Атактуу айылдаштар

Бир жердин абасын жутуп, суусун ичип чоңоюп, бир айылдан учуп чыгып, кийин өнөр деген улуу жолдон кайра табышкан атактуулар арбын. Дал ушундай тамыры бир айылга бекиген белгилүүлөр кимдер болушту экен? Айрымдары менен тааныштырабыз.

 

Султан Садыралиев жана Кайрат Примбердиев

– Улуу-кичүүгө бирдей таанымал бул жигиттер - таанышкан күндөн бери ынак достор. Кайрат Султан досу экөөнүн айылда калган балалыгын мындайча эскерип өттү: “8-классыбызда бизге Казакстанда чоңойгон Султан деген бала келип кошулду. Султан жаңы келгенде жалаң казакча сүйлөчү. Балдар тегеректеп “казакча анекдот айтып берчи” деп, айтып берсе анын анекдотуна эмес, казакча сүйлөгөнүнө күлүп жатып калчубуз. Султан бизге аралашкандан эки айдан кийин эле таза кыргызча сүйлөп кетти. Экөөбүз бир көчөдө кошуна элек. Бир жолу балдар болуп барып аны көчө жактагы терезесинен чакырып калдык. Ал ошол терезенин түбүндө домбра чертип отурган экен. Анан жөн эле чыга бербей домбрасын жерге коё калып, өзү терезенин кырына чыгып айнектен башын чыгарып: “Азыр чыгам ээ?” - деп кайра жерге секирген. Анан Султан чыкпай эле атасынын ачууланган кыйкырыгы угулду. Биз качып жөнөдүк. Көрсө, ал унутуп калып домбранын үстүнө секирген экен, ал сынып кетиптир. Домбра Султандын атасына сыйлуу адамдардан берилген белек болчу экен”.

 

Майрамбек Осмонов жана Абдылда Иманкулов

– Бул эки талант Токтогул районунун Толук айылынан болушат. Экөө он жаш айырмадан улам мектепте бир учурда окушкан эмес. Бирок Майрамбек Осмонов окуучу кезинен эле атактуу айылдашы менен чыгармачылык байланышта экен. Ал: “10-класс кезимде акыркы коңгуроо салтанатында Абдылданы туурагам. Ага өзү күбө болгон. Туурап атсам, ошол маалда артисттер жүрүүчү сары автобус менен өзү келип калып менин талантыма: “Ии, айылдагы бир бала экен да” дегендей мамиле кылып койгон”, - дейт. Кийин ал да атактуулукка жетишкенден баштап мамилелери жакшырып, ага-ини катары катышып калышыптыр. Учурда Абдылда Иманкулов ырдаган ырдын баарын Майрамбек Осмонов жазып берет экен. “Чындыкка таарынбаш керек” деген Майрамбек мырза айылдашы тууралуу айтып жатып: “Анан да Абдылда аларга келгенде аябай жакшы, тим эле жалпактайт. Ал эми берерге келгенде шиш болуп калат”, - деп капалана кетти.

 

Токтобек Асаналиев жана Элмара Турсуналиева

– Ырчы Токтобек Асаналиев атактуу жазуучу Шайлообек Дүйшеевдин айылынан болот. Ал эми тилинен чаң чыккан алып баруучу Элмара Турсуналиева менен бир мектепте окуган. “Элмара менден кичүү. Биздин мектепке кийин келип, азыраак окуп эле кайра ата-энесинин иштерине байланыштуу көчүп кетишкен. Элмара ошол кезде эле жигердүү кыз болчу. Мектебибизде аз гана убакыт окуса да кыздарды уюштуруп, мугалимдердин да, окуучулардын да көңүлүн өзүнө буруп, алардын эсинде калганга жетишкен. Элмара биздин мектепке баргандан кийин КВН топтору түзүлүп, кечелер көп өтүп калган”, - дейт.

 

Кубаныч Ажыбаев жана Баян Акматов

– Сулууларга суктанып бүтпөгөн Кубаныч Ажыбаев менен Турдакундун “Жубайыма” ырынын сөзүн жазган төкмө акын жана ырчы Баян Акматов Нарын районуна караштуу Ак-Талаа айылынан болушат. Чыгармачылыкка эрте аралашып калгангабы же атактуулук сезими күчтүүбү, Кубаныч мырза: “Баян 4-курс кезимде келип “сиздин айылдан болом” деп “Сүйгөнүмдү ала качты...” деген ырымды сурап кеткен. Айылдаштар катары учурашып жүрөбүз, болду”, - десе, ыйман жолунда келе жаткан Баян мырза: “Кыргызда кандай жакшы ырчылар бар” десе, Кубаныч байкени баса белгилеп айтмакмын, - деп кеп баштады, - Кубаныч байке чоң көчөдө жашайт, биздин үй Нарын суусунун жээги тарапта. Кубаныч байкенин үй-бүлөсү толук чыгармачыл инсандар. Бүт бир туугандары - эл ичиндеги таланттар. Айылдагы Бакалай деген иниси ырдаса анча-мынча ырчымын деп жүргөндөрдү басып эле кетет. Ал эми байке - айылдын ардактуу уулу”, – дейт айылдаш байкеси менен сыймыктана.

 


Сагын Ниязалиева жана  атактуу айылдаштары

– Көпчүлүк күтүп көргөн, сүйүп көргөн “Сармерден” теледолбоорунун режиссёру Сагын Ниязалиева атактуу айылдаштарга абдан бай экен. “Нарын районуна караштуу Эмгекчил деген айылыбыздын эмгекчил таланттарынын сап башында ыраматылык Айтбек Мукамбетов турчу эле. Кыргыз маданиятын көтөрүп келе жаткан Асел Турдалиева, Жеңишбек 

Жумакадыр, Кенже Көбөковалар - атпай кыргызга таанымал инсандар. Ал эми Руслан Жумабаев деген таланттуу комузчу иним “Көчмөндөр оюнунда” “Маш ботой” күүсүн черткендердин башында турду. Биздин айылдын эли абдан ынтымактуу. Ини-сиңдилеримди жакшылыктарымда “ырдап бер” деп чакырып калам. Алтындарым, бири да жок дебейт”, - деп сыймыктана жооп кылды. Айылдаштар шаарда да ынтымак сактап, жакшылык-жамандыктарда ража менен катышып турушат экен.

 

Аскат Мусабеков жана Талант Карагулов

– Ырчы Аскат Мусабеков менен “Сармердендин” эрке баласы Талант Карагулов - Ат-Башынын Ак-Моюн айылынын уулдары. Аскат мырза айылдашын: “Талант ошол кезде эле сөзгө чечен, курч бала болчу. Экөөбүз балдар класс-класс болуп мушташканда гана алар менен бирге аралашып калганыбыз болбосо, жеке муштум канаткан ызы-чууга катышкан жокпуз”, - дейт. Ал эми эрке бала айылдашы менен сыймыктана: “Аскат менден бир жаш улуу. Экөөбүз кароо-сынактарга калбай катышып, барган жерибизде бир жууркан жамынып уктап чоңойгон балдарбыз. Аскат шаарга кеткенден бир жылдан кийин мен да келип Улуттук консерваториянын салттуу музыка бөлүмүнө тапшырдым. Экөөбүз жатаканада бир бөлмөдө жашадык. Жалпы төрт бала жашап, бөлмө жумуштарын эки-экиден бөлүнүп алып кылчубуз. Аскат экөөбүз бир элек. Берилип кеткенде бөлмөбүздү зымырата жыйнап, базардан ун алып келе калып камыр жууруп, тамакты да жасап салчубуз”, - дейт.

 

Асылбек Өзүбеков жана Кыялбек Урманбетов

– Белгилүү актёр, ырчы, обончу Асылбек Өзүбеков менен Гүлнур Сатылганованын ырларынын сөзүн жазып келе жаткан акын Кыялбек Урманбетов Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айылынан болушат. Бирок Кыялбек мырза шаарда окуп, айылга жайкы каникулда гана барчу экен. “Асылбек менден бир жаш улуу. Ал ошол бала кезинде эле бир жыйынтык чыгарары байкалып турган, жаны тынбаган бала болчу. Ал кезде атактуу болорубузду ким билиптир, биздин айылдаш катары ынак мамилебиз аты-жытыбыз чыгып, элге таанылып калгандан кийин башталды”, - дейт акын.

 

Чубак ажы Жалилов жана Нурбек Эген

– Белгилүү кинорежиссёр Нурбек Эгенди “Аталар керээзи”, “Ээнсиреген үй” тасмалары аркылуу жакшы тааныйбыз. Режиссёрду экинчи тасмасынан алып караганда, ал белгилүү дин аалымы Чубак ажыга карама-каршы мүнөз, сапаттарга ээ адам сыяктанат. Бирок алар балалыкты бирге өткөргөн, азыр да жакшы мамиледеги жакын адамдар экен. Чубак ажы: “Нурбек экөөбүз эки башка айылдан келип, Ош шаарында бир класста окуганбыз. Нурбек ошол кезде эле өзүнчө ааламы бар, сырдуу мүнөз күткөн бала болчу. Ыр жазчу. Бирок анысын кээде гана жашырынып алып мага окуп бергени болбосо, ачык чыгара берчү эмес”, - дейт. Ар кимиси аркалаган тармактары боюнча иштери көп болгондуктан телефондон гана ал-жай сурашып кенен жолугушууга убакыт таппай келе жатышыптыр.

 

Гүлайым Калыбекова