Дүйнө жылдыздары инстаграмда

Учурда эң популярдуу социалдык тармакка айланган инстаграм баракчасына дүйнө жүзү боюнча 193 миллион адам катталган. Бул баракча аркылуу дүйнө жүзүндө болуп жаткан окуяларга кызыгында күбө болуп, кайсы адам кайда, эмне кылып жүргөнүн билүүгө болот. Бизнести өнүктүрүүгө да жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берет десек болот. Учурда дүйнө жүзү боюнча кимдин баракчасында окурман көп байкап, алар кандай пайда таап атканын маалымдайбыз.

 

1-орун

СЕЛЕНА ГОМЕС @SELENAGOMEZ

Катталган учуру: 2013-жыл 14-июль

Жарыялары: 1239

Окурмандары: 101 миллион

Өзгөчө жаштардын сүймөнчүгү болгон америкалык киноактриса, ырчы, композитор, продюсер, дизайнер, модель, айтор, ар тараптан таланттуу 24 жаштагы Селена Гомес инстаграмдагы окурманы эң көп жылдыз катары 1- орунда турат. Анын инстаграмдагы популярдуулугуна поп ырчы Жастин Бибер менен бүткөн сүйүү романынын кайрадан башталганынын ролу чоң болгонун айтышат. Анткени Бибердин арты менен эле анын баракчасына 19 миллион окурман кошулган. Ал эми Жастин миллиондогон окурманы бар баракчасын окурмандардын терс комментарийлеринен улам ушул жылдын жай айларында өчүрүп салган. Гомес болсо, инстаграмдын ханышасы бойдон калган. Ал селфини абдан жактырат. Ошондой эле үй-бүлөсү менен түшкөн сүрөттөрдү, ар кандай компаниялардын жарнамаларын жайгаштырып турат. Эң белгилүү бренддер Coco-Cola жана Pantene менен кызматташат. Анын бир жарнамалык посту жарым миллион доллар.

 

2-орун

БЕЙОНС @BEYONCE

Катталган учуру: 2012-жыл 7-ноябрь

Жарыялары: 1374

Окурмандары: 86,4 миллион

Бейонс өзүнүн татынакайлыгын көрсөткөндү жактырат. Эң стилдүү ырчынын сүрөттөрүн көрүү ар бир окурманга рахат тартуулайт эмеспи, андыктан анын инстаграм баракчасындагы окурмандары күн санап өсүп келет. Ырчынын баракчасында сексуалдуу селфилер, ачык кийим менен түшкөн сүрөттөр жок. Бирок жылдыз күйөрмандарын саякат учурундагы укмуштуудай көйнөктөрдү кийип түшкөн сүрөттөрү менен кубандырат. Ал эми Бейонстун инстаграм баракчасы аркылуу каражат тапканы тууралуу маалыматтар жокко эсе, баракчасынан да жарнамалык багыттагы посттор кезикпейт.

 

3-орун

АРИАНА ГРАНДЕ @ARIANAGRANDE

Катталган учуру: 2011-жыл 26-декабрь

Жарыялары: 2581

Окурмандары: 86,2 миллион

Өспүрүмдөрдүн сүйгөн актрисасы Ариана инстаграмда рейтинг боюнча 3-орунда турат. Ырчы, актриса баракчасына көбүнчө селфи жана фотосессиядагы сүрөттөрүн киргизет. Көп сүрөттөрү жана видеолору ити экөөнүкү. Ал өзүн окурмандарга үлгүлүү кыз жана небере катары көрсөтүп, үй-бүлөсүнө болгон сүйүүсүн билдирет, өзгөчө чоң энесине. Баракчасына келген ой-пикирлерди окуп, аларга жооп да жазып турат. Күйөрмандарын өзгөчө романтикалык цитаталары менен өзүнө тартат.

 

4-орун

КИМ КАРДАШЯН @KIMKARDASHIAN

Катталган учуру: 2012-жыл 20-февраль

Жарыялары: 3621

Окурмандары: 85 миллион

Инстаграмда 4-орунда турган актриса, фотомодель Ким Кардашяндын популярдуулукка дароо секиришин кош бойлуу кезиндеги сүрөтү менен байланыштырышат. Ошол сүрөт Ким Кардашяндын жылдыздар арасындагы популярдуулугун жогорулаткан. Бир топ убакыттан бери алдыңкы орунда турган актриса журналисттерге, инстаграмдагы аккаунтуна жарнамалык постторду жайгаштырбай турганын, ар бир окурман кайсы товар жакшы экенин өзү тандаарын билдирген. Бирок пресса анын арамдык кылып жатканы тууралуу маалымат тараткан. Ким Кардашяндын арты менен көп окурмандуу болгон анын үй-бүлөсү инстаграм аркылуу жакшы каражат табышат. Бир тууганы Кендалл Дженнердин 67,2 миллион окурманы бар, ал бир посту үчүн жарнама берүүчүлөрдөн 400 миң доллар алат. Акыркы маалыматтарда актрисса өзү да жарнамаларга орун бере баштаганы айтылат.

 

5-орун

КРИШТИАНУ РОНАЛДУ @CRISTIANO

Катталган учуру: 2012-жыл 31-октябрь

Жарыялары: 1486

Окурмандары: 79,2 миллион

Дүйнөгө таанымал футболчу Криштиану Роналдунун инстаграм баракчасындагы окурмандардын көпчүлүгү ага эсинен тана ашык болгон айымдар. Анын баракчасына кошулган адам жагымдуу селфилерине күбө боло алат. Роналду баракчасына футбол талаасындабы, же башка жактан түшкөнбү, айтор, күн сайын жаңы сүрөт жүктөп турат. Ошондой эле португалиялык спортчу аудиториясынын көп бөлүгүн түзгөн айымдарга нур чачкан жылмаюусун, дене түзүлүшүн, мыкты табит менен тандалган кийимдерин көрсөтүп келет. Аны менен бирге баракчасына койгон ар кандай жарнамалык посттору үчүн 230 миң евро алат.

 

 

Орусияда

ТИМАТИ @timatiofficial

Катталган учуру: 2012-жыл 3-июль

Жарыялары: 2864

Окурмандары: 7 миллион

Орус жылдыздарынын инстаграмдагы рейтинги боюнча Тимати 1-орунда. Ал кызы Алиса Тимуровна менен түшкөн сүрөттөрүн байма-бай жарыялап турат. Ошондой эле күлкүлүү кыска видеороликтерди, эс алуу, концерт учурундагы сүрөттөрдү жайгаштырат. Кээде кесиптештерин оройлоно сындап да жиберет. Маалыматтарга караганда Тимати инстаграмдагы баракчасы аркылуу акча да табат. Орусияда жарнама берүүчүлөр инстаграмдагы 500 миң окурманы бар колдонуучуга бир посту үчүн 20-30 миң рубль төлөшөт экен. Ошондой эле инстаграм аркылуу эң көп каражат тапкан орус жылдызы Ксения Собчак 3,7 миллион окурманы менен сап башында турат. Теле алып баруучу көп учурда бренддик косметика, кийим жана аксессуарларды жарнамалайт. Анын бир эле посту 350 миң рубль.

 

Өзбекстанда

ШАХЗОДА @shahzodasinger

Катталган учуру: 2013-жыл 6-март

Жарыялары: 3305

Окурмандары: 901 миң

Өзбекстанда инстаграм баракчасында окурманы көп, абсолюттук чемпион - Шахзода. Анын баракчасына баш бакканда эле «терс пикирлерди өчүрөм жана блоктойм» деген статуска көз урунат. Ырчы, актриса жашоосунун эң кызыктуу сюжеттериндеги үй-бүлөлүк сүрөт, видеолорду жайгаштырат. Жарнамалык постторду дээрлик көрүүгө болбойт.

 

Казакстанда

БАЯН МАКСАТ кызы (Есентаева) @bayanmaxatkyzy

Катталган учуру: 2013-жыл 3-июль

Жарыялары: 2255

Окурмандары: 1,9 миллион

Казак белгилүүлөр арасында инстаграмдагы окурмандары көп жылдыз Баян Есентаева экени талашсыз. Продюсер, актриса, теле алып баруучу баракчасына стилдүү гана сүрөттөрүн жүктөгөндүктөн көрүү кызыктуу. Ошондой эле казак шоу-бизнес жылдыздарынын, үй-бүлөсүнүн сүрөттөрүн көрүүгө болот. Жакында болгон күйөөсүнүн кол салуусунан кийин ал инстаграм баракчасындагы Баян Есентаева деген атын Баян Махат кызы деп алмаштырды. Күн сайын кайда барганы тууралуу күйөрмандарына фотобаян кылып турган жылдыз күйөөсүнүн кол салуусунан улам ооруканага жатып калганда, окурмандары анын амандыгын тилеп баракчасында дуба кылып турушту. Учурда бир топ окурмандуу болуп калган айым эки кызынын да сүрөттөрүн жарыялап, алар тууралуу маалымат берип турат. Апасынын арты менен улуу кызы Айсауле баракчасына 740 миң окурман топтогонго жетишкен. Баян айымдын баракчасынан жарнамалык постторду көп эле көрүүгө болот, бирок алар кандай шартта, канча каражатка жарыяланары тууралуу маалымат жок.

 

Динара ЧОКОЕВА