Султанов Бакир Жапарович, №4 төрөт үйүнүн доктуру, акушер-гинеколог: «Акушер-гинекологдук кесибимди аялым туура түшүнөт»

Төрөт наристенин жаңы башталган жашоосу болсо, эненин жашоосун кайра жаралганга тете жаңылаган керемет. Бирок бул керемет өлүм менен өмүрдүн күрөшүндө гана ишке ашат. Төрөттүн ийгиликтүү болуп, эненин наристесин аман-эсен колго алып бактылуу болуусуна, атанын сүйүнчү айтып маңдай жарыла кубануусуна себепкерлер – акушер-гинекологдор. Алар аял менен кошо толготуп, кошо төрөгөндөй акыбалда иш алып барышат. Өмүрүнүн 30 жылын ушул кесипке арнаган жогорку категориядагы доктур, саламаттыкты сактоонун отличниги Султанов Бакир мырзаны кепке тартып бул кесип менен жакындан таанышууга аракет кылдык.

– Бакир Жапарович, эркектерге өөн сезилген акушер-гинекологдук кесипти кандайча тандап калгансыз?

– Башында бардык эле жигиттердей мен дагы медициналык окуу жайга хирург болом деген максатта тапшыргам. Бирок биз окууну аяктап жаткан 1987-жылдары Саламаттыкты сактоо министрлигинен “Ош тарапка эркек акушер-гинекологдор даярдалсын” деген чечим чыгарылып калды. Ошентип, менде терапевттик же акушер-гинекологдук кесипти тандоо мүмкүнчүлүгү болду. Мен акушер-гинеколог тармагын тандадым. Жалпы 27 бала акушер-гинеколог болуп чыгып, көбүбүз Ош облусуна ишке жиберилгенбиз. Мен эмгек жолумду ошол эле жылы 25 жашымда дарыгер катары Кызыл-Кыядан баштагам.

– Биринчи жолу төрөт кабыл алууңузда коркуу сезимдери болсо керек?

– Коркуу азыр да болот. Коркпой иш кылган доктур доктур эмес деп эсептейм. Эне менен баланын тагдыры колдо турганда кантип коркпой коюуга мүмкүн. Ал эми биринчи жолу төрөт кабыл алганымда коркуу сезими азыркыдай болгон эмес. Себеби ал кезде жаш, курч элем. Анан да орустардын “аз билсең, тынч уктайсың” дегениндей иш тажрыйбамдын аздыгынан улам менде ар кандай күтүүсүз кырдаалдар болуп кетет деген ой болчу эмес. Төрөт ийгиликтүү башталып келип эле күтүүсүз жерден аялдын абалы оорлошуп ар кандай кырдаалдар жаралышы мүмкүн. Азыр ойлосом, бактыма жараша, ал кезде жанымда тажрыйбалуу акушерлер иштешкен экен. Аларга да ишенич артып алсам керек.

– Мындай коркунуч менен коштолгон кесибиңиздин ырахаты эмнеде?

– Ишибиздин ырахаты тер төккөн эмгегибиз акталып аман-эсен төрөлгөн балада, азыр эле жанын кыйнаган ооруну унутуп бактылуу болгон энеде. Эң башкысы ак эмгегиң үчүн алкыш айтып, ыраазычылык билдиришсе кубанасың. Биздин айлык акыбыз болгону он миң сомдун тегереги. Бул, албетте, аз. Ошого карабай канчалаган акушер-гинекологдор кесибине болгон сүйүү менен иштеп келе жатышат.

– Аялыңыз жумушуңузга кандай карайт?

– Мен үй-бүлө курган кезде студент болчумун. Кийин акушер-гинекологдук кесипти тандаганыма келинчегим каршы болгон эмес. Ал ишимди туура түшүнгөн үчүн 30 жылдан бери ушул кесипти аркалап келе жатам.

– Аялыңыздын төрөтүн кабыл алып көрдүңүз беле?

– Мусулмандык менталитетке жана медициналык этикага ылайык, биздин эркек акушер-гинекологдор аялынын жана башка жакындарынын эч биринин төрөтүн кабыл алышпайт. Жөн гана карап көргөндө деле бир туугандарыңдын, кыз-келиндериңдин төрөтүн кабыл алууну акылга сыйдыра албайсың. Менин беш балам бар: төрт кыз, бир уул. Аялымды башка эле акушер аялдар төрөткөн. Ал эми кыздарым эркек доктурлардан төрөп жүрүшөт. Бир кызымды ушул жерде бирге иштеген кесиптеш мырзага өзүм алып келип табыштап төрөттүргөм. Дайыма ушул жерден төрөйт.

 - Демек, акушерлердин да дайымкы кардарлары болот экен да?

– Ооба, заманга ылайык, кайдан, кимден төрөөнү аял өзү тандай алат. Мисалы, дагы бир кызым - башка бир төрөт үйүндөгү акушер-гинекологдун дайымкы кардары. Анын толгоосу башталганда биздин төрөт залыбыз убактылуу иштебей турганына байланыштуу башка төрөт үйүнө алып барып кайра эле эркек дарыгерге табыштадым. Аман-эсен төрөп алды. Экинчи наристесинде да ошого барыптыр. Үчүнчү баласын төрөрүндө бирге иштеген кесиптешиме алып келейин десем, өзү барып жүргөн акушер-гинекологго көнүп алган экен, эч макул болбой койду. Ошол сыяктуу менин да үч-төрт баласын тең менден төрөгөн дайымкы кардарларым бар.

– Эркек акушердин төрөтүшүн каалабаган эркектер болбой койбосо керек?

– Жок эмес. Булардын көбү - динге бекем турган, мусулманча кийинип жүргөндөр. Алар текшерилүүгө келгенде эле аялын эркек доктурлардын кароосуна макул болушпайт. Бирок аял ар кандай оор абалдарга туш болуп калса макул болууга аргасыз. Андайда биз да алардын каалоосу менен эсептешип отура албайбыз. Дарыгер үчүн биринчи кезекте аялдын саламаттыгы, өмүрү турат. Буларга карама-каршы аялы канынан жаралган баласын тогуз ай кыйынчылыктарга чыдап көтөрүп жүргөнүн туура түшүнүп, бизге аялын катуу табыштаган түшүнүктүү мырзалар да бар.

– Аялын дарыгерден коруган эркектерге эмне дейт элеңиз?

– Бул жерде дарыгердин, акушердин аял же эркек экендиги тууралуу сөз болбошу керек. Бул алардын кесиби экендигин туура кабыл алуулары шарт. Андан көрө ал адистин профессионалдык деңгээлинин жогору же төмөн экендигине маани беришкени оң. Ошондой эле эркектер толгоо маалында, төрөттө аялынын жанында болуп колдоого алып турушканы жакшы. Аял үчүн төрөттөн да толгоонун азабы кыйын. Жаны кейип турган ал маалда аял жакындарынын колдоосуна абдан муктаж болот. Ал эми күйөөсүнүн жанында болуп психологиялык колдоо кылып турушу ийгиликтүү төрөткө жол ачат. Мен балалуу болгон жылдарда азыркы өнөктөштүк төрөт деген ыкма жок болчу. Эгер болгондо аялымдын ар бир төрөтүндө жанында болмокмун.

– “Эркек кишиден уялып аялдын толгоосу жанып кетет” дешет. Мындай абалдар кыйынчылык жаратса керек?

– Ооба, таптакыр уялып эркек кишинин төрөтүшүнөн эрте күндө баш тарткандар бар. Бирок төрөттүн убактысы келип калганда антип уялууга деле шарт калбайт.

– Эгиз, үч эм төрөткөн учурларыңыз болгонбу?

– Эгиздер бизде көп эле төрөлөт. Бир айда жок дегенде бир жолу, кээде жума сайын болуп калышы да мүмкүн. Ал эми айына жеткен үч эм төрөтүп көрө элекмин. Бир жолу беш жарым-алты айлык болгондо бири ичтен өлүп, экөөсү төрөлүп, бирок чарчап калган учур катталган.

– Деги эле сиздердин төрөт үйдө күнүнө канча наристе жарыкка келет?

– Кадимки күндөрдө орто эсеп менен 30-35 бала жарыкка келет. Айрым учурларда башка төрөт үйлөрү иштерин убактылуу токтоткондо 45-50 бала төрөлүшү мүмкүн. Бирок бул абдан сейрек катталат.

– “Гинеколог эркектерде аялдарга карата кызыгуу жакшы болбойт” дешет...

– Бул пикирди колдобойм. “Медицина башталган жерде уят токтойт” деген кеп бар. Ырас, биз аялдардын уяттуу жерин күнүгө карайбыз. Бирок бул биздин ишибиз да. Бул учурда аң-сезимибизде бир гана жумушубуз турат. Ал эми сыртка чыккандан кийин бизде да жүрөк бар, сезим бар дегендей, биз да сулуулукка суктанабыз. Кыскасы, табият өз кызматынан жаңылбайт, жумуш ордунда кызматкер, жашоодо эркекпиз. Ал эми бул экөө айкалышып келип аялынын төрөт учурунда акушер эркектер жөнөкөй эркектерге караганда алда канча көп тынчсызданышат. Анткени алар аялы кандай учурду башынан кечирип атканын, анда кандай коркунучтар болуп кетерин жакшы билишет. Мен да жакындарым көз жарарда катардагы адамдардай эле аман-эсен төрөп алса экен деп тынчым кетип, ары-бери чапкылап калам.

 

Гүлайым КАЛЫБЕКОВА