Ууру сезим

 (Башталышы өткөн санда)

Күмүшайдын бала күнүнөн бери ага тааныш сулуу кол жазмасын биринчи жолу суктануусуз кабыл алды. Жанатан берки жүрөгүн элеп-желеп кылган кубаныч заматта жок болуп, суз тарта түштү. Кат кенен жазылыптыр.

“Бешик бооң бекем болсун, Айнек. Балалуу аял катары балаңа аманчылык, ден соолук каалайм. Бактылуу болсоң керек. Бирок сен буга адамгерчиликсиз жол менен жеттиң. Муну абийириндин, уятыңдын алдында тана албасаң керек. Мен сага абдан нааразымын. Сен бакыт уурдаган бактысыз аялсың.

Сен менин жашоомду буздуң, балдарымды жол караттың, ден соолугумду талкаладың. Сенин айыңдан мен никеде, бирок күйөөсү жок аял болдум. Сен күйөөлүү болгондон баштап мен күйөөсүз калганымды сен ойлонуп да койбосоң керек. А мен эл көзүндө эрлүү, узун түндө жесир аялдай жаздык кучактап уктап, анымды жан адамга билдирбей убайымда жашадым. Акыры минтип толгон оорунун курчоосунда калдым. Жүрөгүм элжиреп сүйүп тапкан адам акыры мени жүрөк оорулуу кылды. Мени чет өлкөдө жасалуучу олуттуу операцияга жазышты. Эки баланы жалгыз караган аялда кайдагы каражат. Мен дарылануудан баш тарттым, тагдырыма моюн сундум. Бул оору мен күтпөгөн, өзү каалаган маалда жанымды аларын дарыгерлер жашырышкан жок. Оорунун ушул коркунучун эске алып гана сага эрте күндө кат жазып отурам. Өтүнүчүм - мен жарыктан жок болгон соң уулдарым атасы менен болушсун. Тынчтык балдарынан баш тартпайт деген үмүттөмүн. Сен ага каршы болбо. Колуңдан келсе жетимдеримди чекесинен сылап кой. Аларды атасынан ажыратпа. Мени күйөөсүз калтырганың жетишет.

Мен канча жашым калган болсо, анын баарын балдарыма мээрим төгүп, тарбиялап, алардын атасын кыйнабагандай эстүү болууларына жумшайм. Узак жашаган адам үчүн деле жашоо көз ирмемдей экен. А мен карылардын жарым жашына да жетпейт окшойм. Аз калган өмүрүмдө аз да болсо жакшылык кылып жетишип калайын дедим. Белектеримди кабыл алып кой”.

Каттын соңуна ошол күндүн датасы жазылып, Күмүшай кол коюптур. Айнек мууну бошоп отуруп калды. Башына эч бир ой келбеди. Чындыктын мынча ачуу болорун билбептир.

***

Бул маалда Күмүшай Тынчтыкка деген катын жазууга олтурган. Айнекке катты заматта жазып койгон. Көрсө, ачуу, ыза менен кайталана берген ойлору сөзүн дапдаяр кылып койгон тура. А Тынчтыкка кепти эмнеден баштап, эмне деп жазардын жолун билбей катуу убара болду. Эмнегедир эртеңки бүдөмүк күнү, Тынчтыктын көз көрүнөө жанына таш батырган мамилеси тургай, жашоого жаңы кадам койгон бактылуу учурларын эстесе да көзүнө жаш айланып ыйлап гана туруп алды. Тынчтык анын башы жок, аягы жок махабаты, сүйүү жомогу болгон экен. Ак барак сөзгө толбой, тыпылдаган көз жашка чыланып жатты.

***

Эшиктен баш баккан Тынчтыктын жүрөгү шуу дей түштү. Демейде дарбаза “кыйч” этери менен чуркап чыкчу наристе кызы да, уулун көтөрүп жолун тосчу Айнек да көрүнбөйт. Көз байланып калган убак болсо да үйдүн жарыгы алигече жана элек. Жарыкты жандырып ого бетер маанайы суз тарта түштү. Эртең менен дасторкон кандай жайылып, чачылган болсо, ошол бойдон иретсиз жатат. Болбосо бул маалда дасторкон жаңы жазылып, ысык тамактын жыты бөлмөгө толуп турчу. Шашыла ички үйгө баш бакты. Айнек уулу менен, кызы берирээкте уктап жатышат. Жүрөгү ылдыйлай түштү. Бирок эмнеге мындай беймаал жатышат деген кыжалаттык менен кайра сыртка чыкты. Бутка чалынган себеттен улам жанындагы белек-бечкектерге көз салды. Аларды аяр кармап көргөнчө бир барак кагазга да жетти. Кат Күмүшайдан экенин анын кол жазмасынан эле жазбай тааныды. Шаша окуп чыгып шалдайып отуруп калды.

Көз алдында жер көчкөндөй башын мыкчыган Тынчтык Күмүшайсыз жашоого таптакыр макул эмес болуп турду. Көздөрүн жоодураткан балдарынын энеси жок ыйламсырап тургандарын элестетип алып, кайра бул оюнан кутулганча шашты. Азыр эле аны жоготуп алчудай алапайын таппай кетти. Мындай абалда дагы ойлонуп отурууга мүмкүн эмес эле. Токтолбой машинесин от алдырып, чукул кайрылып зуулдап жөнөдү.

***

Айнек Тынчтыктын аялына, балдарына кеткендигин ошол түндө эле билген. Биринчи жолу ал Тынчтыктын кетишине кызганыч кылган жок. Келбегенине жума чамалап баратат. Жүрөгүнүн тереңинен кылт эте калып турган сагынычты күч менен басып, ар бир саат, мүнөттү ошол ирмемдер менен гана өткөрүп жатты. Эртеңдер тууралуу эч ойлоно албады, ойлонгусу да келбеди. Кызы менен уулунун күлкүсүн, ыйын эрмек кылып, тар бөлмөдөгү түйшүгү менен убакыт өткөрө берди. Бул анын өмүрүнүн аягына чейинки күнүмдүк түйшүк менен гана коштолчу жашоосунун алгачкы барактары эле .

***

– Тынчтык мырза, операция ийгиликтүү өттү. Келинчегиңиздин абалы жакшы.

– Рахмат, доктур. Биз оорудан биротоло кутулдукпу? – Тынчтыктагы коркунуч дагы деле тарабай турганы байкалып турду.

– Буюрса. Болгон аракетти кылдык. Бирок мындан кийин ал адамдын жашоосу толук тынчтык мене өтүшү керек. Санаа, стресс, катуу ойлонууга да болбойт.

– Жарайт, доктур. Мен эми ал үчүн колумдан келгендин баарын кылам, – Тынчтык доктур узап кеткенине карабай кебин уланта берди, - мен эми аны эч качан таарынтпайм. Болгону балдарым үчүн бар болчу, Күмүш. Алар үчүн мени кечирчи. Мен сенсиз кантем.

(Аягы)

 

Гүлайым КАЛЫБЕКОВА