Замира МОЛДОШЕВА: «Коллекциямды кызыма арнап «Саада» деп атадым»

Бул учурга чейин маал-маалы менен кыз-келиндерге кийимдердин коллекцияларын тартуулап турган дизайнер Замира Молдошева балалуу болуп, тыныгууда болуп келген. Кайрадан ишине киришкен дизайнер жаңы коллекция чыгарып, элге тартуулады.

– Замира айым, бул коллекциянын үстүндө канча убакыт иштедиңиз?

– Бул коллекция үч айда даяр болду. 2014-жылы кийимдердин коллекциясын чыгарган боюнча чыгара элек болчумун. Ортодо кыздуу болдум. Кызым төрөлгөндөн кийин бардык нерсе тегиздей маанайым жакшы болду. Бала деген адамга дем, күч-кубат берет экен. Бул учурда мага эргүү келип эскиздерин чийип, жаңы коллекция чыгарып койдум. Коллекциямды кызыма арнап «Саада» деп атадым.

– Коллекция канча көйнөктөн турат, кардарларыңыз кимдер болду?

– Жалпы он беш көйнөктөн турат. Бул көйнөктү кыз узатуу салтанатына кийгенге, анан ырчылар сатып алып жатышат. «Мода үйү» аталышындагы модалуу кийимдерди саткан дүкөндө сатылып жатат. Баалары 18 миңден 28 миңге чейин барат. Азыр көбү сатылып кетти.

– Эмнеге кызыл, ак өңдөргө басым жасадыңыз?

– Быйылкы жылы кочкул кызыл өңдөр модада эмеспи, ошондуктан бул өңдү тандап алдым. Ак кийим болсо дайыма модада, кыргыздар жактырып кийген өң десем да болот.

– Кийимдерди өз колуңуз менен тиккен учурлар болобу?

– Мен дизайнер катары идея ойлоп таап, анын эскизин чием. Анан эскизди көтөрүп барып конструкторго көрсөтүп, аны менен кеңешем.

Ал да өз оюн айтат. Андан кийин материал тандап келем да, тикмечилериме тиктирем. Саймалары оригиналдуу болсун деп бул учурга чейин көп жиптерди колдонуп көргөм. Бул жолу кыялымдагыдай жип таап алып, ошону менен сайма түшүрдүм.

– Буга чейин бир топ коллекция чыгардыңыз, багы ачылбай калган кийимдер болобу?

– Болот. Мурунку коллекциялардан сатылбай калган 2-3 кийим бар. Аларды эстелик кылып сактап койгом. Айрымдар көрүп жактырышып "ошол сыяктуу кылып тигип бер" деп буйрутма берип кетишет.

– Кичинекей кызыңыз менен иштөө оордук жаратпайбы?

– Убакытты туура бөлүштүрө билсең, баарына жетишсе болот экен. Кызым мен жок үч саатка чейин чыдай алат. Мен жумуштарымды үч сааттык кылып пландап алып, бүтүрө турган иштеримди бүтүрүп келе калам. Ал убакытта атасы экөө үйдө болуп турат. Ошентип ынтымакташып иш кылып атабыз. Буюрса, артынан эле дароо дагы бир коллекция чыгарганы турам. Анан да дизайнерлерди окутуп чыгара турган окуу борборун ачтым. Буюрса, биздин борбордон келечектин мыкты дизайнер, конструкторлору билим алып чыгышат.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Динара ЧОКОЕВА