Алтынбек САПАРАЛИЕВдин жубайы Жамиля апа: “Атам артистке турмушка чыкканыма абдан капа болгон”

Кыргыз эстрадасын баштоочулардын, түптөөчүлөрдүн бири, “Стаканда кантың бар”, “Ой, тобо”, “Жүрөктү жүрөк тандасын” деген эскирбес ырларды эл алдына алып чыккан ырчы Алтынбек Сапаралиев улуу муундун кадырлуу ырчысы. Ырчынын учурдагы жаңылыктары менен катар, өткөн жашоосунун кызыктарын жубайы толкундана эскерип отурду. Эмесе, Жамиля апанын жагымдуу маегине көңүлүңүздү бурабыз.

– Жамиля апа, элине аты гана эмес эмгеги да, кадыры да сиңген атактуу түгөйүңүз учурда эмне менен алек болуп жатат?

– Алтынбек келерки жылы 70 жашка толот. Азыр ал салтанатты кандай кылып белгилесек деп ойлонуп, үй-бүлөбүз менен ошонун тегерегинде сүйлөшүп атабыз. Алтынбек жана анын муунундагы ырчылардын баары акыркы кезде үйдө отуруп калышты да. Эл алдында жүрүп, сахнага чыгып көнгөн адам үчүн мындай абал кыйыныраак экен. Филармониянын учурдагы жетекчиси Кыргызбай Зейнеп Шаакеева, Гүлсүн Мамашева, Алтынбек сыяктуу ырчыларды чакырып концерт уюштуруп жакшы кылып атат. Ушул сыяктуу иш-чараларга катышат. Анан небереси менен алек. Учурда жалгыз уулубуз Канат менен турабыз. Ал кызына атасынын атынан Алтынай деген ысым ыйгарган. Ошол Алтынбекова Алтынай деген таттуу небереси менен эрмектешип, чоң аталык доорун сүрүп жатат.

– Азыркы заманда атактуу жылдыздар менен байланыш түзүү айыл эли үчүн да оңой болуп калды. А сиздердин учурда белгилүүлөр менен кезигүү, байланышуу кандай эле?

– Жеке мени ал кездин атактуу ырчысы Алтынбек менен курбум тааныштырган. Башкалар болсо ашып кетсе үй телефонуна чалып, болбосо кат жазышчу. Мисалы, Алтынбекке күйөрмандары жазган каттар филармониянын дарегине келчү. Ал үйгө кере карыш каттарды көтөрүп келер эле. Экөөбүз отуруп окуй баштаганда он чактысынан кийин эле Алтынбек тажап кетчү. Мен кызыгып бир тобун окуп чыкчумун.

– Кызганыч болбой койбосо керек?

– Чынын айтайын кызганган жокмун, мен ага ишендим. Мына быйыл биздин турмуш арабасын бир тартып келе жатканыбызга 45 жыл болот. Бул арада мен ага абдан ишенип, таянып жашадым. Өмүрүмдө деги эле көп оорудум. Андайда агаңар эркекмин дебей, ырчымын дебей мени жаш баланы карагандай карап, бакты. Алтынбек кирпигимден сылап тургандыктан ушул жашка келип, балдарымдын жакшылыктарына күбө болуп жашап келем. Беш жыл мурун бир таанышыбыз “жашаганыңарга канча жыл болду?” дейт, 40 жыл болгонун айтсак оозу арандай ачылып “а мен эки-үч аял алып ийдим” дап атпайбы. Биз болсо азыр да жаңы табышкан кыз-жигиттей ысык, ынакпыз. Балдарыбыз да “сиздердин сүйүү укмуш” деп күлүп калышат.

– Кыз-жигит деп калдыңыз, ошол кызыктуу кезди эстей кетсеңиз?

– Кепти башынан айтсам, мен балалыгымда ырчы болууну кыялданчумун. Бирок ал кезде артист аттууну эл башкача кабыл алып, ырын жактырып уккан менен алардан болушунча алыс болгонго аракет кылышчу. Андыктан ырчы болом деген тилегимди атам колдогон жок. Мен атамдын эң сүймөнчүк кызы элем, ошого да атам менин өз жолун жолдоп, партияга өтүп кызмат кылышымды каалаган. Ушул талабынан улам атама “окуу жайды аяктаган соң айылга келем” деп убада берип, 5-курска чейин жаныма жигит аттууну жолотпой окудум. 5-курска кирген кезде мага да, Алтынбекке да дос, жолдоштукка бекем бир курбум экөөбүздү тааныштырган. Ал кезде Алтынбектин аты чыгып, жакшы эле белгилүү болуп калган эле. Атама берген убаданы ойлоп андан алыс болгум келген менен сезимдерим ага берилип туруп алды. Чынын айтсам Алтынбекти абдан жактырып калдым. Аныма курбумдун “Алтынбектен ашкан жигит таппайсың” деген шыкагы кошулуп, биз кыз-жигит болуп сүйлөшүп калдык. Ал кезде таксиге түшкөндөр аз эле. Биз болсо таксиге отуруп алып шаар айланчубуз. Бир күнү Алтынбек дагы таксиге отургузганынан дагы шаар айланабыз го десем, ал мени Таласка ала качып кетти. Көрсө, курбум аны да күүлөндүрүп “Жамиляны алып кал, айылга барса келмек беле” деп шаштырып коюптур. Ошентип биздин кыз-жигиттик доорубуз бир гана жылга созулуп калды.

– Артисттерди жаман көргөн атаңыз артист күйөө баласын кандай кабыл алды?

– Алтынбек мени “эртең айылга кетем” деген күнү ала качып кетип атпайбы. А мен андай болорун кайдан билейин, үйгө бара турган күнүмдү айтып телеграмма жиберип койгом да. Жакындарым гүл көтөрүп аэропортко келсе эле мен жокмун. Байкуш атам эл түшүп бүткөн соң самолёттун ичине чейин кирип мени издептир. Ал кезде чөнтөк телефон деген кайдан, санаасы тынбай эртеси эле Фрунзеге учуп келиптир. Ал борбордо мени издеп жүргөн маалда айылга ачуу басар барат. Атам болсо курдаштарымдан артиске күйөөгө кеткенимди угуп абдан капаланыптыр. Кайгырганын ушундан бил, кудалар келгенин укса да үйгө барбай жүрүп алыптыр. Акыры улуу-кичүү менен акылдашып, кудаларын узаткан экен. Антсе да ичинде көпкө чейин капа болуп, “кызым ырчынын чемоданын камдап узатып, кайра чемоданын тосуп алып кирин жууп эле жашап калабы” деп капа болуп жүрдү. Айылдаштарынан да айрымдар “жакшы деген сиздин кызыңыз ушинтип артиске качып кетип атса, биздин кыздар эмне кылбайт” деп намысына тийип коюшкан экен. Бир жолу төркүлөп келгенимде да капаланганында “кечке эле капа боло бергениңиз кандай? Мен турмушка өз каалоом менен кеттим, артисти сүйүп жашап жатам” дедим. Ошондон кийин унчукпай калды. Бара-бара атамдын артист деген жектөөсү жоголуп, Алтынбекти менден да жакшы көрүп калды.

– Ырчынын ата-энеси уулунун кесибин кандай кабыл алышчу экен?

– Кайненем менен кайнатам абдан жакшы адамдар эле. Жакшы жерге бүлө болгонума алиге чейин сыймыктанам. Алар деле илгерки кишилер да, уулунун ырчы болушун каалашпаптыр. Бирок Алтынбектин каалоосу күч болгондуктан атасынан качып келип ырчылыкка тапшырып салыптыр. Убакыт өтүп, айылга барганча атасынын ачуусу тарап калган экен. Ал: “Окууга өттүм”, - десе, “бу сен кандай эле барган жериңдин баарына өтө бересиң, ия?” - деп таңыркай, уулунун тандоосуна макул болуп калыптыр. Кайненем болсо акылман, алтын аял эле. Ал кезде ырчылар квартал сайын гастролго кетишчү. Азыр ойлосом “Алтынбек тигинтип айлап жок болуп кетсе, келиним да жаштык кылып бир жакка басып кетпесин” деп санааркачу окшойт, жарыктык киши. Алтынбек мындай чыкса эле айылдан келип калчу. Уялбай айта алам, жакшы келин болдум. Апамды куурчактай кылып кийинтип койчумун, келгендер “артистин апасы да артис болот турбайбы” деп кийимине, турпатына суктанып кетишчү. Шаарда иш жок дебей кабат үйдө жашасак да бир нерселерди тигип, жаны тынчу эмес. Ал кишиден көп нерсе үйрөндүм. Апам келгенде үйүбүзгө береке толуп калчу. “Келме кезек” деген чын экен, эми өзүм апамдын жашын ээрчип, келиндин колунан чай ичип отурам. Кудайга шүгүр,келиним жакшы чыкты. Ал да өз келининен жакшылык көрсүн деп тилеп отурам.

– Бир эле уулум бар деп айтып өттүңүз...

– Ооба, уулдан бирөө, андан улуу эки кызыбыз бар. Үч балам тең атасын тартып жакшы ырдашат. Кыздарым ырчы болууга кызыктар эле, кезегинде канчалаган адамдар “ырдатабыз” деп сурап да келишти. Бирок атасы “ырчылык кыз балага оор болуп калат. Кыздарым турмушка чыгып бактылары ачылсын” деп каршы болуп, эч уруксат бербей койгон. Кудайга шүгүр азыр кыздарым атасы тилегендей бакытка жетип, жакшы жашап жатышат. Ырдабай калышкандарына капа эмес. Ал эми уулунун ырдап чыгышын абдан каалады эле, балабыз жакшы ырдаганы менен сахнага чыгууга кызыкпай койду.

– Абышкаңыздын 45 жылдан бери сыйлап, баалап келе жаткан кандай асыл сапаты бар?

– Алтынбек абдан жөнөкөй адам. Жаш күнүнөн бери кайда барбасын сыйдын гана үстүндө келе жатат. Ага карабай улууга да, кичүүгө да ийиле билген, тил табышып, сүйлөшүп кеткен карапайым адам.

– Сиз өмүр бою балдар менен үйдө отурдуңузбу?

– Жок, мен биология тармагын аяктаганым менен медицина жаатында бир топ жыл эмгектенип жүрүп пенсиялык эс алууга чыктым. Ырчылык - жетпей калган кыялым болуп калганы менен ага ичимди ачыштырган жокмун. Баарын Алтынбекке ыраа көрүп, баарына Алтынбек эле жетсин деп жашадым. Ойлогонумдай Алтынбек үзүрлүү эмгектенип, ушундай жакшы адам менен өмүр сүрдүм. Ошого ыраазымын.

 

Гүлайым Калыбекова