НУРИЛА: «ҮЙЛӨНГӨНҮБҮЗГӨ ЖАРЫМ ЖЫЛ БОЛДУ, ЖОЛДОШУМ ДАГЫ ДЕЛЕ АПАСЫНЫН ЖАНЫНА ЖАТАТ»

Кыз сыры­ – ­с­езимтал кыздын жүрөк үнү. Кыз сыры – махабаттын таттуу ирмемдери. Кыз сыры – кызганычтын жүрөк муунтуп, жүлүн сыздаткан кыйноосу. Рубрикабыздын кезектеги каарманы жан адамга ооз ачып айта элек сырын ортого салат. Нуриланын абалына карата ой-пикириңиз болсо, редакциябыздын 0772 16 89 64 номерине байланышка чыгыңыз. Эскертүү: каарманыбыздын өтүнүчү менен өзүнүн номери берилген жок.

– Саламатсыздарбы урматтуу окурмандар. Менин атым Нурила, жакында 23 жашка толдум. Мен ата-энемдин үч уулдан кийин көргөн кенже кызы болуп эрке чоңойгом. Ата-энем көл жергесинде чарбачылык менен алек болушат. Байкелерим өз алдыларынча күн өткөрүп калышкан. Баарынын тилегени менин бактым эле. Орто мектепти аяк­таган соң борборубуз­дагы жогорку окуу жайлардын бирине тапшырып, студенттик жашоомду баштадым. Кыздар менен жатаканадан орун алып, бөлмөлөш кыздарым менен ынак курбу болуп, кызыктуу жашоону баштадык. Жатаканадан да, окуу жайдан да бөлмөлөш үч кыз шаңкылдап ар дайым ша­йыр жүрчүбүз.

Бизге катарлаш тайпада узун бойлуу, келбети келишкен жылдыздуу, шаардык бала окучу. Эмнегедир көпчүлүк менен көп аралаша бербеген, жакшы окуса да жулунуп, озунбаган бала болчу. Жанымдагы курбуларым анын мени карай бергенин айтып тамаша арасында аны дайыма менин «принцим» кылып коюшчу. Башында маа­ни бербей алардын кебине баш ийкеп коё берчү элем. Бирок бара-бара өзүм да аны чын эле жактырып калгандай сезимде боло баштадым. Бирге өтүлүүчү лекциялар убагында ага астыртан көз салып олтуруп анын да мага болгон жалындуу көз караштарын байкап калчу болдум. Замир экөөбүздүн кантип кыз-жигит болуп калганыбызды түшүнө албайм. Айтор, 1-курс­ту аяктабай жатып сү­йүштүк да калдык.

Замир башында көп сүйлөбөгөнү менен бара-бара ортобуз­да катылган сыр калган жок. Ал бир жашка толо элек кезинде атасы жол кырсыгынан улам каза болуп калган экен. Апасы ошол бойдон турмуш жаңыртпай жалгыз Замир үчүн жашап, тапкан-ташыганынын баарын баласынын оозуна кармап, эч нерседен кем кылбай өстүрүптүр. Эне болсо Замирдин энесиндей болсун деп ойлочу элем. Азыр кейигеним, биз кыз-жигит кезде Замирдин мектепти аяктаганга чейин апасынын жанында жатып уктаганын, апасы жок тамак ичкенге ушул жерге келгени гана араң көнө баштаганын эч маани бербей уккан экенмин.

Бир жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп бири-бирибизсиз жашай албачудай чекке жеттик. Анан кеңешип олтуруп баш кошуу чечимине келдик. Замирдин апасы дароо макул болуптур. А атам менен апамдын кубанганын айтып жеткире албайм. Атасы жок өсүшү анын тагдыры экенин туура кабыл алышып, тойго кам көрүп жатып калышты.

Баары ойдогудай өтүп, кайненем меймандарды тейлеп жүрдү. Бирок анын суз жүзү чындыгында мага жага берген жок. Менин бир бутум кирип, бир бутум кире электе эле жактырбай карап, тымызын зирпилдеп мамиле кылышы көңүлүмдү заматта суутуп койду. Бирок Замирге эч нерсе билдирген жокмун. Ал болсо кадимкисиндей эле мени сүйүп карап, эркелетип, ошол эле маалда апасынын карегинен айланганга да жетишип жатты.

Ошентип тойдун аякташы менен биздин кубанычыбызга да чекит коюлгандай болду. Кечинде кайненемдин көзөмөлүндө майда-чүйдө иштерди кылып болуп жатууга камынып калдык. Мен көшөгөлүү бөлмөдө болчумун. Замир сырттан эми гана киргенде артынан кайненем ашыгып биздин бөлмөгө кирип келди. Анан Замирге башы менен эшикти жаңдап көрсөтүп «жүрөгой, өзүңдүн ордуңа жатып эс ал» деди. Өзүнүн орду кайда? Түшүнгөн жокмун. Кайненем чыгып кетери менен Замир бетимден өптү да артынан жөнөдү. Оюмда экөө бир нерсени сүйлөшүп алышы керек болгон го деп Замирди күтүп жатып уктап калыптырмын. Замир ал түнү жаныма жаткан жок. Андан кийинки бир жума бою күндүз өз алдыбызча болуп калган кезде жанымда шынаарлап, жакшы кебин айтып, көңүлүмдү алганга болгон аракетин кылып жатты. Бирок экөөбүздүн башыбыз кандай бирикти дегенче кайненем жаныбызда пайда болот да, мени бир ишке жумшап иет. А кечинде болсо жуп жатарга келгенде Замир апамдын бөлмөсүнө кирип кетип, ошону менен чык­пайт. Артынан кирип барып чакыруу ыңгайсыз болгондуктан, мен аны күтүп жатып уктап калуу адат болду.

Тойго карата окуубуздан 10 күнгө уруксат алган элек. Ал убакыт өтүп окууга бара турган убагыбыз келген кезде кайненемдин күтүлбөгөн чечими чыгып Замир окууну таштай турган болду. Замир окууда алдыңкы студент болгондуктан мен бул нерсеге таптакыр каршы элем. Чай үстүндө бирге билим алып алуубуз тууралуу пикиримди айттым. Бирок ал кичинекей кеп күтүлбөгөн жерден чоң чырга айланып кетти. Замир «апама каршы сүйлөйсүң» деп мага бир тийди. Келгенден бери кайненемдин кагып-силккендерине көз жуумп, жалгыз Замирге таянып, ал үчүн үн чыгарбай баарына макул болуп атсам анын бул кылыгы жакшы болгон жок. Ата-энеме чалып арызданып беймазага салгым келген жок. Курбуларыма айтуудан намыстандым. Ыйлап-ыйлап басылуудан башка айлам болгон жок.

Ошол күндүн эртеси окууга барайын деп камынып жатсам Замир каршы болуп жибербей койду. Анын “кызганам, эми сени мен билем. Менин айтканымдай болушу керек” деген талабы менен дагы он күндөй сабактан калдым. Ушундай талаш-тартыш, таарынычтар менен жаңы жашообуздун эки айын жашап койдук. Замир болсо дагы деле менин жаныма жаткан жок. Ушундай күндөрдүн биринде кайненем чоң соода кылып келишибиз керектиги тууралуу айтып калды. Анын кебинен улам өзүмдүн апам келиндерин ээрчитип алып базарлап келгениндей экөөбүз барабыз го деп ойлодум. Камынып чыксам эле кайненем уулу менен жөнөп баратыптыр. Менин акыбалыма болгон шылдың күлкүсүн жашыра албай «сен үйдү карап, иштериңди кыла бер. Балам менен өзүм эле барам» деп кетип калды. Замирден бир ооз да кеп чыккан жок. Аны менен эле токтоп калбай эки-үч жолку туугандардын отко чакырганына да мени алып барбай коюшту. Аларга эмне шылтоо айтышкандарын билбейм, иши кылып көтөрүнүп кетишет да, кайра кубанып келип калышат. Замир болсо андайда мага ар нерсени айтып берген болот. Бирок ар дайым эрки энесине тушалуу. Оюндагысын кенен айтып сала албай чочулап турганы турган. Ошентип жарым жылдын бери эрди-катын болуп бирге жатпай жашаганыбыз тууралуу бул үйдөгү үчөөбүздүн бирибиз да кеп баштай албадык. Ага мен да, Замир да көнүп кеткендей болдук. Бир күнү таежем отко чакырып калды. Мен тарап болгондуктанбы, бул жолу мени калтырып кете алышкан жок. Таежем эмнеге эмдигиче боюмда болбой жатканын сурап, ден соолугума кабатыр болуп көп нерсенин башын айтып өттү. Менин дартым кайда экенин ал кайдан билсин? Абдан ыза болдум. Ачылып айтып да сала албай унчукпай келе бердим.

Ошол түнү Замирди апасынын жанына жибербей туруп болгон бугумду айтып, ачуумду чыгарып алдым. Ал болсо башын жерге салып унчукпай отуруп берди. Бир далайда барып гана мени бооруна кысып сооротуп, сүйөрүн айтты. Алдыда баары жакшы болот деди. Ушул мүнөттөрдө мен ага болгон сезимдерим өчүп баратканын сездим. Чын эле аялга көңүл буруп, жылуу мамиле кылбаса андагы жакшы сапаттардын өчүшү бат эле экен. Анын өзүн күнөөлүү сезип алдымда шалдырап олтурганына ушунчалык жиним келди. Улам сайын ушул эрезеге жеткирген апасынын кебин эки кыла албасын, апасы ансыз бир да мүнөт жашай албасын, апасы ал үчүн кайра турмушка чыкпаганын кайталап айта бергени айламды кетирди. Айтор, ошол сүйлөшүүдө менин күйөөм апасынын баласы экенине толук көзүм жетти. Акыркы үмүтүмдү кесип ал түнү да апасынын бөлмөсүндө жатты. Жашаганыбызга жыл айлана электе жолдошума болгон ак сүйүүмдү кайненемдин кызганычы соолутуп барат. Андан да маанилүү бала күтүү деген маселе эми кандай болот? Эмнеге боюмда болбой жатканын сурагандарга мен эмне деп жооп берем? Апасынын баласы болуп калган күйөөмдү кантип өзгөртсөм болот?