Нурлан Тилебаевдин ырлары ыйлап, гитарасы жетим калды

 

 

1990-жылдардын популярдуу ырчысы Нурлан Тилебаев төрт жылдан бери гепатит оорусунун В түрү менен алышып, акыркы жарым жылда төшөктө жатып калганын жубайынын бизге берген маегинен окуган элеңиз. Талантка жардам берүү максатында белгилүү адамдар акция да уюштуруп каражат жыйнап беришкен. Бирок асылган оору 17-октябрь күнү ырчыны келбес сапарга алып кетти.

 

 

Нурлан Тилебаевдин иниси Абдиманап: «Аскерден келсем, Нурлан агам жылдыз болуп кетиптир»

– Абдиманап мырза, агаңыздын арты кайырлуу болсун, Нурлан Тилебаев сиздин жалгыз бир тууганыңыз беле?

– Биз башка атадан болгонубуз менен энебиз бир, үч бир тууган элек. Улуу агабыздан мурда эле айрылып экөөбүз эле калганбыз. Эми минтип ажал Нурлан агамды да алып кетип мен жалгыз калдым.

– Агаңыздын акыркы күндөрүндө жанында болдуңузбу?

– Кичүү бала болгондуктан мен ата-энемдин үйүндө калгам. Баткендин Самаркандек айылында турам. Нурлан байкем борбордо жашабадыбы. Жаныма алып келип алайын десем, бизде анын оорусуна кам көрө алчу күчтүү дарыгерлер жок эле. Жеңем эле карап, биз кабар алып турдук. Мынчалык эрте кетип калат деп ойлогон эмеспиз. Акыркы учурда байкемди айылда таза аба, тынч жерде алып жүрөйүн деп ойлогом. Тууган-уругунун жанында болуу да жакшы эмеспи. Алып кетейин деп келсем мени көрүп: «Келдиңби? - деди да,  - мен эс алам», - деп уктады. Ойгонгондон кийин эч нерсе билбей калды. Мени көргөндөн кийин эле эсин жоготконунан улам мени күтүп аткан окшойт деп ойлоп калдым. Эртеси жеңем, жеңемдин эжеси болуп Баткенге алып жөнөдүк. 17-октябрда таңкы саат 06:06да Өзгөн районуна жеткенде жолдо каза болуп калды.

– Өзү өмүрүнүн аз экенин сезди беле?

– Жок, өлүм тууралуу сүйлөчү эмес, өмүрүнүн акырына чейин «жакшы болом» деп жүрүп өтүп кетти. Анан да «айыгып, ырдайм» дечү. Быйыл 50 жашка чыккан. Артында үч кызы калды, мурунку никесинен бир, Уулжан жеңемден эки кызы бар. Улуу кызы бойго жетип, жогорку окуу жайда окуйт, кийинкилери кичинекей.

– Ортоңуздарда канча айырма бар, чогуу чоңойдуңуздар да ээ?

– Нурлан байкем менден 5 жаш улуу болчу. Мени жетелеп жүрүп чоңойткон. Агам бала кезинде шок болчу. Көз алдыма биздин чүкө ойноп жүргөн күндөрүбүз көп тартылат. Чынын айтсам, бала чакта ырдаганын деле укпаптырмын. Аскерден келсем, Нурлан агам жылдыз болуп кетиптир. Анын антип ырчы болуп Кыргызстанга таанылып кетери такыр ойго келген эмес да, мен үчүн күтүлбөстүк болгон. Агам абдан жөнөкөй, өзүн көтөрбөгөн, кең пейил адам болчу, атактуулук аны өзгөртө алган жок, өмүрүнүн акырына чейин бир калыпта жүрдү. Аны менен абдан сыймыктанчумун. Өзү да мага бир тууган катары абдан күйүмдүү, мээримдүү болчу. Азыркыга чейин Бишкекке жолго чыкканда мен жеткенче тынбай чалып сурап турар эле. Чоңойсом деле кичинекей бөбөгү катары көрчү.

– Ата-энеңиздер кандай адамдар болушкан?

– Жогоруда айтканымдай, биз энелешпиз. Апабыз жакшы ырдачу, кесиби мугалим эле. Баткен райондук маданият үйүнүн жетекчиси болчу. Андан сырткары айылдык кеңеште катчы болуп иштеген. Нурлан агамдын ырдаганын угуп, ооруганын да көрүп калды. Эне үчүн баланын ооруганы оор эмеспи, апам Нурлан агама көп сарсанаа болду. Агам жаңы ооруган жылдары, тактап айтканда, мындан төрт жыл мурун жүрөк оорудан улам каза болуп калган.

 

Айбек Мусаев: «Достугубуз менен кесиптештик мамилебизди аралаштырган жок»

– Нурлан экөөбүз 12 жыл чогуу иштедик. Ал абдан жүрөгү таза, ак көңүл, боорукер, ачык, тамашакөй адам эле. Нурландын ырчылыктан мурунку кесиби үн режиссёру эле, менин биринчи үн режиссёрум болгон. Биз теңтуш катары да чогуу жүрдүк, анын гитара менен ырдаганын угуп таң атканча отурчубуз. Мен башында көргөндө кандай адам болсо, өмүрүнүн акырына чейин ошол калыбынан жазган жок. Каза болорунан бир-эки ай мурун катуу ооруп жаткан учурунда жумушка келип: «Айбек, мен эс алуу өргүүсүнө чыгууга арыз жазып коёюн дедим эле», - дейт. «Нурлан, өзүң ооруп атып эмнеге келдиң, үйүңдөн эле жазып берип жибербейт белең?» - десем, «сен жетекчисиң да, достук башка, жумуш башка», - дейт. Экөөбүз канча жылдан бери чогуу жүрсөк да достуктун, жумуштун мамилеси өзүнчө болду, бул анын жумушуна болгон жоопкерчилигин, тактыгын билдирет.

 

Майрамбек Осмонов: «Нурлан чыгармачылыгына да, ден соолугуна да жакшы көңүл бурбай койду»

– Эгер чыгармачылык алыска жөнөгөн бир автобус болсо, биз ошол автобуска бир аялдамадан түшкөнбүз. Студент кезде Таалай Бектурганов, Нурлан үчөөбүз чогулуп алып нан заводунун, кыз-келиндер институтунун айланасында ырдап жүрө берчүбүз. Бизди терезеден башын чыгарып карап коюшса жетине албай калчу элек. Кийин турмуш кургандан кийин көр оокат бизди бөлдү. Нурлан адамгерчилиги бийик, бирөөгө такыр зыян кылбаган, пайда да кылбаган, өз жашоосуна тың жигит эле. Тилекке каршы, адам баласы бактылуу күндөрүбүздү учурунда сезбей, бактысыз болгондо гана эстейт экенбиз да. Баары Кудайдын колунда, бирок аракет жасап, дуба кылып кыйшык тагдырды оңдоп коюу мүмкүнчүлүгү бар да. Тилекке каршы, Нурлан дин жолуна түшүп дуба кылбай койду, ал тууралуу көп эле жолу эскерткенбиз. Өкүнгөнүм - артында туяк болчу эркек баласы калган жок. Чыгармачылыгына да, ден соолугуна да жакшы көңүл бурбай койду. Келинчегине абдан ыраазымын, Нурландын өмүрүнүн акырына чейин жакшы карады, таштаган жок. Менин аялым андай кыйынчылыкта 5-6 гезитке жазып, мени таштап кетмек.

 

Аида Шекенова: «Жаңы жумушка келгендерге көп жардам берчү»

– ЭлТР каналынын маданият бөлүмүндө чогуу иштедик. Ал өзгөчө жаңы жумушка келгендерге көп жардам берчү. ЭлТРдин ичи менен тааныштыргандан тартып эфирге кандай олтурса жакшы көрүнөрүнөн бери айтып, кеңешин аячу эмес. Абдан тамашакөй адам эле, бизге жумушка жаңы келген кыздарга: «Идиш-аяктарды жуугула, эң биринчи ушул сынактан өтөсүңөр, мындан өтпөсөңөр, өтпөйсүңөр», - деп калчу. Кийин жаңы кыздар келсе эле «азыр Нурлан байке идиш жуудурат» деп тамашалап калчубуз. 2011-12-жылдары Меккеге барбадыбы. Ошондо унутуп калбайын, барып баарыңарга дуба кылайын деп аты-жөнүбүздү тизмелеп алып кеткен. Адамдарга жакшылык гана кылайын деген адам эле.

 

Тотомидин Жолдошев: «Таалай Бектургановду сахнага алып чыккан ушул адам болгон экен»

– 1994-жылы Чаткал районуна Таалай Бектурганов, Нурлан байкелер концерт коюп барышкан. Ошол кезде мен 10-класста окуган бала элем, биринчи жолу Нурлан байке менен таанышып, алар менен бир жума чогуу жүрдүм. Кийин 1997-жылы Бишкекке келип «Таалай элеси» тобун түзгөнүбүздө бизге абдан көп жардам берген. Теледе иштегендиктен эфирге чыгарчу дегендей. Эмнеге ырдабай калганын сурасам, «ден соолугума байланыштуу ырдабай калдым, мага гастролго чыкканга болбойт», - деп айткан. Мага гитара чертүү боюнча сабак берди. Таалай Бектургановду да сахнага биринчи алып чыккан ушул адам болгон экен.

 

Динара ЧОКОЕВА