Жарына жан сакчы болгон күйөөлөр

Жылдыздар качан болбосун көпчүлүктүн көңүл чордонунда. Бири чыныгы таланты менен, бири таң калычтуу жоруктары менен, же сыр сыяктанган жүрүш-турушу менен. Алардын арасында ойго да, тойго да күйөөсү менен жетелешип жүрүү аркылуу элдин эсинде өзгөчө болуп сакталып калган жылдыздар да бар. Дайыма бирге жүрүү алардын ишин арбытат бекен же аксатат бекен, деги эле анчалык ээрчишип жүрүүнүн сыры эмнеде болду экен?

 

Асаны сапарынан калбаган Самара Каримова

Мамлекеттик, болгондо да чоң кызматта иштеген Асан мырзаны качан болбосун Самара жүргөн жерден көрүүгө болот. Мынчалык ээрчишип жүрүүнүн сырын сураганыбызда ырчы: “Бул айта турган иш эмес”, - деп так жооп берүүдөн баш тартты. Ошентип биздин “Асан мырза аялын ээрчип жүргөн маалда Ош драм театрынын иштери кантер экен?” деген сурообуз ачык бойдон калды. Самаранын социалдык баракчаларынан баштап, WhatsAppына чейин жолдошу менен түшкөн сүрөттөрдү гана коюп, жалгыз түшкөн сүрөттөрүнүн бирин да койбогонун байкаган адам Асан мырза кызганычтын кыйноосунан гана келинчегинин жанынан калбай жүрөт го деген ойго келет. Аны деле түшүнсө болот, Акмөөрдөй аялы болсо ким кызганбасын?..

Күйөөсү менен ээрчишип жүрүүдөн ырахат алган Айнура Салахидинова

Айнура Салахидинованы да ээрчишкен түгөйлөрдүн катарына киргизүүгө болот. Социалдык баракчаларына жолдошу менен бирге түшкөн сүрөттөрдү байма-бай коюп турган бул ырчыга суроо салганыбызда “мага Санжар менен ээрчишип жүрүү жагат. Ал жанымда болсо өзүмдү дайыма коопсуз сезем” деп жылмайды. Кеп арасында ырчы жолдошу аны таптакыр кызганбаганына ичи ачышарын, анча-мынча болсо да кызганып коюп жүрсө жакшы болорун да айтып өттү. Жолдошу: “Сени кызганбаганым жакшы, эгер кызгансам ырдабай каласың”, - дейт экен. Ал эми Санжар мырза кебин: “Ооба, мен Айнураны кайда барса да ээрчип алам, - деп баштап, - аялымдын атактуу экени менен абдан сыймыктанам. Атактуу болуу колумдан келбеген соң Айнураны кош колдоп колдоп турам. Анан да Айнура менен ээрчишип жүрүүдөн тартынгандай, жашырынгандай деле себеп жок да”, - деп аяктады. Ырчы шаар ичиндеги тойлорго барганда балдарын жолдошу карап калат, шаардан сырткары чыкса сөзсүз күйөөсү коштоп жүрөт экен.

 

Убактысын күйөөсү бөлүштүргөн Роза Шакирова

Мукам үндүү ырчы Роза Шакирова: “Ооба, мончо менен косметологдон башка жердин баарына күйөөм менен барам”, - деп каткырат. Ырчы жолдошунун жүзүн элден катып келгени менен билгендер аны дайыма түгөйү менен ээрчишип жүргөнүн байкашат. Мейман болчу тойлордо эле эмес, ырчы кызмат кыла турган тойлорго да жандап барат. Мунун себеби, биринчиден, ырчынын машинени жакшы айдай албаганынан болсо, экинчи себеби, кечиге берүүсүнөн улам экен. Анткени Роза айым барган жеринде курбулары, кесиптештери менен кеп кызыгына батып кетип кийинки тойго кечигип калып, үйүнө да кеч барып калат тура. Бул маселени алдын алыш үчүн ырчынын убактысын ушинтип жолдошу бөлүштүрүп, башкарат экен. Түгөйүнүн минтип бир тойдо ырдата калып, экинчи тойго алып жөнөгөнү абдан жагымдуу экенин айткан ырчы: “Мындан тышкары, жолдошумдун жанымда жүргөнү мага дем-күч берет. Ал жанымда кезде дайыма санаам тынч, көңүлүм ток”, - деп баса белгиледи.

 

 

Назы тарабаган Назми

Басса-турса жолдошун мактоодон тажабаган ырчы Назми түгөйүнүн аны коштоп жүрүшүн өзү талап кылат экен. Ырчы: “Бул бири-бирибизге ишенбестиктен же кызганычтан эмес, бири-бирине көңүл буруп, баарынан кымбат убакытты эң жакын адамыңа арноо. Жолдошум менен мүмкүн болушунча бирге жүргүм келет”, - дейт. Ушинтип назданган ырчынын сураганын аткарган Талант мырза аны концерттерге эле эмес, телерадиолорго конокко барса да коштоп барат. Ырчы маек берип, ырдап чыкканча машинесинде күтүп отура берет. Күтүүдөн тажабайт болду бекен деген сурообузга жолдошу: “Азыр жашоо ушунчалык ыңгайлуу эмеспи, менин ишиме керектүү болгон шаймандар – телефон, вай-фай дегендин баары жанымда. Назми чыкканча алар менен иштеримди кыбыратып бүтүрө берем”, - дейт. Айтымына караганда ырчы классташ кыздары менен болгон жолугушууга гана жолдошу менен ээрчишпей жалгыз барат экен.

 

 

Урматын айланчыктаткан Анжелика

Көпчүлүктүн көз алдында чоңойгон Анжелика бала күнүнөн элдин көзүн да, сөзүн да көтөрүп келе жаткан, жаш болсо да жашоого тажрыйбалуу аял. Дайыма изденүүдөн талбаган Анжелика кайда барса жолдошу менен жетелешип жүрөрүн сиз деле байкап жүргөндүрсүз. Кыргыз эстрадасынын мен-мен деген жылдыздары жүргөн жерде сөзсүз Анжелика болот да, Анжеликанын жанында сөзсүз күйөөсү болот. Мындай ээрчишүү сыр сыяктанбаганы менен көпчүлүккө жакшы эле кызыгууну жарата турган көрүнүш. Атактуулукка абдан берилген Анжелика балким ушул жагын эске алып, жолдошунун жанынан калбай жүрүүсүн көпчүлүккө көрүнүүнүн бир ыкмасы кылып алгандыр... Эмнеси болсо да түгөйлөрдүн жетелешкен жүрүшү бузулбай, Анжелика Урматынын урматына арзый берсе болгону.

 

 

Чоң иштерди жолдошу менен гана бөлүшкөн Кенже Дүйшеева

Эки элдин ортосунда тынымсыз каттап үй-бүлөсү менен катар чыгармачылыгын да гүлдөтүп жаткан Кенже Дүйшеева да жолдошуна жарашкан айым. Аны алардын Алматыдан Бишкекке болгон ар бир сапарында ээрчишип бирге келгендеринен байкасак болот. Бирок Кенже айым: “Мен абдан чоң иштерди кыларда гана жездеңердин убактысын алам. Андайда ал да убактысын аябай бардык иштерин токтотуп, мени коштоп жүрөт. Азыр мени ар тараптан колдогон бир гана ушул адам. Андыктан чоң-чоң деген иштеримди жездеңер менен бөлүшпөгөндө ким менен бөлүшөм”, - дейт. Жездебиз ырчыны андай иш-чаралардан тышкары Алматыдагы айрым чакырууларга да коштоп барат экен. Кантсе да Алматы Кенже айым үчүн башка шаар, башка жер эмеспи, андайда коштобосо болобу. Ал эми Бишкекте жездебиз да жалгыз жүрө албашы мүмкүн да...

 

Гүлайым Калыбекова