ТАМАШОУЧУ Бакыт Осмонканов жана келинчеги Токтобердиева Жылдыз: “Тогуз жыл кыз-жигит болуп жүрүп, турмушка даяр болгондо гана баш коштук”

Шайыр тамашоучу, “Бир тууганчик” тасмасындагы маселеден арылбаган Бакыт байке - турмушта бактылуу үй-бүлөнүн кожоюну. Маек учурунда бирин-бири ар тараптан колдоп, баалап, сыйлашып турган түгөйлөр көп жаштарга үлгү боло алышарын байкадым. Эмесе, таттуу түгөйлөрдүн жагымдуу маегин сунуш
кылабыз.

– Саламатсыздарбы, алгачкы суроом Бакыт мырза, сизге болмокчу. Бойдок кездеги Бакыт кандай эле да, үй-бүлөлүү Бакыт кандай?

Бакыт: – Эң алды жоопкерчиликтүү болуп калдым дейт элем. Албетте, бойдок кезде деле үй-бүлөгө – апам менен карындашыма караган жигит болчумун. Бирок аял алып, балалуу болуу деген такыр башка нерсе экен. Бойдок кезде эч нерсе менен ишим жок, эркин жүрчү экенмин. Азыр болсо кайда барбайын, оюмдан үй-бүлөм чыкпайт. Башынан чет өлкөлөргө көп чыгам. Бойдок кезимде ал жерлер мага тим эле жыргал болчу. Азыр болсо анын бири да кызыксыз. Жакында эле Америкага бир айдан ашык убакытка барып келдим. Баргандан үч күндөн кийин эле балдарымды сагынып, үй-бүлөмө куса боло баштадым. Бойдок кезде “турмуш курганга шашпаш керек” дечү элем, үй-бүлөлүү болгон соң “эчак эле үйлөнүп албаптырмын да” дегем. Үй-бүлө деген бакыт экен да, көрсө.

– Жылдыз айым, сиз дагы кандай өзгөрүүлөрдү кошумчалайт элеңиз?

Жылдыз: – Бакыт абдан токтолду. Анан кичине толду (күлүп). Баса, биз кыз-жигит кездегидей романтик болбой калды. Азыр романтикага такыр убактысы жок. Мурда болсо жоктон бар кылып бир нерсе таап, абдан күлдүрчү. Эсимде, бир жолу жолугушууга барсам мага бир тал роза гүлүн сунду. Кубанып колума аларым менен: “Эми качтык”, - дейт. Көрсө, жаныбызда эле өсүп турган гүлдөрдөн үзүп алыптыр да. А ал жерде “штраф” деп жазылып туруптур. Качканга алым келбей абдан күлгөм. Ооруп калсам мен жактырган таттууларды, маанай көтөрө турган күлкүлүү открыткаларды берип жиберчү.

– Канча жыл кыз-жигит болуп сүйлөштүңүздөр?

Б.: – Биз бир мектепте, параллель класстарда окуганбыз. 10-класс кезибизде дене тарбия сабагында Жылдыз көзүмө башкача көрүнүп, сезимдерим ойгонгон. Ошол курагыбыздан баштап кыз-жигит болуп тогуз жыл сүйлөштүк. Он жыл болуп кетпесин деп 2013-жылы баш кошконбуз (күлүп).

– Мындай узак аралыкта таарынычтар болбой койбосо керек?

Б.: – Албетте, болгон. Ошол нерселердин болгонунун өзү жакшы окшойт. Биз бири-бирибиздин мүнөзүбүздү, кыялыбызды толук билип, анан баш коштук да. Азыр эч кандай таарынычтарга жол бербей бактылуу жашап жатабыз.

Ж.: – Башында мынча узак сүйлөшүп жүрөбүз деп деле ойлогон эмеспиз. Кийин мектепти аяктаган соң ойлондук, сүйдүм, күйдүм деп эле үйлөнүп албай, окуйлу дедик. Экөөбүз тең каалаган окууларыбыздан окуп, кесипке ээ болуп ордубузду таптык. Бул аралыкта Бакыт айткандай, бири-бирибизди да таанып бүттүк. Анан эми турмуш куруп, үй-бүлө катары жашап кете аларыбызга көзүбүз жеткенде баш коштук. Элге 25 жашта турмушка чыгуу деген кеч сезилер, бирок жеке мен эч нерсеге өкүнбөйм.

– Бири-бириңиздердин кайсы сапаттарыңыздарды баалайсыздар?

Б.: – Жылдыз абдан түшүнүктүү. Мен ишиме байланыштуу кеч келем, алыс жактарга кетем. Ушунун баарын түшүнүп, кызганыч кылып маанайымды түшүрбөй жакшы мамиле кылат. Кесиби - эсепчи-экономист. Чыгармачылыктан алыс болсо дагы менин чыгармачыл иштеримди колдоп турат. Тамашайкөйлүгү болсо менден ашып кетет. Кээде мени тамашалары менен акырын чымчып да коёт. 

Ж.: – Мен Бакыттын айткан нерсесин аткарууга абдан аракет кылганын сыйлайм. Баарынан жакканы - ак көңүл, тез жазылат. Анча-мынча таарынычтар болуп кетсе бир аз ачууланат да, кайра эле баарын унутуп жадырап калат.

– Жолдошуңуздун кесиби жагабы?

Ж.: – Жолдошумдун өзү каалаган жумушун кылып, кыялдарын, максаттарын ишке ашырып жатканына кубанам. Бирок түйшүктүү иштер менен алышып бизге көп көңүл бура албай калган учурлары болот. Ушундай мага, балдарыма атабыз жетишпей дефицит болуп кеткен маалда жумушу жакпайт кетет. Азыр да ушундай учур болуп жатат. Жаңы тасмасы менен алышып, Бакыт үчүн анын иштери баарынан биринчи орунда турган маал.

- Ал кандай тасма, Бакыт мырза?

Б.: – Буюрса “План Б” деген аталыштагы жаңы тасмамды аяктап, элге тартуулоо алдында турам. 6-октябрдан баштап тасма бардык кинотеатрлардан кете баштайт.

– Балдарыңыздар тууралуу айтып берсеңиздер.

Б.: – Нурсултан деген уулум, Нурайым деген кызым бар. Жылдыз азыр балдар менен үйдө отурат.

– Бакыт мырза кандай ата?

Ж.: – Эң башкысы Бакыт балдарына абдан жакшы карайт. Баласаак, жакшы ата. Түндө ыйласа мени менен кошо туруп карашат. Уулубуз кенедейинен атасына жакын. “Бакыт өткөндө Америкага барып келди” дебедикпи. Кызым кичине болуп көп деле билген жок, балам атасын абдан сагынды. Бакыт бизге сюрприз болоюн деп айтпай эле кирип келип калды. Нурсултандын сүйүнгөнүн айтпаңыз. Чуркап барып мойнуна асылып, кучактап алып бетинен өпкүлөп аябай кубанды.

– Кожоюн катары келинчегиңизге кандай талаптарды коёсуз?

Б.: – Өзгөчө деле талабым жок. Жанымда жакшы кабагы менен жылмайып жүрсө жана балдарга жакшы тарбия берсе дейм.

Ж.: – Чындыгында ушундай. Башка күйөөлөрдөй болуп “мен келдим, тамак бер”, “кеттим, чай берип узат” дебейт. Мени таң атпай тургузуп, чай куйдурбай эле өзү акырын туруп кете берет. Балдар менен чарчайт деп мени аяйт болушу керек. “Балдарды жакшы кара” деп көп айтат. Ошондой эле балдарды жакшы карашыма шарт да түзүп бергенге аракет кылат.

- Үй-бүлөлүк бакыт деген аял үчүн эмне, эркек үчүн эмне?

Б.: – Түгөйлөр бири-бирин түшүнүшүп, сый менен жашоо.

Ж.: – Аял үчүн үй-бүлөлүк бакыт жакшы жар болуу, жакшынакай балдарга эне болуу. Тандап алган жарыңды өмүр бою сүйүп, тең картаюу деп билем.

 

Гүлайым Калыбекова