Сурагым келет

Бул ирет «Сурагым келет» рубрикасы окурмандардан келип түшкөн гинекология жаатындагы көйгөйлүү суроолорго жооп берет. Кызматта акушер-гинеколог, психолог Мадраимова Гүлзина болду.
 

Сизди ойлондурган ден соолукка, юридикалык иштерге, сулуулукка, тиричиликке байланыштуу ар кандай суроолор болсо, 0 (558) 87 11 11 номерине чалып же SMS түрүндө билдирсеңиз болот.

 

Суроо: - Турмушка чыканыма 4 ай болду. Бир ай жашаганыбыздан кийин жолдошум: “Жыныс кының чоң экен. Мурда бирөө менен болгон окшойсуң”, - деп баштады. Анын айынан урушуп, мамилебиз да муздай түштү. Жолдошумдун бул сөзү мени күйгүзүп, ыйлатты. Турмушка чыкканга чейин бир дагы баланын колун кармаган жан эмесмин. Жыныс кыны тубаса чоң болушу мүмүнбү? Кантип тарытса болот? Атайын көнүгүүлөр, элдик ыкмалар же процедуралар барбы? 

Акбермет, Бишкек шаары

 

Жооп: - Жыныс кыны табиятынан чоң болушу мүмкүн. Аны медицинада операция жолу менен кичирейтүүгө болот. Ал операция кольпография деп аталат. Бирок бул ыкманы сизге сунуштабайм. Анткени сиз али төрөй элек экенсиз. Учурда эки процедурадан турган лазердик ыкма менен жыныс кынын кичирейтүүгө болот. Бул кызмат шаарыбыздагы жеке клиникаларда жасалып жатат. Биринчи процедуранын баасы 20 миң, экинчиси жыйынтыктоочу болгондуктан 10 миң сомду түзөт. Сиз лазердик ыкманы же атайын үй шартында каражатсыз өз аракетиңиз менен Кегель көнүгүүсүн жасоо аркылуу жыныс кыныңызды кичирейтсеңиз болот. Булардан тышкары атайын тампон, гель, жыныс кынына чачыратма суюктуктар да бар. Бирок алардан мурун кийинки кеңешти угуп, жасап көрүңүзчү. Сиз турмушка жаңы чыгып төшөк жашоосу сизге жаңылык болуп жатат. Тажрыйбаңыз жок болгондуктан төшөк оюнунда үн чыгарып кумарга батканды билбейсиз. Эркектер аял менен кошулганда айым үн чыгарып эмоциясын билдирсе, өзүнүн жыныс мүчөсү кирип-чыгып жатат деп түшүнүп, ал аялдын жыныс кыны кичинекей деп ойлойт. А сиз унчукпай жата берсеңиз, жолдошуңуз “жыныс кының чоң” деп жаткандыр. Эми кумар оюнунда кыңкыстап үн чыгарып койсоңуз, балким, жолдошуңуздун мамилеси өзгөрүп, ал бул сөздү айтпай калат.  

 

Суроо: - Келинчегим спираль салдыргандан бери спираль биз кошулган сайын менин жыныс мүчөмдү өйкөп жатат. Бирок дайыма эмес, кээде гана өйкөп тие берет. Аял спираль салдырганда ушундай болушу керекпи? 

Нургазы, Нарын облусу

Жооп: - Спираль салгандан кийин оор жумуш кылса, төрөттөн кийин жатындын оозу алсыз, бош болсо, спираль ылдыйлап кетиши мүмкүн. Ошол маалда спиралды алдырып салуу керек. Анткени ал өз кызматын толук аткара албай бойго бүтүп калат.

 

Суроо: - Менде геморрой бар. Кээде аябай оорутат, бирок канабайт. Боюмда болсо геморройдон улам боюмдан түшүп калбайбы деп корком. Учурда эки баланын энесимин.

Наргиза, Сузак району

Жооп: - Геморройдон эч качан бойдон түшпөйт. Болгону кош бойлуу кезде ич катып, андан улам геморрой күчөп кетиши мүмкүн. Ага каршы чычырканактын свечасы бар. Ошону коюп азыртан алдын алышыңыз керек. Эң биринчи ичти катырбоо зарыл. Ал үчүн убакыт-сааты менен тамактаныңыз.

 

Суроо: - Мен 23 жаштамын, 20 жашымда турмушка чыккам. Нике түнүндө кыздык кан көргөн эмеспиз. Бактыма жолдошум аны маселе кылган жок. Бирок мен ал үчүн дайыма өзүмдү жеп, кыжалат боло берчүмүн. Жолдошума чейин эч бир эркекке жакындаган эмесмин. Кийин наристе күттүк. Кызым 7 айлык болуп аз салмакта төрөлдү. Төрөгөндөн жарым жылдан кийин мурда барып жүргөндөн башка гинекологго барып текшерилип калдым. Ал текшерүүсүн баштарда эле: “Нике түнү сенде кан болгон эмес турбайбы”, - деди. Абдан уялып кеттим. Анан "кан болгон" деп калп айтып койдум. Эже ишенбей: “Болгон эмес. Мына, сенин кыздык белгиң ордунда эле аман-эсен турбайбы”, - деп күлдү. Анан ушундай абалдар да боло турганын түшүндүрдү. Бир чети сүйүнсөм, бир чети ишенбей таң калып жүрөм. Ал эже: “Эми 9 ай көтөрүп чоң бала төрөсөң, балким, ошондо айрылат”, - деген. Ушундай болушу мүмкүнбү? Анда эмнеге мурунку көрүнгөн гинекологум мага аны айткан эмес? Же ал кыздык белги кандай болорун билбейби? Так жооп алып, өзүмө ишенген кезде бул тууралуу жолдошума айткым келет.

Нургиза, Ак-Талаа району

Жооп: - Азыр турмушка чыкканга чейин эч бир эркектин колу тийбеген кыздардын 30 пайызында нике түнүндө кан чыкпайт. Бул нормалдуу эле көрүнүш. Ошол себептен турмушка чыга элек кезинде келип “нике түнүндө менден кан чыгабы же чыкпайбы?” деп сурап текшертип алышы керек. Бардык эле гинекологдор кыздык тууралуу айта бербейт. Аны айтуу гинеколог үчүн милдет эмес. Кыздык каны тууралуу жолдошуңуз сөз козгобогондон кийин өзүңүз баштабай эле койгонуңуз дурус.

 

Суроо: - Жашым 31де. Турмушка чыкканыма жети жыл болду. Жети жылда бир да жолу гинекологиялык жактан көйгөй болгон эмес. Бир айдан бери жыныс кыным кычышып, жагымсыз жыт келип жатат. Айылдагы дарыгерге барсам, эрозия деп свеча жазып берди. Ал свечаны колдонгондон кийин кычышканы күчөп эми күнү-түнү кыйнап жатат. Марганцовкалап да жууп көрдүм. Эми эмне кылсам болот? Дарылануу жолдорун айтып бериңизчи.

Айгерим, Ала-Бука району

Жооп: - Марганцовка менен жууганда пайда жок. Ал болгону убактылуу кургактап коёт. Эрозия бар болсо, сизде инфекция бар. Андыктан жолдошуңузду ээрчитип келип чогуу текшерүүдөн өтүп, чогуу дарыланышыңыздар керек. Эрозиядан, молочницадан тышкары гинекологиялык жактан жуккан көп ооруларда кычышуу белгилери бар. Андыктан сизди текшербей туруп бир тараптуу дарылануу ыкмаларын жазып бере албайм.