Сурагым келет

Үй-бүлөлүү ар бир адамдын төшөк жаатында түгөйүнө да батынып айта албаган суроолору бар. Уят сезилгени менен ал абдан маанилүү эмеспи. «Сурагым келет» рубрикабыз бул ирет жалаң ушул “уяттуу” суроолорго жооп издеп Улуттук урология борборунун урологу, доценти Стамбекова Канышай Нурмаматовнага кайрылды.

Сизди ойлондурган ден соолукка, юридикалык иштерге, сулуулукка, тиричиликке байланыштуу ар кандай суроолор болсо, 0 (558) 87 11 11 номерине чалып же SMS түрүндө билдириңиздер.

Суроо: - Мен үй-бүлөлүүмүн, жашым 27де. Жубайым менен жыныстык катнашта болгондо ашыкча суулана берет. Эмнеден улам мындай болушу мүмкүн? Мындан тышкары келинчегим кошулуп баштаган маалда жыныс мүчөм 30 секунддай каттуу болуп, анан жумшак болуп каларын айтып жатат. Себебин билгим келет?

Абдукарим, Талас облусу

Жооп: - Алгач суюктук кайдан келип жатканын тактоо керек. Кошулууда аялдын жыныс кынынан да суюктук чыгат. Мына ошол суюктукпу же ал өзүңүздүн заара түтүгүңүздөн чыгып жатабы, билүү зарыл. Жыныс мүчөнүн убактысынан мурун жумшарып, бошоп калуусу жыныс мүчөнүн функциясы бузулгандан, суук тийгенден, кант диабетинен, ашыкча салмактуулуктан, атеросклероз, кан басымынын жогорулоосунан болушу мүмкүн. Андыктан урологго келип дартыңызды толук аныктатып, эртерээк дарыланыңыз.

 

Суроо: - 32 жаштамын, башынан эле бел суум өтө тез түшөт. Бел суу табияттан эле тез түшөбү же кандайдыр бир оорудан кийин ушинтип калабы? Бел суу тез түшпөшү үчүн эмне кылсам болот? Дарылануу жолдоруна токтоло кетсеңиз.

Айбек, Чат-Базар айылы

Жооп: - Жыныс мүчөнүн башы ашыкча сезимтал болсо, бел суу тез түшөт. Бел суу тез түшпөшү үчүн презерватив колдонуңуз же Анестезин майын сүйкөңүз. Эгер аларды колдонгуңуз келбесе, курамында лидокаин бар спрейди чачыңыз.

 

Суроо: - Күйөөм менен кошулганда эч кандай сезим болбойт. Бул оорубу? Күйөөмдүн оргазм алганын кантип билсем болот? Чынын айтсам, “аялдар да оргазм алат” дегенди жакында эле уктум. Мындай темада күйөөм менен сүйлөшө албайм. Ал сезим кандай болорун билбейм. Ушулар тууралуу мүмкүн болсо кененирээк жазууңуздарды суранам.

Жайнагүл, Токмок шаары

Жооп: - Кыргыз аялдарынын көпчүлүгүндө ушундай көрүнүш бар. Эркектер урук чыгаруу менен оргазм алары түшүнүктүү. Жолдошуңуз менен ачык сүйлөшүүдөн уялып, тартынып жатсаңыз, жалгыз калганда өзүңүздү өзүңүз текшериңиз. Тагыраагы, жыныс кынына колуңуздун манжасын салып көрүп дүүлүгө турган чекитти издеңиз. Колуңуз тийген чекитте дүүлүксөңүз, анда кошулардын алдында ошол чекитти басуу менен төшөк оюнуна барыңыз. 

 

Суроо: - 24 жаштамын. Табарсыгымдын үстү кычышып 3-4 айдан бери какачтап атат. Эмнеден улам мындай болушу мүмкүн? Кантип кутулуу керек? Үй шартында дарыланууга болобу?

Урмат, Кара-Балта шаары

Жооп: - Гигиенаны жакшы сактабагандан, синтетикалык ич кийимдерди кийүүдөн улам болушу мүмкүн. Теринин оорусу болушу да ыктымал. Күнүгө эки жолу Синафлан майын шыбап көрүңүз. Ал жардам бербесе, дерматологго кайрылыңыз.

 

Даткайым ДОСМАТОВА