ПЕДОФИЛИЯ: ООРУБУ ЖЕ КЫЛМЫШПЫ?

Акыркы күндөрү педофилия темасы массалык маалымат каражаттарынын бетинен түшпөй келет. Педофилдерди мурда чет өлкөлөрдөн гана кездештирип келсек, азыр Кыргызстанда да алардын саны күндөн-күнгө көбөйүүдө. Буга эмне себеп болууда, педофилия маселеси менен кантип күрөшүү керек, иликтеп көрдүк.

Педофилия грек тилинен алынып, “педес” бала, “филия” сүйүү дегенди билдирет. Бирок бул сүйүү баланы ата-эне катары же дос катары сүйүү эмес, өспүрүм куракка чейинки балдарга жыныстык кызыгуу. Педофилия – психологиялык оору же жыныстык, социалдык жактан бузулуу. Ага кабылган адамдын алгач жан дүйнөсү жабыркайт, андан соң стресс болуп, бул өзгөчө сексуалдык фантазияны жана мээден оңой менен чыкпаган ойлорду чакырат. Бул нерседен педофиль күчтүү эрк менен гана психотерапия курсунан өтүп арыла алат. Толук арыла албаса да психотерапия аркылуу педофиль өзүн-өзү көзөмөлдөөнү үйрөнүп, стресстен айыгат.

 

Педофилдердин белгилери

– Сүйүүнү айырмалай албайт: ата-эненин балага, баланын ата-энеге болгон сүйүүсүн аңдап-түшүнүүсү кыйын болот.

– 14 жашка чейинки балдар менен сүйлөшкөндү жактырат.

– Баланы эркелетип, кам көрөт, бирок чын ниетинен эмес, өзүнүн жыргалчылыгын ойлоп.

– Көп учурда өзүн жаш баладай алып жүрөт.

– Өзү теңдүү айымдарга кызыкпайт, алар менен сүйлөшүүдө кыйналат.

– Ата-энелер тыюу салган нерселерге жол берет. Мисалы, балдардын компьютердик оюндарды ойноосуна, зыяндуу таттууларды жегенге, тамеки тартканга ж. б.

– Сырткы көрүнүшү боюнча, бою узун эмес, сологой же амбидекстр (эки колу тең активдүү) болот.

– Көпчүлүк педофилдер балдар менен сексуалдык байланышка ачык барбайт. Алар мастурбация аркылуу, же балдар менен интернеттен жазышып ырахат алат. Же болбосо балдарга тыюу салынган тасмаларды балдар менен чогуу көрөт, мультфильмдерди жактырат.

 

Педофилиянын себептери

– Бала чагында баш сөөгүнөн, мээсинен жаракат алуусу;

– Түйүлдүк кезинде нерв системасынын өнүгүшүнүн бузулуусу, мисалы, эненин кош бойлуу кезде алкоголду колдонуусунан улам негизги инстинкт бузулат. Натыйжада акыл-эси жайында адам балдарды көргөндө коргоо инстинкти иштесе, педофилдерде жыныстык инстинкти иштеп баштайт;

– Интеллектинин төмөн болуусу;

– Алкоголдон көз каранды болуусу. Кээ бир педофилдердин аракечтиги сыртынан эле билинсе, айрымдары билдирбейт.

 

Педофилия менен кайсы өлкө кандай күрөшөт?

Орусия. Орусия Федерациясынын кылмыш-жаза кодексинин 131-132-беренелерине ылайык, жашы жете элек балдарды зордуктоо жана аларга сексуалдык күч колдонгондугу үчүн 8 жылдан 20 жылга чейин жана өмүр бою эркинен ажыратылат. Ошондой эле эркиндиги чектелип, ээлеген кызматынан бошотулуу сыяктуу кошумча жазалар бар. Педофилияны пропагандалагандыгы үчүн болсо 5 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Германия. Германиянын кылмыш-жаза кодексинин 176-параграфына ылайык, педофилдер 6 айдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат. Оор учурларда гана жазанын мөөнөтү көбөйтүлөт.

Америка. АКШда педофилия жана балдар порнографиясы менен күрөшүү кылмыштын оор же жеңилине, курмандыктардын жашына жараша жүрөт. Кылмышкердин жазасы 10 жылдан бир нече жылга чейин созулат. Өмүр бою эркинен ажыратуу да киргизилген.

Чехия. Бул өлкөдө педофилияга барган кылмышкерлерге хирургиялык бычуу жүргүзүлөт. Мисалы, 2000-2009-жылдар аралыгында Чехияда 300 педофиль бычылган. Жаза мөөнөтү бүткөндөн кийин кылмышкер эркиндикке чыгарылбастан, психиатриялык ооруканада көп жыл бою дарыланат. Өмүр бою да дарыланышы мүмкүн. Бирок бейтап буга макул болбосо, хирургиялык жактан бычылат. Ушул жол менен гана психиатриялык ооруканадан кутулуп эркиндикке чыга алат.

Иран. Иранда педофилдерге өлүм жазасы берилет. 2011-жылы Ирандын Керменшах шаарынын борбордук аянтында тогуз жаштагы баланы зордуктаган эки педофилди элдин көзүнчө өлүм жазасына тартышкан жана коомчулук “сотко бали, рахмат!” деп кыйкырып коштоп турушкан. Бул өлкөдө өлүм жазасы абдан өнүккөн. Педофилия кылмышынан сырткары контрабанда, зордуктоо боюнча камалган кылмышкерлерди да кылмышы далилденген соң өлүм жазасына тартышат. Ошондой эле гомосексуализм боюнча да өлүм жазасы каралган. Ошондуктан Иранда кумсалар тууралуу жадагалса сөз да болбойт.

 

Күрөңкеев Бейшенбек, юрист: “Педофилдердин көпчүлүгү - түрмөдөн чыккандар”

– Педофилдерге карата Кыргызстанда кандай чаралар көрүлөт?

– Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексине ылайык, бизде оор кылмыш деп эсептелинген педофилия кылмышы менен кармалгандар 20-25 жылга чейин эркинен ажыратылат. Буга чейин мыйзамга өзгөртүү киргизип педофилдерге өзгөчө оор чаралар көрүлүшү тууралуу аракеттер жүрүп келген. Бирок азырынча кире элек. “Эркинен ажыратуу” деген эле жаза колдонулат. Эки-үч жылдан бери педофилдер аябай көбөйүп кетти. Мурда шаардан катталса, азыр айыл жерлеринде да көп кездешүүдө. Алардын көпчүлүгү мурда соттолгондор, түрмөдөн чыккандар болууда. Педофилдерге өзгөчө оор жаза колдонуу керек. Керек болсо өлүм жазасына да тартуу зарыл. Болбосо бул аты жаман кылмыштын аягы суюлчудай эмес.

 

Мирлан Бакиров, ЖКнын депутаты: “Педофилияны өлүм жазасы менен азайтса болот”

– Педофилия кылмышы мыйзамда кандай каралган?

– Былтыр биздин “Өнүгүү-Прогресс” фракциябыз педофилдерге өлүм жазасын колдонуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Ал ишке ашышы үчүн баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү керек. Тилекке каршы, өзгөртүү киргизилген жок. Себеби эл аралык келишимдер боюнча Кыргызстанда өлүм жазасы жок деген чечим кабыл алынган экен. Ошентсе да бардык кылмышкерлерге эмес, жок дегенде жаш балдарга зордук-зомбулук көргөзгөн педофилдерге өлүм жазасы берилиши керектигин айтып келебиз. Коңшу Казакстан да бүгүнкү күндө педофилдерге чара колдонууну күчөттү. Ошол сыяктуу биз да катуу чараларды көрүп, жазасын татаалдатпасак болбойт. Анткени бул кылмыш жылдан-жылга көбөйүп баратат жана бизде ага карата оор чаралар жокко эсе. Статистика боюнча, Кыргызстанда 680 бала педофилдердин курмандыгы болгон жана азыр да бул кылмыш уланууда. Сырттан келип Кыргызстанда өзүнүн кара ниет иштерин жүргүзгөн педофилдер да катталган. Ошондуктан педофилиянын алдын алуу максатында педофилдерге өлүм жазасын киргизүүнү сунуштаганбыз. Өлүм жазасын киргизүү менен педофилия жүз пайыз токтоп калбаса да саны азаят деп ойлойм. Бул долбоор азыр да талкууда. Аны кабыл алууну жалпы коомчулук чечет.

 

Шааркан Абдуллаева