Элизат: “Күйөөсү кызганчаак аялдар менин машинеме отурганда сүйүнүп кетишет”

Аял балдары үчүн, бүлөсү үчүн колунан келген иштин эч биринен жанын аябайт. Мейли өзү арысын-ачсын, үшүсүн-тоңсун, башкысы бүлөсүндө токчулук болсо, балдарынын курсагы тойсо болду. Элизат айым да ушундай ак эмгекти, таза мээнетти туу туткан энелердин катарында. Ал “башкысы, балдарыбыз адал тамак жесе болду” деп жолдошу менен тең жарышып, эркектердин арасында иштеп келет.

– Элизат айым, таксисттик кызматта иштегениңизге канча болду? Өзүңүз кесибиңиз боюнча кимсиз?

– Мен жогорку окуу жайды 3-курска чейин эле окуп, таштап салгам. Буга баягы эле турмуш себеп болду. Акча таап, тиричиликти тың кылыш керек болуп элдин агымы менен мен да Орусияга кетип калгам. Чоочун жерде далай эле кыйын күндөрдү көрдүк. Кыз кишиге үйүнөн, өз мекенинен өткөн ыңгайлуу жай жок экен. Андыктан "эмне иш кылсам да мекенимде эле болом" деген чечим менен Кыргызстанга келе бердим. Ошентип “Дыйкан” базары жактагы май куюучу жайда иштеп калдым. Биздин негизги кардарларыбыз таксисттер эле. Байкасам Москвич айдаган бир байке келген сайын майды көптөн куйдурат. Ага кызыгып: “Байке, кардарларыңыз ушунча көппү?”, - деп сурасам, “Кудайга шүгүр, жакшы”, - деди. “Мен да иштесем болобу?”, - десем, анча ишене бербей “болот” деп койду. Кызыгып калдым да, эртеси эле жолдошума айтып алгачкы кардарларыма кызмат көрсөттүм. Ошентип май куюучу жай менен бул иште катар иштеп келе жатканыма беш жылдай болуп калды.

– Жолдошуңуз кызганбайбы?

– Бул суроону мен күн сайын ар бир кардарымдан угам. Кызганбайт, бирок башында жактырган жок. Мен эки күндөй иштегенден кийин өзү чыкты. Ал бир күн иштеп эле “мунуң болбойт экен” деп келип калыптыр. Көрсө, ал жерде иштеген таксисттер “бул жерде 50-60 таксист барбыз. Учётко отурушуң керек” деп кардар бербей коюшуптур. Анын баарын уксам да “болот эле, иштейбиз” деп эртеси өзүм чыктым. Байкелер “чоң кыз, кечээ бул машинени бир жигит айдап келген” деп анчалык жактыра беришкен жок. Ал жердегилердин эрежеси боюнча жаңы кошулган таксист 5 миң сом бериши керек экен. Мен: “Койгула, байкелер, 5 миң сом деген менин батиримдин бир айлык акысы. Бере албайм”, - деп ачык эле айттым. Кыз киши деп сыйлашты окшойт, кайталабай эле кабыл алып калышты. Кийин кантсе да кесиптеш болуп калдык деп анча көп акча бере албасак да колубуздан келишинче сыйлап, байкелердин батасын алып койдук. Ошондон кийин күйөөм экөөбүз кезектешип иштеп келе жатабыз.

– Жолдошуңуз мындан тышкары эмне иш кылат?

– Ал да май куюучу жайда иштейт. Экөөбүз ушул жерден табышканбыз. Ал суткалык кезекке чыкканда мен, мен чыкканда ал таксист болот. Минтип иштебесек болбойт, эки балабыз бар. Алигече батирде турабыз. Жер алып, там салыш керек.

– Эки жерден биригип тапканыңыз канча болот?

– Май куюучу жайда он күн иштеп, 9 миң сом айлык алам. Ал эми таксиден азыркы учурда бир күндө миңден ашык сом тапканга болот. Анткени азыр салаттын учуру, “Дыйкан” базарда иштегендерден тышкары башка кардарлар да көп. Негизи, мен бир күндө миң сомдун тегерегинде тапканга аракет кылам. Жолдошум болсо мени аяп 500 сом тапканымдан кийин эле "үйгө бар" дей баштайт. Аялбыз да, мен болсо жанталашып эки жүз сом болсо да ашыкча таап, үйгө кем-карчымды ала кетейин деп турам. Кээде эртеси жолдошум иштей турган күндөрү “эртеңки тапканын эч нерсеге коротпой толук алып келсин” деп майын бир күнгө жете тургандай кылып куюп коём.

– Кеч дегенде канчага чейин иштейсиз? Коркунучтарга кабылып көрдүңүз беле?

– Кудай сактасын, коркунучтуу деле жагдайлар боло элек. Кээде жумуш түнкү 11-12ге чейин созулуп кетет. Бирок андайда жалаң гана тааныш кардарларды ташыйм. Мисалы, базардан бир тааныш эжени алып үйүнө жеткирсем, кайра артка кайтканда акча болсун деп жолдон башка кардар албайм. Ким, кандай ниеттеги адам отурарын билбейм да. Андыктан өзүмдүн коопсуздугума өзүм кам көрүп турам десем болот.

– Кандай болгон күндө да аял кишиге эркектердин тийишпей коюшу мүмкүн эмес го?

– Чын айтам, андай ээн баш, ээн ооздорго кабылып, кыжаалат абалда калып көрө элекмин. Андай болбой эле койсун. Бирок күйөөсү кызганчаак аялдардын мени көргөндө сүйүнүп кетип жүргөндөрүн көп байкайм. Бир жолу бир эже: “Сага отурганым жакшы болбодубу. Арзан алып кеткенинен дайыма бир таксист менен келип атсам күйөөм “эмнеге дайыма ушуга отурасың? Муну менен соо болбой калсаң керек” деп атат. Азыр түшүп байкеңе көрүнүп койчу”, - деп суранган. Айткандай эле күйөөсү да мени көрүп кубанып “мындан кийин эжеңди дайыма өзүң ташып жүрчү” деди. Бирок ал аймак мага ыңгайсыз болгондуктан эжеге алар каалагандай кызмат кыла албай калдым.

– Сиз кеч калып иштеген күндөрү балдарыңызды ким карайт?

– Балдарымды бир тууган абысыныма каратам. Айрым учурларда айылга өзүмдүн апама берем. Алар үйдө кезде 4-5 саат гана иштегенге туура келет.

– Машине бузулса оңдой аласызбы?

– 15 жашымдан бери машине айдап келе жатам, 17 жылдык тажрыйбам бар. Мен бала кезде апам тракторчуларга тамак жасап иштечү. Аларга жеткирчү тамакты талашып алып барчумун. Мага тамак жеткирген кызык эмес эле, кызыгы тракторчулар тамактануу маалында мени тракторго отургузуп коюшчу. Мага трактор айдаган абдан жакчу. Азыр машинамды оңдой албасам да кайсы жери эмне болуп бузулуп жаткандыгын жакшы билем. Оңдотууга алып барганда "көрүп бериңиз" дебей, "ушул жерин оңдоп бериңиз" дейм. Мага ишенбей ачып карашканда мен айткандай эле болуп чыгат.

– Мүнөзүңүз да, жүргөн турганыңыз да эркектерге окшош экенсиз. Кандай келинсиз?

– Таласка келин болгом. Кайын журтум абдан жакшы адамдар. Жолдошум менден үч жашка кичүү. Алар жакшы адамдар болгондуктан, баласынан улуу экениме карабай мени кабыл алышкан. Кайнатам менен абдан жакшы сүйлөшөм. Бир туугандар “эми сен шефти кармап алгансың да” деп тамашалап калышат. Кайнатамдын жигули машинеси бар. Ал достору менен майрамдап койгон күндөрү кайненем: “Бар, атаңды алып кел”, - деп мени жиберет. Барып атамды салып, машинесин айдап алып келип калам. “Эркекке окшогон келиним бар” деп мени жакшы көрүшөт.

– Аял оокаттарга кандайсыз?

– Чынын айтайын, ушул күнгө чейин салат жаап, кыям жасап көрө элекмин. Баарын кайненем менен апам камдап беришет. Тамактардан болсо ушул кезге чейин оромо менен мантыны толук өзүм жасап көрө элекмин. Фаршын жасайм да, камырына келгенде эле туруп калам. Бактыма күйөөм тамак тандабаган адам. Эмне жасасам да “ушуга шүгүр, жок жаман” деп жей берет.

– Бул иштериңизде дагы канчага чейин иштейм деген оюңуз бар?

– Ден соолук барда, мүмкүнчүлүк болуп турганда иштей бериш керек. Кош бойлуу кезимде деле бул эки ишимде тең иштегем. Ырас, май куюуга ал кезде чыккан жокмун, кассада гана отурчумун. Азыр кассада отургандан көрө кирип-чыгып кардар тейлөө мага ыңгайлуу. Анткени аялдарга, карыларга жана оорулууларга гана чыгып кызмат көрсөтпөсөк, жаштар, эркектер өзүлөрү түшүп куюп алышат. Ал эми таксисттик кызматты мүмкүн болушунча пайдасын көп көргүдөй кылып уланта беребиз. Машинени чоңойтуш керек болуп жатат. Себеби азыр Мерседес үлгүсүндөгү унаа айдайм. Жүк батпагандыктан арзаныраак иштеп атам. Алдыда Степ үлгүсүндөгү машине алып Көлдөн алма ташып иштөөнү пландап жатабыз. Андай чоң машине менен такси кызматы да берекелүү болот.

 

Гүлайым Калыбекова