Перизат РАСУЛБЕК кызы: «Бикини кийилсе, сынакка катышпайт болчумун»

Жыл сайын «Кыргызстан сулуусу» сынагы өткөрүлүп, анда кыргыздын сулуу деген кыздары ат салышып, жеңүүчү кыз «Дүйнө сулуусу» сынагына жолдомо алып келет. Быйыл «Кыргызстан сулуусу – 2016» сынагын жеңип, Вашингтондо өткөрүлүүчү «Дүйнө сулуусу - 2016» сынагына катышуу бактысына ээ болгон сулуу менен маектештик.

Туулган жери: Бишкек шаары

Туулган жылы: 1997-жыл

Билими: Ататүрк – Ала-Тоо университетинин 2-курсунун студенти

Кесиби: юрист

Бою: 172 см

Салмагы: 53 кг

   Параметри: 88-62-91

– Перизат, Кыргызстандын сулуусу болуу кыялың беле?

– Качандыр бир убакта Кыргызстандын сулуусу болуп калам деп ойлогон эмесмин. Чынын айтсам кыялдануу, умтулуу болгон эмес, бул күтүлбөстүк болду. Сынактын жыйынтыгын укканда шок болуп, абдан толкундандым. Мени таажыны кийгизгени чакырып атышты, бирок мен аты-жөнүмдү укканда эле өзүмдү жоготуп, ордумда катып тура бердим. Көрүүчүлөрдүн арасынан апамды карасам ыйлап атыптыр, аны көрүп мен да ыйладым. Ошентип таажыны кийгенге кечигип чыктым.

– Акыркы учурда “сулуулар сынагы” калыстык менен өтпөй, орундар сатылып кетери айтылып жүрөт. Сени өз күчү менен алды десе болобу?

– Ооба, мен да «кыздар орундарды сатып алышат» деген сөздөрдү угуп, башында «эгерде орундар сатыла турган болсо, убактымды коротуп катышпай эле койсомбу» деген ойлор болгон. Ойлонуп отуруп тобокелге салып катышып көрүүнү чечкем. Жыйынтыгында калыс өткөнүнө күбө болдум. Мен сынактан өз күчүм менен өттүм, аны Жараткан, ата-энем, жакындарым билет.

– Буга чейин мындай сынактарга катышып жүрдүң беле?

– Ушул эле «Кыргызстан сулуусу» сынагында 2014-жылы 3-орунга жетишип, 3-вице мисс болгом. Ал учурда болгону 16 жашта элем. Бул курактагы кыз үчүн мындай ийгилик жакшы эле көрүнүш деп ойлойм. Сынактан кийин «бир катышып көрдүм, эми ушуну менен сынакка катышпайм» дегем. Анткени менин максатым сынактарга катышуу эмес, татыктуу билим алуу болчу. Бул жылы курбуларым «Кыргызстан сулуусу - 2016» сынагынын кастингине «катышып көр» деп сунуштап калышты. Быйылкы катышуума ушул нерсе түрткү болду.

– Финалга карата даярдык алдыга умтулууну күчөткөн чыгар?

– Башында отуздан ашык кыз болчубуз. Сынактын жүрүшүндө сөгүнгөн, тамеки чеккен, жүрүш-турушу начар кыздарды күн сайын кетирип жатышты. Ошентип финалга 18 кыз калдык. Даярдык үчүн берилген бир ай ичинде сахнага чыкканды, басканды үйрөндүк, кайрымдуулук күнү деп карылар, жетим балдар үйүнө бардык. Спорттук күндөр да болуп атты. Калыстар тобу биз менен болуп баарын байкап атышты. Керек болсо, тамакка отурган учурубузда столго кандай отурат, тамакты кандай жейт, айланасындагылар менен кандай мамиле курат деп баарын сынашты. Сулуу кыз сырткы келбети менен эле эмес, жүрүш-турушу, кылган иши менен да сулуу болушу керектигин талап кылышты.

– Сынактын жүрүшүндө кандай өзгөчөлүктөргө күбө болдуң?

– «Таланттар сынагы» бөлүгү өзгөчө өттү. Мисалы, бир кыз от менен шоу көрсөтсө, башкасы лезгинка бийин бийлеп, дагы бири гитарада ойноп берди. Мен элдик чыгарманын негизинде таенем жазган «Курманбек» деген патриоттук ырды ырдап чыктым. Ырым баарына жакты.

– Сынак учурунда кыздар арасында көралбастыктар болот дешет, бул нерсени байкадыңбы?

– Албетте, башында бири-бирибиз менен аябай достошконбуз. Бирок сынакка келгенде, ал досуңду тааныбай калат экенсиң. Анткени боёнуп, жүзүндө сүр болуп, өзүн алып жүрүшү да өзгөрүп кетет экен. Эң жөнөкөй упа же ооз боёгуч сурасаң «жок» деп эле калышат экен. Ошондуктан мен жашоомдо бир гана курбум бар, ал апам деген жыйынтыкка келдим. Апам менен кеңешем, ал мени туура сындайт. Эне эч качан баласына жамандык каалабайт да.

– Алдыда сени «Дүйнө сулуусу – 2016» сынагы күтүп жаткан экен…

– Ооба, буюрса, 26-ноябрда Вашингтондо дүйнөнүн ар тарабынан келген 130дай сулуу менен ат салышып, Кыргызстандын намысын коргойм. Учурда кызуу даярдык көрүп жаткан учурубуз. Мени баары колдоп атышат. Жыл сайын «Дүйнө сулуусу» сынагына барган кыздар 16 миң доллар ­взнос төлөшчү экен. Мага аны «Интеральянс.kg» компаниясы төлөп бергени жатат. Аталган компаниянын уюштуруучусу «Кыргызстан сулуусу – 2015» сынагынын жеңүүчүсү Таттыбүбү Самидин кызы.

– Былтыр «Дүйнө сулуусу» сынагына барарда Таттыбүбү демөөрчү издеп абдан кыйналган эле, быйыл өзү сага жардам берип атыптыр да.

– «Дүйнө сулуусу» сынагына бара турган кыз көп нерседен маалыматы жок болгондуктан ага аталган сынакты көрүп, ички иши менен тааныш болгон адамдын кеп-кеңеши керек экен. «Кыргызстан сулуусу – 2014» сынагынан Айкөл Аликжанова жеңген эмеспи, ал Таттыбүбүгө эч нерсе айткан эмес, ал өз күчү менен барган. Ошондон улам патриоттук сезими ойгонгонбу, өзү Орусиянын Екатеринбург шаарында төрөлгөнү менен кыргыз үчүн абдан күйөт экен. Ал Кыргызстан бул жылкы сынакта жогорку көрсөткүчтө болушун каалап, мага жол көрсөтүп, сынактын сырларын үйрөтүп атат. Ал жок болсо мен эмне кылат элем билбейм. Балким «окушум керек» деп сынакка да барбай коймоктурмун. Каржы жагынан болсо ата-энем жардам бергени жатышат. Улуттук кооз көйнөктөрдү дизайнер Мээрим Адылбай кызы даярдоодо.

– Бикини кийүү сен үчүн кандай көрүнүш?

– Кудай жалгап бул сынакта бикини кийүү болгон жок. Эгерде кийилсе, сынакка катышпайт болчумун. Кастингге барганда эле бикини кийүү барбы-жокпу тактап сурагам. Анткени ал нерсе биздин менталитетке туура келбейт, ата-энем да каршы. Бактыга жараша бикини менен чыгуу «Дүйнө сулуусу» сынагында да жок экен. Мен көчөдө ачык кийинип жүргөн кыздарды өзүнө көңүл бурдура албаган жан деп билем. Өзүм тизеден ылдый юбкаларды кием, курсагы көрүнгөн кийим такыр кийбейм. Косметикага да анчалык жакындыгым жок. Болгону бетимди күндөн, шамалдан коргоо үчүн упа, ооз боёгуч жана тушь гана колдоном. Кашымды болсо терип көргөн эмесмин. Мага табигый сулуулук жагат. Сулуу кыздар жабык кийинсе, боёнбосо деле сулуу да.

– Моделдик иш менен алектенесиңби?

– Жок, моделдик кесип мен үчүн эмес. Модель менен мисс эки башка нерсе. Моделдер бирөөнүн кийимин кийип подиумга чыгып ары-бери басып коёт, болду. Модель – кийим илгич десек да болот. Мага бирөөнүн кийимин кийип чыгып көргөзүү жакпайт.

– Клип, кино тасмаларга тартылууга сунуштар барбы?

– Бир нече киного чакырышты, казак бир туугандар да тасмасына чакырышты. Бирок мен баш тарттым. Анткени мен бир жол менен иш алып барганды жактырам, эки ишти аралаштыра албайм. Азыр сынакка даярданып атамбы, анын майын чыгармайынча башка ишке өтпөйм. Сынакка барып келген соң андай сунуштарды четке какпайм. Университет менен үйдүн ортосунда кечке китеп окуп жүрө берип, тажап да кетем. Андыктан ар бир күнүм ар башкача өтүшүн каалайм.

 

Динара ЧОКОЕВА