Ызадан тапкан бакыт

(Башталышы)

Наристе жытына зар болуп, наристе үнүн күткөн түгөйлөр болсо Адинай менен Тураттай болор. Экөө акыреттик түгөйлөр болобуз деп баш кошушканы менен бактылары түгөл болбой он сегиз жылды күтүүгө коротушту. 18 жыл. Оо, бул арада эмнелер гана болгон жок. Укпачу кептерди угуп, барбачу жерлерге барышты.

Адинай мыкты аялга кандай сапаттар керек болсо, ошонун баарына эгедер жан эле. Жаркылдаган кабагы, элпек кыймылы, илбериңкилиги, сылыктыгы кайненеси менен кайнатасынын жүрөгүн элжиретип турчу. Деги эле аларды кайната, кайнене деп атап болбойт. Алар да бир алтын жандар. Адинайдын кош бойлуу боло албай ичтен сызган арманын жүрөк тереңинен туюп, үшкүрүк тартып келишет. Алардын бала деп зарлаган арманы бүт айылга маалым эле. Бир күнү айранга уютку сурап кире калган ээн ооз кемпир бул бүлөнүн жарасын чукуп кетти:

– Ай, тиги келиниң көрүнбөйт да, кетирдиңби ия?

– Кайда?

– Ой, туубас неме бир күнү өзү деле кетет. Андан көрө эртерээк өзүң эле кетирип ийгениң оңго дейм да, - тим эле күйгөн киши болуп шыбырады.

– Кетпейт, - кемпир да катуу жооп айтайын деди да, бирок сөз укпас кошунасына унчугуп убара болгусу келген жок. Анын минтип унчукпаганын кебиме ынанып калды деп түшүнгөн берки ого бетер эбиреп калды.

– "Кетпейт" дегениң кандай, же эмне, кеп балаңарда болуп атабы ия?

– Адинай, кызым, кел, бу энеңе айран куюп берип койчу, - кемпир кошунасын кетиргенче шашты. Жанатан бери булардын кебин угуп терезенин түбүндө курут жайып отурган Адинай жашын сүртүп алды да, эч нерсе укпаган кишидей энесинин айтканын элпек аткарды.

Ал түнү Адинай да, энеси да кирпик ирмебей чыгышты. Экөө тең көз жаш, санаа менен алек. Келин болуп келгенине он жыл чамалап баратса да Адинай баары бир жаштык кылат эле. Күйөөсүн кошо беймазага салып ыйлап бушайман менен таң атырды. А кемпир бир акыл тапкан болду. Бирок ажырашуу тууралуу ойлонмок турсун, акыйлашып да койбой бири-бирине берилип жашаган келини менен уулунун мамилесин карап туруп ал акылын айтууга даабай жүрдү. Бири-биринин кареги менен тең айланып, бири сыртка чыкса, экинчиси жол карап сагынышып турган балдарын карап олтуруп “балким буларга көз тийип, сөз тийип кетип балага жетпей жүрүшөбү” деп да ойлоп кетчү. Акыры абышкасы менен акылдашып уулун абышкасына тапшырып, келинин кепке тартты.

– Ээ, балам, эки жакка чыгып доктур, табыпка каттаганыңарды коюп калдыңар да?

– Эми кайда барабыз, апа? Дагы укмуш экен делген жаңы эле бир жерге барбасак... – келин жер карады. Кемпир каңырыгы түтөй шуу үшкүрдү.

– Жакшылыктан үмүт үзбө, балам. "Үмүтсүз жалгыз шайтан" дейт тура. Кебимди ук, балага зар болгон сен эле эмессиң. Буга чейин да далай жан бала деп какшаган, бирок бир айласын тапкандар да бар. Турат экөөңдүн ден соолугуңардын тазалыгында шек калган жок. Бул бир буйруксуз иш болду окшойт. Сен эми жаңыл, балам. Кудай кечирсин, биз кечиребиз, жаңыл. Туратым гана, - кемпир үнү каргылдана кемшеңдей кетти, - Турат гана кылчактабаса... Бирок анын да эбин табабыз. Сен болсо тукуму жакшы бирөөгө көңүлүңдү бер. Төрөп ал.

Ортону дымыган тынчтык каптады. Мындайды күтпөсө керек, көздөрү алайган келин бул сөздүн чын-тамашасын ажырата албагандай оозун ачты.

– Кантип эне, мунуңузга Турат көнсө да мен макул эмесмин, – Адинайдын келин болуп келгени кайненесине айткан каяшасы ушул болду. Ошону менен бул кеп кийин кайрадан козголбоду.

*** 

Ушундан көп өтпөй келин шаарга барып келүүгө суранды. Дагы бир үмүт жандырган жердин дарек-дайнын угуп калган го деген кемпир "барагойдон" башка эч нерсе айтпады. Бир туруп келини өгүнү айткан кебине ынанып калып жүрүп кетти бекен деп ойлоп, уулун аяйт. Адинай жанагынтип койгондон кийин баласына жаңылыштык тууралуу жагымсыз кеңештерин айтпай эле калышкан. Келини ага айтты бекен, жок бекен, айткан болсо, келини ошол иш менен кеткен болсо Турат кандай абалда болот эле. Же ал деле баарына кайыл болуп, сабыр сактап атабы? Эне ушул ойлордон кутула албай жүргөндө уулу да шашыла шаарга жөнөп калды.

– Апа, Кудай буюрса, биз жакшы жаңылык менен келебиз.

– Оозуңа май, кагылайыным, тилегиңе жет. Көпкө жүрөсүңөрбү?

– Билбейм аны, келерибизди кабарлап коёбуз. Тойго камыңарды кыла бересиңер да, - Турат акыркы кебин эрте айтып алганга ыңгайсыздана түштү. Кемпир эмне той экенине түшүнө албай калса да кайталап суроо салбай батасын берип уулун узатып калды.

*** 

Абышка-кемпир жарым айдай жол карашты. Дайындарын билдирбей эмне мынча кечигишти деп санаалары артып турган маалда Адинай чалып калды.

– Апа, жакшы жатасыңарбы?

– Жакшы, садага болоюн, өзүңөр жакшыбы?

– Жакшы, апа, биз эртең барабыз.

– Ии, келгилечи, айланайындар, силер жок тим эле үй аңгырап, абышка экөөбүз жалгызсырап калдык.

– Апа, биз үчөөбүз болуп барабыз – келиндин коомайлана, бирок толкунданган үнү кемпирдин санаасын басты. Бирок кантип үчөө болгондорун түшүнө албады. Басса-турса “баштарына баш кошулса экен” деп тилек кылган эне кандай болсо да ушул тилеги жалганган экен деп жоруп койду.

– Үчөө болгонуңдан кагылайын, келгиле. Келегойгула.

Эртеси түш оой Адинай аппак жуурканга оролгон кызыл эт наристени бооруна кысып, Турат баштык-баштык кийим-кече, таттуу, жемишин көтөрүп келип калышты. Жол караган ата-эне мынчаны күтүшпөгөн эле, жомокко түшүп калышкандай эле болду. Сүйүнгөнүнөн калдалаңдаган кемпир келинин босогодон тосуп башынан суу тегеретип төктү. Жалынып-жалбарып уулун жаш баладай эркелетип өөп, чечекейи чеч.

– Э айланайындар, кайдан, эмне болуп... – кемпир наристенин жүзүн бир карап келип, дасторконго жакындады. Турат Адинайды, Адинай Туратты карап жылмайып коюшту.

– Ай кемпир, демиңди басчы, капырай, айтат да, - абышка кемпирин тыйганы менен анын да ичинде ушул суроо кайнап жаткан.

– Ата, апа, - Турат саам унчукпай турду да, - ушундай эле. Биз ушуну туура көрдүк.

– Бул менин жаңылганым, - деди келин. Келиндин сырдуу жообуна Турат маани да берген жок. Ал эми ата-энеси кайталап суроо салууга батынышпады. Колдору дасторкондо болгону менен төртөөнүн тең көздөрү керебетте эч нерседен бейкапар уйкуда жаткан наристеге тигилет. Чай ичилип бүткөн соң бата берүүдөн жазбаган карылар ата-энелик ак тилектерин айтышты.

– Боосу бек болсун. Тапкан ата-энесин, баккан наристесин Кудайым өзү колдоп, ырыскыларын ылайым бир жерден кылсын. Артынан уул ээрчиткен, кыз ээрчиткен ак жолтой перзент болсун. Оомийин.

*** 

Кеңешип олтуруп эртеси эле эл чакырып бата алууга макулдашышты. Эч кимге, эч нерсе деп түшүндүрүшпөстөн гана кошунанын тестиер уулунан “бешим намазынан кийин Турат байкеникине барып жентек жеп кетиңиздер” деп айыл элине айттырып жиберишти. Эмне жентек экенин билгенге ашыккан айыл эли саат-мүнөтүнөн кечикпей келишти. Наристенин мурдунан чымчып өөп, ак тилек айткандар бири-бирин гана суроолуу карашканы болбосо, маңдайлары жарыла кубанган бу үйдөгү төрт адамдын биринен да “бала кайдан?” деп суроого батына алышпады. Дүр-дүйнөгө толгон дасторконго карап “артынан көп балалуу болгула” деп алкаган кошуналардын арасында баягы ээн ооз кемпир да отурду. Кайдан-жайдан пайда болуп жентек жегизген бул наристенин сырын кандай кылып билсем дегенде эки көзү төрт эле.

(Уландысы кийинки санда)

Мунара Сапарова