Өгөй

 

“Токтомамат үйлөнөт имиш, капырай, жаштардай той бергени жатыптыр” деген кабар чакан айылды заматта шамалдай аралап, элдин баары той болчу күндү күтүп калышты. Чын эле Токтомамат айылдаштарын, тууган-уругун шаар ичиндеги жакшы ресторанга чакырды. Стол үстү тамак-аштан титирейт.

– Ай-ий, келин мынча жаш, - деди оозун тыя албаган бирөө эки жаш үйлөнгөндөр кирип келгенде. Күйөөнүн жүзүндө эч кандай кысынуу жок эле, тескерисинче, сыймыктанып, жаш келинчеги менен мактанып, ал тургай, бактысы көөдөнүнө сыйбай тургансып көрүндү. Той аябай шатыра-шатман болбосо да бүт орду менен өтөлгөн каадасы, салты, кенен дасторкону, салабаттуулугу менен элдин эсинде калды. Айылдаштарга бир айдай чыбыктай келин кирип-чыккан короо кызык көрүнүп, гүлгө оронгон, айылдагы үйлөрдүн эң алды болгон бийик чатырлуу үй өзүнө тартып, анан акырындап кызыгы тарап жашоо нугуна түшкөн эле.

***

Ошол күндөрү Токтомаматтан бактылуу адам жок эле. Үлбүрөгөн келинчегинин бооруна тартса эле алчадай кызарып, бирок каршылык да кылбай калчылдай туруп бергени жагат. Бирок каран калгыр мезгил деген өз билгенин бербейт тура. Токтомамат келиндин каалоосун толук канааттандыра албай калганын чыңалган денеси толук жазылбай,  таарынгандай унчукпай жаздыкка кулаганынан эле туюп ичи ирип жүрдү.

– Арууке, эмне уйкуң келдиби? - дейт анан келинди кепке тартмакка. Арууке унчукпай улутунат. "Кайдагы уйку" дейт жаш келин ичинен солуктай. Арууке бара-бара көнүп да калгансыды. Келинди кареги менен тең айланган мамиле, айтканы айткандай аткарылган бардар жашоо жоошутту. Эгер бир окуя болбогондо келин биротоло тагдырына баш иет беле, ай, ким билет...

– Арууке, камданагой, жарыгым, бүгүн Азат келет, - деди сырттан кирген Токтомамат калдаңдап. "Азат ким эле?" дей албай элейди жаш келин. Кыраакы күйөөсү келиндин суроосун дароо туюп жаркырай күлдү.

– Менин Лондондогу уулум.

Арууке суз гана баш ийкеп койду. Токтомамат келинчегин имере кучактап өөп койду да, - сен дасторкон камын көрө бер, мен тоодон козу алдырайын, - деп сыртка шашты. Арууке унчукпай өз милдетине киришти.

Келин дасторкон жасаганды жакшы көрөт. Айрыкча сайма сайган дилине жакын. Кээде алда неге, али өзү биле элек бир көксөөгө дили кусаланганда сайма саят. Ошондо гана дили буктан бошонуп, канчалык өз үйүндөй көрөйүн десе да жүрөгүн тумчуктуруп турган ушул үйдүн аурасынан алыстап, апасы бар кездеги балалыгына кайра баргансып жеңилдейт. Апасы бар кезде кандай жакшы эле, тилеги, максаты көп болчу. Анан апасы кайтыш болору менен баары дилден кар эригендей кайып болду. Какшанган өгөй эне баарын туш-тушка чачты го, атаганат. Чүргөөдө калган инисин таежеси буркурап ыйлап көтөрүп кетти, агасын алысыраак таякеси учкаштырып кеткен бойдон көрө элек. А өзүн кор болуп колу туурулуп, жону менен дили өгөйдүн заар тили, уу таягынан тилинип жүргөндө конокко барып бир көргөн ушул абышкасына атасы карызынан кутулгандай кубанып кармата берди. Эч ким кыздын макулдугун, каалоосун сураган жок. Бирок өзү деле каршылык кылайын деп ойлонгонго шаасы жетмек эмес. Ага өз үйүндөгү азаптан көрө алдыдагы белгисиз жашоо, ушул атасындай бейтааныш эркек жакын сезилди. Аруукенин оюн сырттагы катуу келген машиненин үнү, бакылдаган сүйлөшүүлөр бузуп кетти.

– Арууке, Аруу, суу алып чык чыныга, - деди абышкасы сырттан эле бакылдап. Келин шашып калды. Анан эсине келе чыныга суу көтөрүп чыгып баратып узун бойлуу жигит менен сүзүшүп кете жаздады.

– Азат, бул Арууке, сенин жаңы... - Токтомамат "апаң" дейин дедиби, оозу ушул сөздү айтчудай эптелип келатканда келиндин кысынган, тартынган көздөрүн көрүп тыйылып калды.

– Саламатсызбы... - Азат муздак учурашты да, абдыраган келиндин колундагы чыныны алып атасына сунду. Атасы сууну баласынын башынан айлантып, түкүртүп, анан алыс чачып жиберди. Чөгөлөй отурган Азат унчукпай ордунан турду да, келинди басынта карап:

– Таанышып алалы, мен бул кишинин уулумун, атым Азат, жашым жыйырма жетиде. А сиз кимсиз, жашыңыз канчада, бизге ким болосуз? Үй кызматчыбы, секретаршабы, же...

Келин не дээрин билбей абышкасын карады.

– Бул Арууке дебедимби, Азат, кантесиң, кир үйгө, анан кенен тааныша бересиң, - деди абалды жумшартып. Арууке шуу үшкүрүп жиберди. Дасторкон үстүндө да кеп жалганган жок. Азат гана ардемени атасына айтып берип, а Аруукенин бар-жогун унутуп калгандай карап да койгон жок. Аруукенин чыгып кеткенге да кудурети жетпей, шиште отургандай заарканып мукурады.

– Рахмат, ата, мен эс алайын, - деди Азат бир кезде.

– Эт бышып калды, уулум.

– Ата, мен чарчадым, этти эртең да жей беребиз, - Азат шарт туруп өзүнүн бөлмөсүнө кирип кетти.

– Мени жаман көрүп, бизди күнөөлөп жатат, - деди келин ыйдан муунуп.

– Сени неге жаман көрмөк эле? Апасынын көзү өткөнүнө алты жыл болду. Апасы кайтыш болгондо келген бойдон бир кабар алган жок, мага да жашоо керек, бизди эмне деп күнөөлөмөк эле, - Токтомамат актанып жаткансып сүйлөдү. Биринчи жолу ошол түнү Токтомамат менен келинчеги эки башка бөлмөдө жатышты. Келин күйөөсүнүн койнуна киргенге даай албады, а Токтомамат өз бөлмөсүнөн бир чыгып койбогон уулунан тартынды.

Арууке таң атпай гүлдөргө суу чачып жүргөн.

– Апам да гүлдү жакшы көрчү, апамдын гүлдөрү ошол бойдон экен, - деген үндөн чочуп жалт карады. Азат муңайым, кусалуу карап туруптур.

– Менин апам да гүлдөрдү абдан жакшы көрчү. Ападан айрылган кандай оор экенин билем. Мен он бирге чыкканда апам төрөттөн каза болгон. Иним аман калып, апам кан токтобой ошондон кетти. Эгер апам тирүү болсо, мен бул үйгө келмек эмесмин. Кечирип кой...

– Мен сени жаман көргөн жокмун, аяп жатам.

– Эмнеге, мага бул жерде жакшы, эч ким урушпайт...

– Канчага чыктың?

– Жыйырмага.

– Ничего себе, атамдан отуз жаш кичүүсүңбү?

– Эмне экен, бара-бара тең көрүнүп калабыз.

– Муну сага атам айттыбы, же сенин атаң айттыбы?

– Эч ким айткан жок, өзүм билем, - Арууке ызаланып кетти. Өзүн узатып жатканда көзү жашылданган атасы белине ак курчап жатып каргылдана: "Эч нерсе эмес, кулунум, бара-бара тең көрүнүп каласыңар", - деген эле.

– Кечирип кой, сага жакса болду, мага баары бир. Мен жакында кайра кетем.

Арууке ары басып кетти. Азат унчукпай тамеки жандырып, арык ийиндерин ишенимсиз кысып алып басып бараткан аялды узата карап турду.

Ошол күнү кечинде Токтомамат чоң машинеге чөп алып келди.

– Ата, мунун баарын кантип киргизебиз, жардамчы чакырсаңыз болмок экен, - деди Азат тоодой болуп үйүлүп жаткан чөптү жүрөксүй карап.

– Сен барсың, мен турам, Арууке жардамдашат. Ээ балам, азыр адамдардан нысап кеткен, жардамга чакырсаң акысын сурайт.

– Кызыксыз, сурайт да, ата, эмгек төлөнүш керек.

– Ушу батыштын таасири баарын кылган, биз илгери айылдаштарга акысы жок эле жардам берчүбүз. Өзүбүз эле киргизип алабыз ээ, Арууке? - деди четте турган келинди карап. Арууке унчукпай бешиликти алып чөптү киргизип баштады. Ата-бала бири-бирин карап алды да, алар да келинге жардамдаша башташты. Түшкү тамакты да унчукпай ичишти. Негедир сүйлөшүү азыр маанисиздей эле. Алар таарынышкандай сүйлөшпөй кайра жумушка киришишти. Азат шыпылдай, эч бир кыйналбай, эч бир чарчабай иштеп жаткан келинди улам карап коёт. Бир кезде ай чыкты. Ай дем бергенсип негедир кыймылдар жанданды. Ай тоолордон кыңкайганда чөптү киргизип бүтүштү.

– Мына, “Көз коркок, кол баатыр” деп ушуну айтат. Сен корктуң эле. Эч кимге жалдырабай, эч кимге акча коротпой киргизип алдык, - деди Токтомамат корстон боло. Арууке ары басып кетти. Ага жумуштун бүткөн-бүтпөгөнү эмес, убакыттын өткөнү маанилүүдөй. Азат колдорунун ачышып жатканына чыдабай үйгө кирип аптечканы ачып колун таңганы жаткан. Эшик "шырп" этти. Азат жалт карап жалгыз турган Аруукени көрдү. Келин унчукпай келип Азаттын колдорун таңып кирди. Кыпкызыл болуп сыйрылган алаканын бир аз туурулган, катып калса да алда кандай назиктик туюлган колдору менен апасындай, жок, андан башкача, алда кандай табышмактуу мээрим менен таңып жатты. Апасынын мээрими жөпжөнөкөй, түшүнүктүү болчу, а бул мээрим табышмактуу да, коркунучтуу да, ошол эле учурда башкача бир жагымдуу эле.

– Арууке, кайда жоголуп кеттиң? - бул копол үндөн ортодогу түшүнүксүз, табышмактуу мээрим сынып, чачырап кеткенсиди.

– Мен мындамын, Азаттын колун таңып бердим.

– Аа, атаңдын оозун урайын ак кол десе, колу кабаарып кетиптирби? - деди атасы бейкапардай. Бирок үн тереңинде бир дүрбөлөң, тынчсыздануу бар эле.

Ошол түнү Арууке бир сайма сайды. Саймада үйүлгөн чөп, тоолордон ары кыңкайган ай, анан айды карап турган караан бар эле.

Арууке түн жарымда күйөөсүнүн каргылдана чакырган үнүнөн ойгонду. Келин шашып кирди. Токтомамат кара терге түшүп онтоп жатыптыр.

– Эмне болду? - деди келин үйрүлүп.

– Ичим чыдатпай жатат, Азатты ойгот, машинени от алдырсын, - деди онтоо аралаш. Келин Азат жаткан бөлмөгө ич көйнөкчөн кирип барды. Азат уктабай терезеде айды карап отуруптур. Ал эшиктин шооратынан шарт бурулду да, жука тор жакадан көрүнүп турган келиндин тумсак көкүрөгүнө көзү түштү.

– Азат, атаң ооруп жатат, - деди шашкалактап. Азат келинден көз ала албай жалдырады, - Азат, машинени от алдыр, - деди келин Азаттын көздөрү кайда түшүп турганына баамы жетип колу менен көкүрөгүн калкалады.

Азат ошондо гана эсине келгендей сыртка шашты.

Токтомаматтын сокур ичегиси жарылып кетип, ары толук, жашы өтүп калган неменин жарааты бүтпөй бир айдан ашык жатып калды. Оболу күн сайын келген келинчеги бир күнү келбей калды да, эртеси көзү бир жерге токтобой, каректери күнөөдөн, ошол эле учурда ичине батпаган, ичине эле эмес, ааламга батпаган бактысынан күйүп-жанып келди да, кайра кайрылбады. Токтомамат үйгө келгенде "ата, биз кеттик, мен өз бактымдан баш тарта албадым. Сен апамды эч качан бактылуу кылган эмессиң. Ар дайым сенин жаш секретаршаларыңдан, түрдүү ушак менен шылдыңдан, атыр жыттанып кеч келген басынтууларыңдан оорукчан болуп жаш кетти. Ырас, биз тамак-аштан, кийим-кечеден кем болгон жокпуз. Бирок бизге аталык, күйөөлүк мээрим кем болду. Мен дагы бир аялдын бактысыз болуусун каалабайм. Арууке сиз менен бактысыз, сизди да бактылуу кыла албайт. Ата, бизге уруксат бериңиз. Мени кечириңиз. Аруукени сүйүп калганым үчүн, ошол сезимден баш тарта албаганым үчүн кечириңиз, ата" деген бир барак кагаз тосуп алды.

Айжаркын ЭРГЕШОВА