей чөк түшүп отуруп, колдорун бекем кармап ыйлап да, сүйлөп да атты, - курган жаным, минтип калганыңды кайдан билейин. Таарынып отурбаймынбы. Эмне болдуң ия, эмнең ооруйт? – бир колун, бир жүзүн сыйпалап, алактап бүт дене боюна көз чаптырып атты.

– Болду, ыйлаба, – Айнекке кошулуп ыйлап жиберчүдөй болуп ушул кепке араң жарады.

***

Тынчтыктын жүлүнүнө оор операция жасалганына он беш күндөй болду. Ордунан турмак турсун, төшөктө кыймылсыз жаткан анын азабы бүт Айнекке жүктөлдү. Кызын бир жетелеп келип, бир кошунага тапшырып коюп күн-түн дебей жанынан чыккан жок. Операциясына асмандын башын чапчыган акча кетти. Дагы жакшы, кыйышпас достору бар экен, колдон, буттан алып кетишти. Бирок минтип жардам кылып аткан адамдар менен Айнектин тил табышып кетиши кыйын болду. Биринен-бири угуп акыбалын сураганы келген айрым достору ачыктан-ачык эле Тынчтыкты жек көрүп да атышты. Кээси Айнекке «сен ким элең» дегендей тоң мамиле кылса, кээси «бир байкуш экенсиң да» дегендей жалооруй карап туюкка кептейт. Аялдын оозун тыйыш кыйын эмеспи, өгүнү бир аяшы көргөнү келип эринин «кой-ай» дегенине болбой зирпилдеп, какшык кептери менен уулап кетти.

– Дагы жакшы, Тынчтык, аман калыптырсың. Адам көөп, ырыскысын тепсеп калганда эле ушинтип бир балээге кабылат, – Айнекти жек көрө карап көзүн сүздү.

***

Күмүшай календарга кадалып үнсүз. Башында миң санаа. Дагы бир жума күтсө Тынчтыктын келбегенине туура бир ай болот. Бир жумада бир канча эле жолу каттап жүргөнүндө балдары сагынчу эмес экен. Эми биринен аша бири жол карап, атасынын дайынын сурап айласын түгөтүп атат. Үйгө келген туугандардан күйөөсүнүн кылыгын жашырып «алыска иш сапарына кетти» деп койгон. Досторуна чалып сурагысы келип, бирок бирин-бири сынап турган аяштарына кеп болуп калбайын деп чалган эмес. Эми ошол атаандаш аяштарынын бири чалып калыптыр.

– Алло, жакшы, кандайсың?

– Жакшы, Тынчтыкты кимге табыштап койгонсуң?

– Тынчтыкты? – Күмүшай үчүн күйөөсүнүн ысмы «сүйүнчү» деген кептей эле угулду. Бирок «табыштап койгонсуң» дегенин түшүнө бербеди.

– Ооба, эриңди. Биз ооруканага эки ирет бардык. Жанында да бир топ отурдук. Сени келеби десек эле жоксуң.

– Кайдагы оорукана? Тынчтык ооруканада бекен?

– Аа кокуй, ушундай де. Сени билип эле барбай аткан экен деп атпаймбы. Жанында тигиниси көпөлөктөй айланып жаны тынбай атканынан сени сурай албай койдум эле.

– Жанындагысы ким экен? Мурда-кийин көргөн эмес бекенсиң? – Күмүшай эмне иш болгонун алыстан боолголоп, эң алды Тынчтыктын жанындагы ким экендигин билип алгысы келди.

– Жок, кайдан тааныйын? Иши кылып бирин-бири бөпөлөп болушпайт…

Аяшы Күмүшкө болгон билгенин төкпөй-чачпай айтып берип, кеп арасында Тынчтык экөөнүн ортосун кандай кара мышык аралап кеткенин кошо сурап жаагы тынбай атты.

***

Балдарынын атасынын оор кырсыкка кабылганы Күмүшайдын санаасына бүлүк салды. Аманчылыгын, жакшы болуп кетишин чын ниетинен суранып Кудайга жалынып атты. Бирок ушундай оор абалда күйөөсүнүн жанында өзү эмес, башка аял экендигине, ага кам көрүү бактысы өзүнө буюрбаганына ичи сыйрылып, ызаланып да турду. Башын айландырган ойлорго оролуп кирпик какпай таң атырды. Акыры барып акыбалын бир билип коюуну чечти. Балдарын ээрчитип алууну ойлонуп, бирок атасынын төшөктөгү абалы, анын жанындагы аял наристе сезимдерин жабыркатпасын деп өзү жалгыз жөнөдү.

Жанагы аяшынан тактап алган дарек боюнча палатага чейин адашпай түз кирип барды. Көзүнө үч оорулуу эркектин арасындагы жалгыз аял биринчи урунду. Тынчтык ушул аялдын жанында экенин билип керебеттерди аралай алардын жанына жакындады.

– Кел, Күмүшай, - Тынчтыктын үнүнөн улам Айнек ордунан атып турду. Аны теше тиктеген курбусунун көзүнө көзү чагылыша түштү.

– Айнек, сен белең?

(Уландысы кийинки санда)

 

Гүлайым Калыбекова