Кайсы өң кайсы ооруга даба?

Дээрлик бардык ооруларды дары-дармектер менен дарылап жүрөбүз. Алардан тышкары үй шартында да ар кандай ыкмаларды колдонуп оорудан арылсак болот. Алардын бири – өң менен дарылоо ыкмасы. Бул ыкма да ооруну айыктырууга кандайдыр бир деңгээлде жардам берет.

 

Өңдөр жана оорулар

Кызыл

Бул өң – жашоонун өңү. Анктени ал организмди күч-кубат менен толуктап, маанайды көтөрөт жана депрессиядан арылтат. Организмдеги бардык системалардын иштешин активдештирет, кандагы эритроциттердин иштелип чыгышын жөнгө салгандыктан ар кандай кан ооруларына жардам берет жана жүрөктүн иштешин жакшыртат. Ошондой эле теринин өңүн жакшыртып, андагы жараларды айыктырууга жардам берет.

 

Ток сары

Бул өңдүн таасири кызыл өңдүн таасири менен окшошуп кетет. Ал ички секреция бездеринин, дем алуу органдарынын функциясын жакшыртып, бөйрөк ооруларына жана организмдин жашарышына жардам берет.

 

Кызгылт

Маанайды көтөрөт, нерв системасына оң таасир берип уйкуну нормалдаштырат жана булчуңдардын эс алуусун жөнгө салат. Адистердин айтымында, баланын шейшеби кызгылт өңдө болсо, бала аз ооруп, ооруса да бат айыгат.

 

Сары

Сары – интеллект жана жан дүйнөнүн өсүшүнүн өңү. Ал баш мээнин иштөөсүн активдештирип, акыл-эс жактан чарчоо менен натыйжалуу күрөшөт. Ошондой эле терини серпилгич кылат жана жашартат.

 

Жашыл

Гармония менен өнүгүүнүн белгиси болгон жашыл өң организмдин бардык системасынын иштөөсүн нормалдаштырат, өзгөчө кан айлануу менен нерв системасынын. Андан сырткары бардык ткандардын клеткаларынын өсүшүн тездеткендиктен айрыкча кош бойлуу айымдар жана сөөк оорулары менен ооругандар үчүн өтө пайдалуу.

 

Көк

Бул тынчтандыруучу өң. Андыктан катуу корккондо, сарсанаа болгондо нерв системасына жакшы таасир этет. Күйүктө жана безгек оорусунда да жардамы чоң. Уйкуну, мээнин иштешин, аң-сезимди жана ой жүгүртүүнү жакшыртат.

 

Көгүш

Көгүш түс ооруну басуучу түскө кирет. Ал ашыкча салмак менен жабыркап жүргөндөргө көбүрөөк пайдалуу. Анткени көгүш түс тамакка болгон табитти азайтат жана тамак сиңирүүгө жакшы жардам берет.

 

Сыя

Бул көңүл эргитүүчү түс болуп саналат. Денеге жеңилдик тартуулайт жана өпкө, жүрөк, кан тамырларга таасири зор. Ошондой эле кулак, көз, мурун ооруларын, өзгөчө суук тийүүнү дарылоодо натыйжалуу.

 

Ак

Тазартуучу касиетке ээ. Организмди тазалоо аркылуу бардык оорулар менен активдүү күрөшөт. Андан сырткары ооруну басаңдатуучу жана ден соолукту чыңдоочу түс болуп саналат. Ошондуктан оорукана жана башка дарылоо мекемелеринде ак түстүн көп колдонулушу бекеринен эмес.

 

Боз

Негативдүү таасирлерден, стресстен, чарчоодон сактайт.

 

Кара

Күчтүү энергетикага ээ. Андыктан бул түс аз жана этиеттик менен колдонулат. Ошентсе да суук тийүүгө каршы түс болуп эсептелет. Аны менен бирге бөйрөктүн иштешин, артериалдык кан басымын нормалдаштырат. Ден соолугу алсыз, ооруга бат чалдыгуучу адамдар үчүн пайдалуу.

 

Өң менен дарылоо кандайча жүрөт?

– Ооруга жараша кийимдин өңүн туура тандоо керек. Мисалы, жүрөк оорусу барлар кызыл өңдөгү кийим кийип жүрүү менен оорусун басаңдата алышат. Муну окумуштуу-психологдор далилдешкен.

– Интерьердин өңүн өзгөртүү керек. Кайсы түс кайсы ооруга даба экенин аныктап, ошого жараша обой, терезе парда, эмеректердин өңүн өзгөртүү сунушталат.

– Тагынчактарды да өңүн эске алып тандоо керек.

– Тамак-аштардын өңүнө көңүл буруу зарыл. Мисалы, сары жана кызгылт түстөгү тамак-аштарды, жашылча-жемиштерди күнүмдүк тамак-ашка көп колдонуу өткө зыяндуу.

– Канча бир убакытка чейин кандайдыр бир түстөгү буюмга, затка тигилип кароо менен ооруларды дарыласа болот. Мисалы, көк түстөгү гүлгө жарым сааттай тигилип караса, нерв эс алып, мээ жакшы иштей баштайт.

 

Өң менен дарылоо алгач Египет, Кытай, Индия жана Персияда активдүү колдонулган. Бул мамлекеттердеги дарыгерлер бардык өңдөрдүн адамдын ден соолугуна, психикасына таасир эте тургандыгын аныкташкан. Тагыраагы, өңдөр адамды эс алдырат, кайгыга салат, кубандырат жана башка ар кандай сезимдерди жаратат деп эсептешкен. Өңдөр менен дарылоонун натыйжасында организмде кычкылтектин көбөйүшүн, кан айлануунун жакшырышын, иммундук системанын чыңдалышын байкашкан.

 

Кайсы учурларда сунушталбайт?

Өң менен дарылоо ыкмасын чеги менен колдонуу керек. Дарылоо курсун узак убакытка созууда терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Тагыраагы, баш ооруну, алсыздыкты пайда кылып, ооруну күчөтүп жибериши да ыктымал. Жогорудагы өңдөр бардык эле адамдарга сунуштала бербейт. Мисалы, кызыл өң нерви жука, кан басымы жогору адамдарга сунушталбайт. Анткени бул түс алардын абалын андан бетер начарлатат. Ток сары түс болсо ооруну козгоочу касиетке ээ болгондуктан өнөкөт оорулары барлар үчүн ылайыктуу эмес.

 

Шааркан Абдуллаева